Алтынбек Казакбаев, актёр, вайнер: «8-КЛАССТАН БАШТАП БАЗАРДА ИШТЕДИМ»

Бул жигиттин өжөрлүгү, мээнеткечтиги укмуш экен деп калдым маектешкен соң. Окуучу кезинен эле бир топ тармакты бир сүзүп көрүүдөн жалтанбаптыр. Азыркы тапта ити чөп жеп турган актёр, режиссёр, вайнер, спортчу – Алтынбек Казакбаев.

– Алтынбек, маекке чакырсак бошобой жаттыңыз, эмне иштер менен алексиз?

– Учурда жаңы сценарий жазып, жаңы кинонун монтаж иштерин жасап жатабыз. “Талаш” деген кинокомедия тарттык, буюрса, 9-февралдан тарта кинотеатрларда коюла баштайт. Ушул тасманын иштеринен бошой албай жаттым, кечирим сурайм.

– “Супер-Инфого” биринчи жолу маек беришиңиз экен. Анда Алтынбек Казакбаевди окурмандарга тааныштыралы.

– Мен 1995-жылы, 4-мартта Бишкек шаарында төрөлгөм. 1 жашка чейин ата-энемдин колунда болуп, андан кийин Ысык-Көлдүн Кызыл-Суу деген айылында таята-таенемдин колунда чоңойдум. Ошол бойдон Бишкекке 1-класска барарда келдим. 7-класска чейин каникул болору менен таята-таенемди сагынып айылга Кызыл-Сууга, Маманга кетип калчумун, Бишкек анча жакчу эмес.

7-класс болчубуз, бир классташым сабакка күн сайын түрлөп кийинип келет. Аны көрүп апама “мага деле кийим алып бергилечи” десем, апам “ата-энеси каякта иштейт экен?” деди. Классташымдан сурасам, “өзүм иштеп тапкам” деп жатпайбы. Көрсө, “Дыйкан” базарында жайкы каникулда жүк ташыгыч болуп, дарбыз сатып иштечү экен. Анан 8-класстан баштап мен да ага кошулуп жүк ташыгыч болуп, дарбыз сатып, араба түртүп иштеп жүрдүм. Кийин деле көп жерде иштедим. Учурда Алтынбек Казакбаев актёр, режиссёр, вайнер, спортчу, блогер.

– Элге таанылыш, катардан суурулуп чыгыш кыйын болдубу?

– Мектепте КВН уюштуруп, коомдук иштерге активдүү катышчумун. Алгачкы жолу КВНге №68 мектептеги досторум менен бирге “Алтын сегиз” деген командада чыктым. Мен №57 мектепте окугам. Ошентип мектептик лигада “Алтын сегиз” чемпион болду. Студенттик лигада да мектеп курагында чемпион аталдык. Анан жогорку лигага өтөрдө тиги достор мектепти бүтүп кетишип, командабыз чачырап кетти. Андан кийин Актан байке (ред.: Рыскелдиев) аркылуу “Тамашоудогу” “Позитифф” командасына киргем. “Позитифф” менен финалга чейин жетип, 2-орунду алып калдык. Ал жылы “No name” командасы чемпион болгон. Андан кийин “Позитифф” командасы да тарай турган болуп калды. Шумкар (ред.: Бейшеналиев) экөөбүз ал командадан кетип, “Кыргыз дворго” кирип, кайра бат эле “Тамашоудон” кетүүгө мажбур болдук.

Андан кийин “Кудайберген” базарында унаа тетиктерин сатып иштедим. Ошол күндөрдө “Тамашоудогу” агабыз Кубаныч Курманбеков жолугуп калып, тойдо иштөөгө чакырды, бул 2014-2015-жылдар эле. Алар жаңыдан той алпара баштаган кези, мен алардын менеджери катары иштештим. Андан кийин "Ак-Өргө" ситиге" кошулдум, анан Эмил (ред.: Эсеналиев) байкенин менеджери болуп калдым, менеджер болгондон кийин жакын ага-иниге айландык. Анан “Бир мүшөк акча” тасмасы тартылды.

Ортодо кино тартылбай калып каржы жагынан кыйнала баштаганда Орусиянын Камчаткасына иштегени кеттим. Ал жакта бир жарым айдын ичинде эле сатуучу, айдоочу, официант, андан сырткары ар кандай кара жумуштарда иштеп жетиштим. Ошол убакта Куба байке менен Рүстөм байке кино тартабыз деп чакырып калып, кайра Кыргызстанга келдим. Ошондо “Понт” деген киного тартылгам, анда башкы ролдордун бирин ойнодум. Бул тасманы тартуу учурунда Шума экөөбүз актёр да, техник да, администратор да болдук. Шума экөөбүз трюктарды каскадёрлору жок эле өзүбүз аткардык. Ошол учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссура-кино тармагында окуп жүрдүм. Университетти аяктагандан кийин “кой, чыгармачылык меники эмес окшойт, органга барайын” деп, атамдын сөзүн эки кылбай аскердик кызмат өтөөгө кетип калдым. "Скорпион" атайын багыттагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөдүм. Негизи органда иштөө менин кичинекей кезимдеги кыялым болчу. Бир жыл аскерде кызмат өтөөдө жүрүп жашоомду талдаганга убакыт кеңири болду. Ойлонуп, өз кесибим менен эле иштөөнү чечтим. Ошентип кайра Эмил байкелер менен иштешип калдым. 2020-жылы “Супер кудалар-1”, “Алтын бала” тасмаларын, “Шерине” деген сериалды, “Таксист Кайратты”, “Супер кудалар-2-3тү” тарттык. Бул арада үйлөнүп-жайландым.

– Эмил Эсеналиевге күйөө бала болдуңуз?..

– Ооба, Эмил Эсеналиевдин күйөө баласы, Эрмек Таалайбековдун өкүл баласымын. Үйлөнгөнүмө 3 жыл болду. Жубайымдын аты Акылай Жумабекова, учурда 1 жашар уулубуз бар.

– Эми аскердеги күндөрүңүздү эске салып көрөлү...

– Аскерге барганда мончого кирип чыккандан кийин эле “келбей эле койсом болмок, неге келип алдым бул жакка?” деген ойлор келди. Ошентип ыйлагым келип турганда бир сержант келип, “ээ, Казакбаев, кайдан? Кел экөөбүз сүрөткө түшүп коёлу” дегенде жиним келген. Анысы мага керсейип сүйлөгөндөй туюлган. Көрсө, ал керсейбей эле, жакшы ойдо айткан экен. Аны мен биз кызмат өтөп бүтүрүп “сынок-призывдар” келгенде анан түшүнүп жатпаймынбы.

Аскердеги күндөр өзүнчө кызык. 6 айдан кийин эч кимге билгизбей аскердеги жашоо тууралуу видео тартып баштагам. Ал видео үчүн аскерде канча жолу даараткана жууп, ашканада 24 саат бою тикемен-тике "нарядда" турдум (күлүп)... Бирок мындан мен мотивация алчумун, “кийин мен мындай иштерде иштебешим керек” деп аракет кылчумун.

– Ошондо “болду, эми актёрлук, режиссёрлук менен гана кетем” деп толук чечтиңизби?

– Чечим эми, адамдын ою ар кандай болуп өзгөрүп турат экен да. Жумушуң кичине артка кете баштаса эле ар кайсы нерсени ойлоно баштайсың. Кээде “АКШга кетип калсамбы, барып трак айдасамбы” деп да жиберем. Негизи трак айдаш деле оңой иш эмес. Ал жакка бара калсаң эле жыргап кетчүдөй болуп азыр баары Америкага жулунуп жатпайбы, ошол акчаны бул жактан деле тапса болот. Болгону адам издениш керек, бир жерде туруп калган болбойт. Биз да дайыма изденип турабыз.

– Маегиңизге рахмат!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан