Нариман Маанаев, ырчы Джоннинин бир тууганы: “ЖИНИМ КЕЛИП ГИТАРАСЫН ТАЛКАЛАП САЛГАМ”

“Күттүм, ай” деген ыры менен элге таанылган ырчы Джоннинин бир тууган агасы Нариман Маанаевди маекке чакырдык. Аны менен ашпозчулук кесиби, бир туугандык мамилелер тууралуу баарлаштык. “Джоннини башынан эле ырчы болот дечүбүз. Анткени кичине кезинен эле Сыймык Бейшекеевдин ырларын жакшы ырдачу”,- дейт ал.

“Джонни Сыймык Бейшекеевдей ырчы болом дечү”

– Джонни уулдардын кенжеси, экөөбүздүн ортобузда 3 жаш айырма бар. Баарыбыз удаа чоңойдук, бир мектепте окудук. Джонни жакшы окучу, кичинесинен эле ырга жакын, мектепте иш-чараларга активдүү катышчу. Концерттерге чогуу катышып калдык. Мен да ырдачумун, КВНге катышып жүрдүм, Нарындагы алдынкы командалардан болчубуз. Кийин КВНди таштап салдым да. Джонни комуз ийримине барчу, башынан эле ырчы болот дечүбүз. Анткени кичине кезинен эле Сыймык Бейшекеевдин ырларын жакшы ырдачу. “Сыймык Бейшекеевдей ырчы болом” деп эле жүрчү. Ал учурда Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиевди кумир тутчубуз да.

9-классты бүткөндө Бишкекке келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Ал жакты бүтүп кафелерде ырдап жүрдү. Анан дос балдары менен чогуу 2-3 жылдай Сахалинде иштеп келди. Келгенден кийин “Күттүм, айды” чыгарып, ошону менен таанымал болуп кетти. Ошол жактан даярдап жүрүптүр, бизге “ушундай ыр даярдап жатам” деп гитара менен ырдап бергенде биз анча маани деле бербей угуп койгонбуз.

“Ысымым Нариман Түлеевге байланыштуу”

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Эжем жана байкем, менден кийин эки иним, карындашым бар. Нарын шаарында чоңойдук. 9-классты бүткөндөн кийин кесиптик лицейге ашпозчулук кесипке тапшыргам. Ал жакта 3 жыл окугандан кийин Кытайдын Гуанчжоу шаарына тажрыйба топтоого барып келгенбиз. Ал жактан келгенден кийин ар кайсы кафенин эшигин каккылап жүрдүк. Башында тажрыйба жок болчу да. Кийин Казакстанга кетип, ал жакта 2 жылдай иштедим. 6-7 жылдай Орусияда, 1 жыл Түркияда да иштеп келдим. Бишкекке келгенден кийин “конок тосушуп кой” деп туугандар чакырат, бекер эле жардам берип жүрө берчүбүз. Ал кезде үйгө чакыруу менен барып кызмат көрсөткөн ашпозчулар дээрлик жок болчу. Бир күнү досума “буюртма алып иштебейлиби” деп сунуштадым. Ошентип гезит-телеге жарнама берип, ишибизди жолго салдык. Паспорт боюнча атым Нарынбек. Саясатчы Нариман Түлеевдин кафесинде иштеп, анын үйүндө конок тосушуп жүрдүм. Ошондон улам дос балдар “Нариман” деп чакырып жүрүп эле Нариман атыгып кеттим. Нарынбек деген атым азыр өзүмө өөн угулат.

“Тамекки чеккени үчүн сабагам”

– Джоннинин атын жаны бек болсун деген тилек менен Жаныбек деп чоң атам коюптур. Биз Жаныбек эле дечүбүз. Достору Джонни деп жүрүп эле ушул ат менен калкка таанылып калды. Биз деле Джонни деп калдык, апам эле Жаку дейт. Кичинекей кезинде “жампушка” деп койчубуз. Абдан токтоо, жоош болчу. Көпчүлүк учурда гитара чертип эле дос баласы менен үйдүн алдында отура берчү. Бир күнү кирсем бөлмө тамеки жыттанат. “Эмне тамеки чегип жатасыңарбы?” десем, “жок, жок” деди. “Кана, үйлөчү” дедим. Чын эле чегип алыптыр, ошол жерден “эмне тамеки чегип жатасың, ырчы болом деп коёт, тамеки чегип жатсаң кайдан ырчы болосуң” деп уруп, гитарасын сындырып салгам. “Досум чегип көрбөйсүңбү дегенинен чегип көргөм, атам-апама айтпаңыз, болду, экинчи чекпейм” деп суранган. 4-5 айдан кийин кайра жаңы гитара сатып бергем.

“Жалкоо болчу, ишке жумшасаң эле башы ооруп калчу”

– Агам чоң атамдын колунда өскөн. Эжем кеткенден кийин үйдөгү жумуштун баары менин моюнума түштү. Жаныбек жалкоо болчу, бир ишке жумшасаң эле “ий, башым, ий жүрөгүм ооруп жатат” деп эле жата калчу. Апам жумушуна байланыштуу иш сапарга кеткенде ыраматылык атам жаныма отуруп алып баарын үйрөтчү. Нан бышырып, тамак жасап ошол кезде эле ашканага жакын болчумун. Ата-энем ун чыгарган жерде иштешчү. Экөө тең ырга жакын болчу. Шеринелерде, тойлордо, Нарындын драма театрында уюшулган концерттерде көп ырдап калышты. Негизи үй-бүлөбүз менен эле ыр жандуубуз. Бирок Джонни эле ырчылыкты кесип катары аркалады.

“Кетмен менен башка чаап алган”

– Бала кезде бөтөлкө, темир, алюминий чогултуп сатып калдык. Кошуна балдар чогулуп алып эле темир издеп журчүбүз. Ал кезде балалык башкача өткөн да, кеч киргенде тамак иче салып эле ээрчишип кечки оюнга жөнөчүбүз. Ызы-чуу болуп эле көчөдө ойноп жатчубуз.

Бир жолу үйдөгүлөр бир жакка кетип, үйдө мен, Нурланбек, Жаныбек үчөөбүз калдык. Апам тамак жасап кетсе деле, үчөөбүз “келгиле, тамак жасап жейбиз” деп баштадык. Китлап жаңы чыгып жаткан кез болчу. Пиязды кууруп, казанга суу куюп жарым куту китлапты салып салганбыз. Ал казанга толуп, катуу, нык болуп калыптыр. Жей алсакчы, ит да жебей койгон, казаны менен алыс алып барып төгүп келгенбиз.

Сүт, айран алып келгени Ат-Башыга чоң атамдыкына барчубуз. Бир жолу картошка казышып жатканбыз. Джонни картошка терип жаткан, топурактын астында калып бараткан картошканы ала калайын деп эңкейгенде иним кетмен менен аны башка чаап алган. “Тез жардам” келип ооруканага алып кеткени эсимде.

“Баарыбыз менен жакын мамиледе”

– Джонни баарыбызга бирдей мамиле кылат. Керек учурда биз менен кеңешип, бизге да кеңешин берип, айтор, баарыбыз менен жакшы мамиледе. Үйлөн деп жүрүп 30 жашка чыкканда араң үйлөндүрдүк. Эми апам “качан неберелүү кыласыңар” деп күтүп жүрөт. Азыр чыгармачылыктан бир аз алыстап, D Billions`тун иштери менен алектенип жатат. Чыгармачылыгың эмне болуп жатат деп сурап калсак, “буюрса, ырлар жазылып жатат” деп коёт. Учурда үйгө студия ачып жатат, ошол жактан ыр, обон жазып чыгармачылык менен алектенет көрүнөт.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан