ЭМНЕГЕ БАНАНДЫ СҮЙҮШ КЕРЕК?

Анткени:

1. Банандын курамында бакыт гормону серотонинди бөлүп чыгаруучу триптофан заты бар. Андыктан маанайыңыз жок болсо, банан жеңиз.

2. Сөөктөрдү бекемдейт. Банан организмден заара аркылуу чыгып кетпейт, ал эми анын курамындагы кальций сөөктөрдү бекемдөөгө кетет.

3. Бананда көптөгөн пайдалуу микроэлементтер, витаминдер көп. Күнүгө бирден банан жесеңиз, энергияга бай жүрөсүз.

4. Ич катууда жана ич өтүүдө да жардам берүүчү азык. Анткени банандагы пайдалуу заттар ичеги-карындын иштешин жөнгө салат.

5. Организмден ашыкча сууну чыгарууга жардам берет.

6. Анемиянын “душманы”. Курамындагы темир аз кандуулуктун алдын алат.

7. Жүрөк оорулары барлар да банан жеши керек. Банандагы калий инфаркт, инсульт дарттары менен күрөшүүдө мыкты жардамчы.

8. Банандагы антиоксидант, аминокислоталар организмди вирус, бактериялардан коргоп, иммунитетти бекемдейт.

9. Экзамен же башка маанилүү иш-чаранын алдында банан жеп алыңыз. Бананда калий көп, андыктан эске тутуу, кабыл алуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Кимдерге болбойт?

1. Банандын курамында кант да көп. Андыктан кант диабети менен ооругандарга сунушталбайт.

2. Сиңирүүгө оор азык. Ашказан жарасы, гастрит оорулары барлар да банандан алыс жүргөнү жакшы.

3. Банан канды коюулатат. Кан-тамыр оорулары (варикоз жана башка) менен жабыркагандарга болбойт.

4. Ашыкча салмактуу адамдар бананды көп өлчөмдө жебеши керек.

5. Бананды ач карын жегенге болбойт, тамак-аш менен чогуу да жебеш керек. Күндүн биринчи жарымында, тамактан кийин бир сааттан кийин пайдаланыңыз. Бананды жегенден кийин дароо суу ичип алсаңыз сиңирүү оорлоп, ич көбүшү мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан