Тайырбек Жумашбек уулу, балбан: “ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛУУ ДА АБДАН МААНИЛҮҮ”

Жакында эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды. Ал чемпиондукта жарк этип көзгө көрүнгөн балбандардын бири Тайырбек Жумашбек уулу болду. Ал белгилүү балбан Улукбек Жолдошбековду жеңип, 61 килограмм салмак чениндеги өлкө чемпиону аталды.

– Салам, Тайырбек. Алгач жеңишиң менен куттуктагым келип турат, өлкө чемпиону болуу быйылкы жылдагы башкы максаттарыңдын бири болсо керек эле, ээ?

– Саламатсыздарбы? Негизи эле ар бир спортчунун оюнда өлкө чемпиону болсом деген тилек жашайт болуш керек. Чемпион болуу менин деле көздөгөнүм болчу. Өлкө чемпиондугун утуу биз үчүн абдан маанилүү. Ушул чемпиондукту утсак курама командага кошулабыз, эл аралык беттештерге жол ачылат. Мындайча айтканда, чет жакка чыгууга жолдомо алгандай болот. Былтыр өлкө чемпиондугунда Улук байкеге (ред.: Жолдошбеков) утулуп калгам. Спортто бирде утуласың, бирде утасың дейт го. Быйыл жеңиш мага жылмайыптыр, утуп алдым.

– Быйыл Улукбек Жолдошбековду сөзсүз жеңем деген экенсиң да?

– Ар бир утулуп калган спортчу “кийинки жылы ушуну сөзсүз жеңем” деп ойлонот болуш керек. Утам деген каалоом күч болчу, даярдыгым дагы жакшы болгон. Декабрда АКШдан келгенден кийин эле машыгууну баштагам. Чемпиондуктун алдында курама команда Ысык-Көлдө 16 күн окуу-машыгуу өттүк.

– АКШдагы Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болдуң. Ошол тууралуу кеп салсаң. Дүйнөлүк курама командага кантип кошулуп калдың?

– Былтыр ноябрь айында Нью-Йоркто Билл Фарелди эскерүү эл аралык турниринде күрөшүп, алтын медаль тагындым, ошондой эле турнирдин мыкты балбаны аталдым. Бул турнирден кийин биз АКШда окуу-машыгуу өтүп жүргөндө агай Дүйнө кубогуна күрөшөсүң деп калды. Дүйнө кубогунда күрөшүп калганым күтүүсүздөн болду. Өзүм деле бир күн калганда билдим. 65 килограмм салмакта күрөшө турган балага виза ачылбай калып, мен ошол жакта болгондуктан 65 килограмм салмак ченинде күрөшүп калдым. Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов Дүйнөлүк курама команданы жетектеди. Менин курамга кирип калышыма агай да себеп болду окшойт. Дүйнө кубогуна катышканым, коло байге алганым былтыркы жылдагы жетишкендиктеримдин бири болду деп ойлойм. Буга чейин Кыргызстанда Дүйнө кубогунан медаль алгандар жок болчу. Биринчилерден болуп Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов үчөөбүз коло медалдын ээлери болдук.

– Негизи эле 2022-жыл сенин спорттук карьераңа бурулуш салган, ийгиликтүү жылдардан болду өңдөнөт?

– Туура айтасыз. Былтыр июнь айында Бишкек шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уттум. Октябрда Испаниянын Понтеведра шаарында өткөн 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагындым.

– Жакшы, ийгиликтериң арта берсин. Өзүң тууралуу да сөз кылалы. Кайсы жердин кулунусуң, күрөшкө кантип келип калдың?

– Токтогулдун Терек-Суу деген айылынан болом. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн, эки эжем, байкем бар. 2011-жылдан тартып күрөш менен алектене баштагам. Ошондон бери эле спортто жүрөм. Айылдан 7-классты бүтүрүп, 8-класста Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык спорт мектебине тапшыргам. Кийин ошол эле окуу жайдын колледжин бүтүрдүм. Азыркы тапта Дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинде 3-курста окуп жатам.

– Күрөштү тандап калышыңа эмне түрткү болду эле?

– Негизи биздин айылда спорт артта калган. Анан 2011-жылы айылга күрөш залы ачылып, ошондо көчөдө балдар чогулуп күрөшкө бара баштаганбыз. Башында балдар менен чогулуп, ойноп барган мага кызык болчу. Айыл ичинде мелдештер өтүп калды, күрөшүп ал жактан алдынкы орундарды алып калган учурлар болду. Ошону менен күрөшкө кызыгып кеттим. Үйдөгүлөр да менин тандоомо каршы чыгышкан жок, окуума-машыгуума шарт түзүп беришти. Азыр дагы ак тилегин айтып колдоп турушат.

– Ага чейин белгилүү балбандарды таанып, ушундай балбан болсом деп таасирленген учурлар болгонбу?

– Жок, андай учур болгон эмес. Эч кимди деле таанычу эмесмин, күрөшкө деле кызыгуу, ал тууралуу түшүнүгүм деле болгон жок. Күрөштү тандап калышыма айылга ачылган күрөш залы түрткү берди.

– Эсте калган жеңишиң тууралуу айтып берчи.

– 2016-жылы биринчи жолу чет өлкөгө чыккам. Якутияда өткөн Азиянын балдары деген эл аралык мелдеште 3-орунду алгам. Ушул мелдеш мен үчүн эсте каларлык болгон.

– Кайсы бир балбанды кумир тутасыңбы?

– Күрөшкө келгенден кийин үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевди кумир тутуп, ошонун күрөштөрүн көрчүмүн. Азыр эч кимди кумир тутпайм. Бирок жакшы күрөшкөн балбандардын күрөштөрүн көрүп, өзүмө керектүү ыкмаларын, айтор, пайдалуу жактарын алганга аракет кылам.

– Алдыда пландар кандай?

– Быйылкы жылы Азия, Дүйнө чемпиондугу сыяктуу маанилүү турнирлер абдан көп, аларга жакшы даярдык көрүшүбүз керек. Андан тышкары менин салмагым олимпиадалык эмес, агайлар менен кеңешип кийинки жылдан 57 же 65 килограммга алмаштырам. Буюрса, Олимпиада оюндарына жолдомо утууга аракет кылам.

– Маегиңе рахмат. Буюрса, сени Олимпиада оюндарынан көрөлү.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан