Көп кырдуу талант - ЛИ ЖЭ УК

“Кинотеатрда кино көрүп отуруп ушул актёрдун ордунда мен болсом кандай аткармакмын, жинденгенде, кубанганда, сүйүп калганда бетимдеги эмоциялар кандай көрүнмөк деп эле өзүнчө кыялдана берчүмүн...” Бул кыял Түштүк Кореянын кино дүйнөсүндө жаңыдан жанып, күндөн күнгө кызыгууну арттырып жаткан актёр Ли Жэ Укка таандык.

Бою: 187 сантиметр

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы:1998-жыл, 10-май

Бою: 187 сантиметр

Жылдыз белгиси: букачар

Билими: Чун-Анг университетинин театр жана кино факультетинде окуйт

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: "Альгамбра жөнүндө эскерүүлөр”, "Издөө: WWW", “ДоДоСольСольЛяЛяСоль, “Жан алмашуу алхимиясы” жана башка

Балалык

Жэ Ук көпчүлүккө окшош, жөнөкөй эле окуучу болду. Ашкере тентектиги же көзгө басып көрсөтөр жетишкендиги деле жок. Чоңойгону мода дүйнөсүнө, саркеч кийимдерге көңүл бурду. Бирок ата-энесинде ашыкча каражат жок экенин билген бала өзү тапканга өттү. Дүкөндө, автоунаа жуучу жайда, курьерлик кызматта да иштеди. Өз керектөөсүн өзү каржылаганга жашынан көнгөн жигитте бир кыял бар эле...

Кыял

Үйүбүздөн бир аялдама аралыкта кинотеатр бар. Ал жакта коюлган кино-мультфильмдерди өткөрүп жибербегенге аракет кылчумун. Киного, актёрлук кесипке болгон сүйүүмдү ошол кинотеатр ойготту окшойт”,- дейт Жэ Ук. Кыялга жетеленген жигит Чунг-Анг университетинин театр жана кино бөлүмүнө тапшырган.

Дебют

Каарманыбыздын дебюту чү дегенде эле 2018-жылдын популярдуу дорамаларынын бири – "Альгамбра жөнүндө эскерүүлөр” долбоорунда болгон. Башкы ролдордо атактуу актёр Хён Бин жана актриса Пак Шин Хе, ал эми Ли Жэ Ук экинчи пландагы хакер-программисттин ролун аткарган.

Модель

Моделдик келбетке, көз карашка ээ жигитке суроо-талап күч. Учурда ал люкс-бренддер менен келишимге ээ: Prada, Lancоme, Dior, Nike, Berluti, Armani, Zegna, EX NIHILO, Fendi жана башка.

Музыка

Актёр, ырчы, модель Роун досу Ли Жэ Укту анча-мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт дейт. Өзүн жакшы ырдагандардын катарына кошпогон каарманыбыз чынында эле мукам үнгө ээ. Күйөрмандары менен болгон жолугушууда Жэ Ук ырдаган видео интернет желесине тарап, көптөгөн мактоолорго ээ болду.

"Издөө: WWW"

2019-жылы экранга чыккан "Издөө: WWW" дорамасында Ли Жэ Ук өзүнүн жашоосунан алынган учурлар көп болгонун айтат. Кореяда эле эмес, Кыргызстанда да белгилүү болгон сериалдан кийин анын ысымы желдей тарай баштаган.

“Жаңы жанган жылдыз”

2019-жылдын күзүндө чыккан “Кокустан кезиккен Ха Ру” сериалы Жэ Укка алгачкы кино сыйлык алып келди. “Жаңы жанган жылдыз”, “Жаңы актёр” наамын алган жигит туура кесип тандаганын сезген.

“Эң мыкты эркектин ролу”

2022-жыл. Жогорку рейтинг, дүйнөлүк атактуулук, башкы кино сыйлык, мактоо, колдоолорду кеңири куржунга салдырган “Жан алмашуу алхимиясы” дорамасы болду. Фантастика жанрындагы тасмада башкы каарман Чан Уктун ролун Жэ Ук аткарды. “Алгач сценарийди окуп чыкканда оор экенин байкап, колумдан келбейт деп баш тартып койгом. Мынчалык көп кырдуу адамды буга чейин ойной элек болчумун да. Коркуу сезими менен кошо намыскөйлүгүм да ойгонуп кетти. Анан өзүмө чакырык таштайын дедим, антпесе өмүр бою өкүнөт элем. Тартуу иштери башталардан 3 ай мурун эле согуш өнөрлөрүн, кылыч менен чабышканды үйрөнө баштагам. Алгачкы серияларын санааркоо менен күттүм, анан мактоо сөздөрдү укканда өзүмдү өзүм баштан сылап мактап койдум”,- дейт Жэ Ук. 2 сезонго уланган дораманын баш каарманы “Жылдын актёру”, “Эң мыкты эркектин ролу” наамдарына да татыды.

Мүнөзү

Актёр өзүн бир сөз менен сентименталдуу адамдардын катарына кошот. Кыялкеч, фантазиясы да күчтүү. Режиссёрлордон тапшырма алгандан кийин образды жеткиликтүү ачыш үчүн эмне кылыш керек, кандай жаңычылдык киргизсем деп көп ойлонот. Каарманынын тагдырын өзүнүкүндөй кабыл алып, майда-чүйдө деталдарга чейин иштеп чыкканы үчүн режиссёрлордон көп мактоо сөздөрүн угат.

Жазуучу

Азыркы техника өнүккөн заманда да Жэ Ук ак барак жана калем сап менен дос. “Мектепте окуп жүргөндө деле мага жазган жакчу. Өзүм жазган саптар эсимде көпкө сакталып, китептен окуганымды унутуп калар элем. Азыр деле ойлорумду, идеяларымды кагаз бетине түшүрүп турам. Кайсы бир тасманы көргөндөн кийин кагазга каармандардын ролун чийип, анализдейм, сабак алам. Албетте, компьютер же телефон менен убакыт үнөмдөлөт, бирок жазуу процессинде алган ырахатка жетпейт”,- дейт Ук.

Ашпоз

Көп кырдуу таланттын ээсинде ашпоздук да өнөр бар. Түрдүү ашкананын тамактарын жасаганды жактырат, интернеттен рецепттерди карап, өзү да жаңы тамак ойлоп тапканга кызыкдар. Стейк жана паста Жэ Ук мыкты жасаган тамактардын катарында.

Сынчыл

Өзүнө талапты ушунчалык катуу койгондуктан карьерасындагы бир дагы каарманынын образына жогорку баа берген эмес. “Бул жери окшошпой калыптыр, минтсем болмок” дей берет. “Мен жарата турган идеалдуу образ алдыда турса керек. Актёрлукка жаңы эле кириштим, үйрөнчү нерселерим көп” дейт. “Үй-бүлөң сенин актёр болгонуңду кандай кабыл алды?” деген суроого жообу: “Апам менен эжем азыркыга чейин актёр болгонума толук ишене элек. Экрандагы мени анан жанында креслодо отурган мени карап, “чынбы?” дей беришет. Алар менен чогуу өзүм тартылган тасмаларды көрүү оор эле. Айрыкча өбүшкөн сценалар жакындаганда кулагым, бетим кызара баштайт. Анан суу ичип келейин деп туруп кетем”.

Үй-бүлө

Карьера же үй-бүлө? “Карьера куруу сонун нерсе. Бирок бир күн карьеранын кызыгы, убактысы кеткен маал келет. Карасаң эле жалгызсың, ошол мезгилде, балким, үй-бүлө курганга кеч болуп калат. Андыктан алдымда карьераны танда же үй-бүлөнү деген талап коюлса үй-бүлөнү тандамакмын”.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан