B ТОБУНДАГЫ ВИТАМИНДЕР

Кандын кызыл денечелеринин иштелип чыгышы үчүн В тобундагы витаминдер негизги ролду ойнойт. Мындай маанилүү кызматты аткарган витаминдер жетишсиз болсо авитаминоз, анемия жаралат. Бул витаминдер организмге дагы кандай таасир этет?

Алкоголдук ичимдик кошулса пайдалуулугун жоготот

Витаминдин өзү адамга энергия бербейт. Алар зат алмашуу процессине катышып, чоң системдин бир бөлүгү катары функция аткарат. Алардын ичинен В тобундагы витаминдер эң маанилүү деп саналган 13 витаминдин ичине кирет. В тобундагы 8 витаминдин ар биринин өзүнө тиешелүү түсү, касиети, кызматы бар, ошентсе да бири-бири менен тыгыз байланышта болуп жалпы кызматты да аркалашат. Алар сууда эрийт, организмге жеңил сиңет да, майда эричү витаминдерге (А, Е, D, К) караганда организмден бат чыгат. Кээ бири май жана глюкозаны күйгүзүү менен энергия бөлүп чыгарууга катышса, кээси бакыт гормону серотонинди иштеп чыгарууга катышат. Бул витаминдер жогорку температурага, күндүн түз тийген нуруна чыдабайт, ошондой эле алкоголдук ичимдик кошулуп кетсе пайдалуулугун жоготот.

В тобундагы витаминдер көп азыктар

Сүт азыктарында, жумуртка, боордо, тоок этинде, дан азыктарында, сулу, гречка акшагында, буурчактарда, капустанын түрлөрүндө, шпинатта, банан, авокадо, инжир, жаңгактарда, ачыткыда көп кездешет. В тобундагы витаминдер организмде көпкө сакталбайт, ошондуктан анын запасын күнүгө толуктап туруу кажет.

Стресске туруктуулук жогору болот

В тобундагы витаминдер нерв жана жүрөк-кан тамыр системинин, мээнин жакшы иштешине таасир этет. Адамдын маанайын көтөрүп, санааркоо, депрессиянын алдын алып, эс-тутумдун жакшырышына көмөктөшөт. Азыркы замандагы жашоо образ, өнөкөт чарчоо, маалыматтын көптүгү, ойдун бир нечеге чачырашы, буга кошумча тамактануунун сапатсыздыгы адамды ачууланып жүрүүгө, стресс, депрессияга түртөт. Иликтөөлөргө ылайык, эгерде адамда В тобундагы витаминдер жетиштүү болсо стресске туруктуулук жогору болору аныкталган.

В12 – кандын кызыл денечелерин иштеп чыгууга катышып, мээнин калыптагыдай иштешине таасир эте алат.

В1 – глюкозаны энергияга айлантууга катышып, нерв системин жакшыртат, иммундук системди коргоодо көмөкчү. Жаңы клеткалардын пайда болушуна өбөлгө болот.

В2 – организмдеги зат алмашуу процессин жакшыртууга көмөктөшөт, көрүүнү жакшыртууга таасир этет.

В3, В7 – тамак сиңирүү жана нерв системинин иштешине, түйүлдүктүн туура өсүшүнө, кандагы канттын деңгээлин бир калыпта кармоого таасир этет, энергия берип, депрессиянын алдын алат.

В5 – кандын кызыл денечелеринин иштелип чыгышын шарттап, теринин, чачтын, тырмактын абалын жакшыртууга катышат.

В6 –организмдеги зат алмашуу процессин, табитти жакшыртып, серотонин, мелатонин гормондорунун иштелип чыгышына катышат, уйкуну калыбына келтирет.

В9 – кандын кызыл денечелеринин иштелип чыгышын, ДНКнын жана клеткалардын синтезделип чыгышын шарттайт, ошондуктан кош бойлуу учурда эң пайдалуу, борбордук нерв системинин иштешин, эс-тутумду жакшыртат.

В12 – кандын кызыл денечелерин иштеп чыгууга катышып, мээнин калыптагыдай иштешине таасир эте алат.

Эс-тутум, тамак сиңирүү начарлайт

В тобундагы витаминдер жетишсиз болсо:

– Анемия

– Табиттин жоктугу

– Чач түшүү

– Депрессия, өнөкөт чарчоо

– Эс-тутумдун, тамак сиңирүүнүн начарлашы

– Баш оору, колдун титиреши сыяктуу белгилер байкалат.

В тобундагы витаминдер таблетка же витамин укол түрүндө да берилет, бул оперциядан кийин, сыныкка учураганда, витаминдин жетишсиздигинен өнөкөт чарчоого кабылса же жаш өтүп калган сыяктуу учурларда дарыгер жазат. Башка убактарда витаминди азыктардан алуу сунушталат.

Косметологияда

Эгер организмде В витаминдери жетишсиз болсо тери сезимтал болуп, безеткилер чыгып, түлөйт, чачтын өсүүсү жайлап, жукарып, ачакей болот, тырмак сынат. В витаминдери чач, тери, тырмактын саламаттыгын сактоочу каражаттарда көп кездешет. Бирок косметологдор ичтен витаминди толуктоо алгачкы кадам экенин белгилешет. Косметикалык каражаттардын курамында В тобундагы витаминдер камтылса ал териге жеңил сиңип, эпидермистеги процесстерди жакшыртууга өбөлгө болот, күн нурунун таасиринен сактап, жакшы нымдаштырат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан