КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Өзгөчө эле... Баары өз-өзүнчө өзгөчө жинди.

– Күндө бир эле кишинин барагын чукула.

– Калгандарычы? Кыжалат болом да.

– Бул кыжалат эмес, бул үмүт. Ушул жинди оңолуп кетти бекен деген сокур үмүт...

– Муну караңыз эми, «Беш мүнөттө төктүм. Төкмө болсом болобу? Болот десеңер улантайын...

Шамал согот шуулдап,

Күндөр өтөт зуулдап,

Тиктеп турам тоолорду,

Кулак-мээм чуулдап.

Дарактарга үй куруп,

Чымчыктары чурулдап,

Бирок мени тоготпой,

Дүйнө турат дуулдап.

Мени сүйгөн бир кыздын

Ырдаганы угулбайт.

Амансыңбы, сүйгөнүм?»- деп пост ыр жазыптыр Сактан.

– Сактандын башка ырлары ушул ырынан айырмаланчу беле деги?

– Билбейм, бирок эл ызылдап жатат тим эле.

– Көрүп келдим. Тантыктын баары ошол жерде жүрөт. Мына эми өзүнө ылайык адамдар Сактанга суктана баштады.

– Бирөө жазып жатат, жыргап күлдүм деп. Мунун неси күлкүлүү?

– Фейсбук өзү бекер эле чыкты. Ушул чыкпаса көп адамдын жинди экени байкалмак эмес, бактылуу жашай бермекпиз да.

– Айтпаңыз... Ыйлачу нерселерге күлүп, күлчү нерселерге ыйлап, баарыбыз эле айнып калдык.

– Акын жасалма сүйлөп, жалган айткан жерде абийир кетет окшойт. Азыркы акындардын 90 пайызы жалганчыбыз да...

ххх

– Эже, алыстык, алыста экенибиз ушинтип жамандык-жакшылыкта бир билинет экен да. Атаңыз менен коштошо албай, акыркы сөзүн уга албай калдыңыз. Сизге ар күнү кат баштайм. Бирок ар күнү кантип көңүл айтып, кантип кайрат береримди билбей отуруп, кат жазуудан баш тартып жүрдүм. Бул сиздердин үй-бүлөгө келген чоң кайгы, орду толгус жоготуу. Аны менин эки ооз сөзүм жеңилдетпейт, азайтпайт. Эмне деп жазсам деле жарашпайт. Атаңыздын арты кайрылуу болсун! Ушул сөздү айтуунун өзү оор болду. Жөн эле сизге кайдыгер адам болсом бир жөн, ал кишини канчалык жакшы көрөрүңүздү билчүмүн. Күйүп жаткан адамды күйбө деш агып жаткан сууну акпа деген менен эле барабар. Адамды сооротуш кыйын... Бир билгеним, биздин жашообуздан кеткен адамдар бизге жакшылык гана кааласа керек. Бизди жакшы көрсө керек. А жакшы көргөнү чын болсо, биз ал сүйүнгүдөй, сыймыктангыдай, зоболосу көтөрүлгүдөй жашоого милдеттүү болсок керек. Мен көп деле нерсе билбейм, эже. Тиги дүйнө барбы-жокпу, аны деле билбейм. Бирок бар экени чын болсо, анда атаңыз сиз туш болгон ар бир сыноого кошо кабатырланып, сиздин ар бир ийгилигиңизге кубанып жаныңызда эле жүрөт деп жаман акылымда ойлойм. Андыктан сиз акырындап өткөндү өткөн күн менен өз жолунда коё берип, ал ыраазы болгудай жашап өтүшүңүз керек окшойт. Айтканга оңой болгону менен, ошол деле кичине милдет эмес. Сиз өз жолуңузда бактылуу болсоңуз, көксөгөнүңүзгө жетип, жер көрүп, эл таанысаңыз, кыскасы, өз өмүрүңүздү болуп-толуп, төгүлбөй-чачылбай мелт-калт жашап өтсөңүз, Атаңыздын арбагын ыраазы кылганыңыз ошол деп ойлойм. Сизди ойлоп отуруп, сиздей болуп, мендей болуп ушул шаарда иштеп-жашап жүргөн бүтүн мекендештерибиздин тагдырын ойлоп кеттим. Бүгүн кыргыздын ар бир үйүндө экиден-үчтөн киши сыртта жүрөт. Биринин апасы, биринин баласы, биринин атасы... Алыста иштеп-жашап жүрүп, бир тууган бир туугандын, бала ата-эненин, ата-эне балдардын жакшылык-жамандыгына күбө боло албай калган учурлар көп болду. Көп көрдүк. Канчалаган балдар ата-энеси алыста кезде мектеп босогосун аттады. Канча ата-эне балдарынын балалыгын көрбөй калды... Канча бала ата-энесине топурак сала албай калды. Санай берсем көптүр. Мындай нерселер болсо бир согуш мезгилинде эле болгондур. Сиздин үйгө, сиздин башыңызга келген ушул кайгы бүт кыргыздын башына таандык кайгы, эже... Сыртта жүргөн мигранттардын акча, жумуш, документке окшогон жеңил-желпи адамдын колунан келген көйгөйлөрү чечилет экен, бирок Кудайдын колундагы көйгөйдү ким чечет? Кантип чечебиз? Көп нерсе ойго келип кетти. Эгерде сизди сооротпой эле, кайра жараатыңызды козгоп алган болсом, кечирим сурайм. Аман болуңуз, атаңыздын калган өмүр-жашын сизге, сиздин бир туугандарыңызга берсин!

– Мен «күйүт, күйөт» деген сөздү эми түшүндүм окшойт. Ичим кадимкидей эле күйүп жатат. Муздак суу ичсем да басылбас болду. Угуп жаткан сөздөрдүн баары менин үстүмдөн басып калгансыйт, айта турган сөзүмдүн баары кекиртегиме кептелет. Салтты бузбай сага тез-тез кат жазайын дейм, сага жооп берейин дейм, бирок эмнени айтам?!

Мен жакшымын... Болгону атам жок экенине, атамдын өтүп кеткенине көнө элекмин. Атамды өлбөчүдөй, өлсө да шашпай, карып-арып өлчүдөй көрүп жүргөн экенмин. Үйгө тез-тез барбаганыма, тез-тез чалып, тез-тез сүйлөшпөгөнүмө, сүйлөшсөм деле өзүм азыраак сүйлөп, көбүрөөк атамды укпаганыма өкүнүп атам. Атамдан, бүлөмдөн алыс жашаганыма өкүнүп жатам. Алыста жүрүп атасынан айрылган дүйнөдөгү бала аттуунун баары эле мендей ойлонуп, мендей эле сынып, мендей эле өксүсө керек. Бирок ушул күндү, ушул тагдырды мен эле көргөнсүп, жүрөгүм эле аңгырайт, жүрөгүм эле аңгырайт. Эми жүрөгүм толбойт окшойт...

Атамдын жакындарынан төрт киши алыста элек. Атамдын иниси Сахалинде, атамдын карындашы, мен, чоң иним Москвада. Баарыбыз жетпей калдык. Билет таппай, билет тапсам, ал билетке акчам жетпей кор болдум. Эптеп ызылдап жетип барсак, бизди эч ким күтпөптүр деле. Бизди күтпөй-этпей эле атамды жерге берип салышыптыр. Жаңы эреже ошондой имиш. Бул эмне болгон эреже? Ким ойлоп тапкан эреже? Качан, кантип пайда болгон эреже? Түшүнгөн жокмун. Кечинде үзүлгөн атамды кудум кутула албай тургансып, эртеси түштө эле жерге бере салышыптыр. Биз атам жерге берилгенден эки сааттан кийин кирип бардык. «Саат мынчага билет алдык» деп айтканбыз, «саат мынчада конобуз» деп айтканбыз, «самолётко отурдук» деп айтканбыз, «самолёт учту» деп айтканбыз. Баарын айтканбыз! Улам бири чалып сурап жаткан. Чалгандын баарына айтканбыз. Ар бир кадамыбызды айтып турганбыз. Ошонун баарын угуп, билип туруп деле бизди эч ким күтпөптүр. Ушул жолу мусаапыр экенимди, өтө, өтө узакта экенимди, дүйнөнүн четинде жашаганымды чындап түшүндүм. Убакыт өтпөй, жол арбыбай туруп алды. Иним экөөбүз кор болдук. Атама жетпей кор болдук. Аэропортто түнөдүк. Бири-бирибизди аяп, бири-бирибиздин алдыбызда ыйлабай, тиштенип, чыдадык. Жакшылыкка караганда жамандыкты көбүрөөк күтүп жатсак да бири-бирибизди алдадык. «Атам бизди күтүп жатат» деп алдадык. Уңулдап ыйлай берген эжемди жолду ката сооротуп бардык.

Ошентип жатып араң үйгө жетсек, үйдө атам жок экен. Жерге берип салышыптыр. «Ыйлабагыла, эреже ошол» дешти. Бул эмне болгон эреже? Кайдан, качан келген эреже? Бирөөнүн атасын күтпөй көөмп салган кандай эреже? Эскилердей болуп үч күн күтпөсүн, мейли, бирок жок дегенде толук бир күн күтүп турса болбойт беле? Бир күндөн айланамбы? Эки саат күтүп турса болбойбу? Качан, саат канчада барарыбызды баары билет эле го... Ал аз келгенсип, жакыныңды жоготуп, ичиң өрттөнүп, өзүң кошо өлө албай бүк түшүп турсаң «ыйлаба» дегени, ыйлатпаганы эмнеси? Жакынын жоготкон адам кантип ыйлабай коёт? Кантип ыйлабай коё алат? Ишенесиңби, дагы эле кимди жаман көрүшүмдү билбей турам. Өзүмө кошуп дагы кимди жаман көрүшүмдү билбей турам. «Эреже» десе эле, баш ийип берген, ар кимди ээрчип кете берген элдиби? «Эреже» десе эле мени, инимди, атамдын бир туугандарын унутуп калган, күтө туралы деп талап кылбаган туугандарымдыбы? Тагдырымдыбы? Тилектиби? Москваныбы? Кимди жаман көрөйүн? Жашоомдун кайсы бөлүгүн жаман көрөйүн? Ушуну эч биле албай жатам...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан