ВАЛЬС, ВАЛЬС, ВАЛЬС, МОЙНУМА КАР САЛАСЫҢ... Элге сиңген ыр кантип жаралган?

Муундан-муунга өтүп ырдалып келе жаткан ырлардын бири – “Кар вальсы”. Сөзүнө обону жарашып, көңүлдүн жарпын жазган ыр кантип жаралып, кантип эл оозуна алынып кеткен?


Акбар Рыскулов, Кыргыз Эл акыны: «Чана тээп жүргөн балдарга таасирленип жазгам»

– 1989-жылы Бишкектен Санкт-Петербургга чейин “Алгачкы элчилердин изи менен” деген экспедиция уюштурганбыз. Экспедициянын курамында Анарбек Сардарбеков деген ырчы жигитибиз да бар эле. Ошондо мен ага ыр китебимди бердим, Анарбек бул ырды шөкөттөп, элге тартуулады.

Ырдын сөзү кыштын күнү жазылган. Бишкекте Аламүдүн кичи районунда турчубуз. Бир күнү көчөдө баратып чана тээп ойноп жүргөн балдарды көрүп, аларга таасирлендим, өзүмдүн балалыгым эске түшүп ырдын алгачкы саптары келди. Жазып жатканда чоң сахнада ырдалып калат деген деле ой болбоптур.

Ар бир ырдын тагдыры болот, бул ырдын жолу ачык болду. Адегенде Кыргыз Эл артисти Гүлсүн Мамашева эжебиз ырдап чыккан, Анарбек өзү да ырдады. Мага Анарбектин да аткаруусу жагат, башында гитара менен ырдап жүрүп, кийин оркестрге да салдырды. Көп жылдар өттү, бирок бул ыр азыркыга чейин радио-теледен түшпөй келе жатат. Жакында Самара Сабирова деген кызыбыз ырдап чыкты, ал кыздын өзүнө жолуга элекмин, мага ырдаганы жакты.

Өзүбүз да азыркыга чейин отуруш-кечелерде ырдап жүрөбүз. 1-класстагы Алтынай аттуу неберем ырдайт, биз коштоп турабыз. Биз үчүн ушундай үй-бүлөлүк ыр болду. Жеңеңер да жакшы көрүп ырдайт. Менин оюмча, обону анча татаал эмес, элге жугумдуу ыр. Айтор, бул ыр Анарбектин ийгилиги деп ойлойм, ал аркылуу элге жетти.

Анарбек Сардарбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Бул ыр эми орус тилинде жаңырат»

– Бул обон 1989-жылы жаралган. Экспедициялык топ түзүлүп, Фрунзеден Ленинградга жолго чыктык. Жолдо ар жерге токтоп, тарыхчылар архивдерди казып, киночулар тасма тартып жатышты. Бир күнү автобус менен Чувашиядан өтүп баратсак, тактайчада “шумаш кар” деп жазылып туруптур, бизче “суулуу кар” деген жазуу экен. Ошол жерден кар жөнүндө сөз болуп кетти, бала чакты эстеп, “кар жааганда бийлечү элек, сабактан минтип тарачу элек” деп баарлашып келе жатабыз. Анан Акбар Рыскулович китебинен ушул ырды көрсөттү эле, гитараны колго алып кыңылдап баштадым. Ошентип бул ыр тарыхый экспедиция учурунда жаралды.

Ырдын сыясы кургай электе Гүлсүн Мамашева эжебиз сурап алды. Асанкан Жумакматовдун кичи оркестри менен иштеп чыгып, көп жылдар бою Гүлсүн эже ырдап жүрдү. Азыр эми жаштар ырдап жатышат, Оштон Самара Сабирова, бияктан Сагыныч деген жигит, андан кийин Нурлан Насип деген жигит ырдады. Эл ичинде кеңири ырдалып жүрөт.

Нурлан Насип өзү чалып уруксат сураган, ага “айланайын, ырдай бер, мен аны туздамак белем?” деп тамашалаган элем. Анын сыңары автордук ырым ырдалып, жайылып жатса мага жагымдуу. Көбүнчө окуу жайдагы бүтүрүү кечелеринде, 10 жылдык, 20 жылдык жолугушууларда ырдап-бийлеп калышат экен. Классташтардын эстелик ыры катары болуп калды окшойт. Ырдын тексти орус тилине которулду, буюрса, жакында ырдалып калат. Орус тилине карындашым, илимдин кандидаты Элмира Сардарбекова которгон.

Өзүм да ырдап жүрөм. Шахрезада Аскарова экөөбүз дуэт кылып кайра жаңылап ырдап чыгууну пландап жатабыз. Анткени биздин дуэтке 2026-жылы 40 жыл болот экен, ошого даярданып жатабыз.

Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Эл артисти: «Мен ырдаган ырларды жаш муун ырдаса абдан кубанам»

– Бул ырды сыналгыдан Анарбектин гитара менен ырдаганын угуп эле, ашык болуп калдым. Анан ага “мага ушул ырыңды бер, мен ырдайын, мага жагып калды” дедим. Анарбек мага кассетага жаздырып берди, мен аранжировка жасатып ырдап чыктым. Элге жакшы сиңип кетти. Мен ырдаган ырларды улам жаш муун ырдап турса абдан кубанам. Бул ыр улуу муундагыларга абдан жагат. Азыр Нурлан Насип, дагы бир топ жаштардын ырдаганын угуп калып жатам. Мен үчүн бул сыймык.

Нурлан Насип, ырчы: «Бул ырды бала кезден жакшы көрөм»

– “Кар вальсын” жаңы жылдык көрсөтүү үчүн ырдап, андан кийин жаздырып элге тартууладым. Ырдаар алдында Анарбек байкеден уруксат сурагам. Албетте, белгилүү чыгарма болгондуктан угармандар жакшы кабыл алышат. Бул бала кезден жакшы көрүп угуп жүргөн чыгармалардын бири, өзүнүн атмосферасы бар.

Самара Сабирова, ырчы: «Кичинемде апам ырдап калчу»

– “Кар вальсын” алгач 2012-жылы ырдагам. Чыгармачылыкка жаңы аралаша баштаган кез эле. Мектептеги 20 жылдык жолугушуу кечесине ыр керек болуп калып жаздыргам. Бул ырды кичинекей кезимде апам ырдап калчу, анын “кайдасың, классташ-парталашым?” деген саптары эсимде калыптыр. Апам “ушул ырды ырда” деп сунуштады. Гүлсүн Мамашева эженин ырдаган вариантын угуп жүрүп жаттагам. Ыр жакшы кабыл алына баштаганда Оштогу радиолордун бирине алпарып бердим, бир жумадан кийин эле өзүнүн угармандарын тапты. 2013-жылы өзүм окуган Өзгөн районунун Салам-Алик айылына барып, клип тарттырдым. Клипке өзүмдүн агайымды, мектебимди тарттым. Ошентип бул ыр чыгармачылыгымда мага жакшы ийгиликтерди алып келди. Обондун автору Анарбек Сардарбеков агай өзү чалып рахматын айтты, керемет ырларды жараткан агайга да чоң рахмат айтам.

«КАР ВАЛЬСЫ»

Сөзү: Акбар Рыскуловдуку

Обону: Анарбек Сардарбековдуку

Кызыктай бар эле адатыбыз,

Кыш эрте келсе деп самачубуз.

Каткырып, кар кечип, кубалашып,

Кечинде сабактан тарачубуз.

Кайырма:

Вальс, вальс, вальс,

Биз менен чимирилип,

Вальс, вальс, вальс,

Бийлечү жаратылыш.

Каректер карекке чагылышып,

Кар кандай жаганын карачубуз.

Жалындуу жаштыктын күчү менен,

Жан элек биз анда үшүбөгөн.

Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,

Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.

Кайырма:

Жабыркайм чилденин тушунда бу,

Жалгыздык азабы ушундабы?

Жылытат, демиме жылытамын,

Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.

Кайырма:

Вальс, вальс, вальс,

Мойнума кар саласың,

Вальс, вальс, вальс,

Кубанчым таркабасын.

Кайрадан кар кечип узатайын,

Кайдасың, классташ-парталашым?

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан