Султан Каримов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “САХНАДАГЫ ЭМГЕГИМ ТЕККЕ КЕТПЕПТИР, БУГА ЫНАНДЫМ”

Таза үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен далай ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаган Султан Каримовду маекке чакырдык. Айтылуу Болот Миңжылкыевден сабак алган ырчы 50дөн ашык өлкөнү кыдырыптыр. Кыргыз, уйгур, англис, немис, француз, ооган, грузин, болгар, араб жана башка тилдерде эркин ырдай алат. Сахна, жашоо, өнөр тууралуу кеңири баарлаштык.

“ҮЙ-БҮЛӨДӨ 16-БАЛА БОЛУП ТӨРӨЛГӨМ”

– Мен кантип ырчы болдум? Ийгиликтерге кантип жетиштим? Буларды баяндоо үчүн өмүрүмдүн баштапкы барактарын ачышым керек. Ыраматылык атам Осмон Караколдогу балдар үйүндө чоңойгон, апам Ражап ошол шаардагы мечиттин имамынын кенже кызы. Экөө таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш кошушат. Үй-бүлөбүз абдан чоң эле. Атам балдарын багам деп күнү-түнү иштечү, апам балдарды тарбиялап үйдө эле. Билесиздер, Улуу Ата Мекендик согуш кезинде жана андан кийинки жылдары жашоо кыйын болгон. Мага чейин ата-энемдин 9 баласы ич келте жана башка оорулардан чарчап калыптыр. Мен үй-бүлөдө 16-бала болуп туулгам. Согуш кезинде ата-энем ар кайсы улуттан 9 баланы багып алышкан, арасында орус, уйгур, казак, поляк улутундагылар да бар эле. Үйдүн кенжеси болгондуктан апамды этектеп эле ээрчип жүрчүмүн.

“ОФИЦИАНТ БОЛУП ИШТЕП ЖҮРГӨНДӨ АТАКТУУ КОСМОНАВТТАРДЫ ТЕЙЛЕГЕМ”

– Апам музыкага жакын болчу. Гитара, комуз чертип, аккордеон ойноп, жакшы ырдачу. Атамдын да үнү жакшы эле, мыкты бийлечү. Андыктан алардын шыгы балдарына да өткөн, кээде үйдө концерт уюштуруп калчубуз. Бир туугандарымдын бири барабанда, экинчиси гитарада ойносо, мен ырдап, апам бизди коштоп турчу. Апамдын айтымына караганда, 3-4 жашымдан тартып уккан ырларымды кыңылдап ырдап калчу экенмин. Окуучулук кезде мектептеги иш-чараларда ырдачумун. Райондук сынактарга катышып, ал жактан мактоолорду угуп, үйгө дердеңдеп келер элем.

Бир жолу атам патефон, италиялык ырчы Робертино Лоретинин ырлары жазылган бир нече пластинка сатып келди. Робертино өспүрүм кезинде эле дүйнөлүк атактуулукка ээ болгон ырчы да. Анын “Ямайка”, “Санта Лючия” деген ырларын жаттап алып, ырдай баштадым. Ушундан улам айылдаштарым тамашалап, мени “жети-өгүздүк Лорети” деп коюшчу.

Жайкы каникулда кийимге, окуу куралдарына акча таап алайын деп Ысык-Көлдөгү санаторийлерде официант болуп иштеп жүргөн күндөрүм болду. Союз мезгили болгондуктан союздук 15 өлкөдөн туристтер Ысык-Көлгө эс алганы көп келишчү. Кайсы бир жылы космонавттар Алексей Елисеев, Владимир Шаталовду тейлегеним эсимде. Үйдөгүлөр мени ырчы болот деп ойлошкон эмес, ырдап жүргөнүмдү кадимки эле нерсе катары карашчу.

“АРТИСТ БОЛГОНУМДУ АТА-ЭНЕМ 2 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИ”

– 8-класс кезимде Караколдо көркөм чыгармачылык боюнча кароо-сынак өттү. Мен ырдап бүткөндө өлкөдөгү тунгуч ансамбль “Кыргыз эстрадасынын” жетекчиси Чоро Кожомжаров келип “сен даяр артист турбайсыңбы! Менин тобумда ырдагың келеби?” деп калды. Кубанып “ооба, окуу жылы аяктасын, анан барам” дедим. Ал кезде ата-энеме “артист болом” десем Фрунзеге жибермек эмес. Ошондуктан аларды Финансы техникумуна тапшырам деп алдап шаарга келдим. Түз эле улуттук филармонияга Чоро агайга бардым, топ мени жакшы кабыл алды. Чоро агай абдан кубанды, анткени ошол учурда топтун солисти Алтынбек Сапаралиев ооруп калыптыр. Алдыда болсо пландалган гастролдор турат. Ошентип мага ырларды жаттап, репетиция кылууга 2 күн убакыт беришти. Панфилов сейил багындагы чоң залга 7 күн концерт берип, анан аймактарга гастролго кеттик. Концерттер аншлаг менен өтүп жатты.

Музыкалык билимим жок болгондуктан улуттук филармониянын алдындагы музыкалык студиядан окудум. Окуу менен катар гастролдоп да көп жүрдүм. Айылдарда эл малын жайгарып келгиче кеч кирип, концерттер кеч башталар эле. Концерт бүткөн соң коноктойбуз деп бизди ар ким үйүнө алып кетишчү. Кой союлуп, анын эти бышкыча түн ортосу болчу. Ошондогу элдин пейили, ай!

Ата-энеме жалганчы болбоюн деп кийин Финансы техникумуна тапшырдым, бирок аягына чейин окуган жокмун. Сахна мени өзүнө тартып кетти. Ата-энем менин ырчы болгонумду 2 жылдан кийин, Ысык-Көлгө концерт коюп барганыбызда билди.

Чоро Кожомжаров агай көптөгөн улан-кыздардын кумири эле. Биздин өз алдыбызча Польша, Болгарияга барып келүүбүзгө шарт бар болчу. Бирок жогору жактан “мынча айда мынча концерт бересиңер” деген буйрук бар болгондуктан, план менен иштөөгө аргасыз болчубуз.

“ӨЗБЕКСТАНГА, КАЗАКСТАНГА ЧАКЫРЫШТЫ, БАШ ТАРТКАМ”

– 1987-жылы “Ариет” эстрада тобу менен Москвага бүткүл союздук эстрада артисттеринин сынагына бардым. 45 мүнөттүк программанын жарымынан көбү мен ырдай турган ырлар эле. Калыстар тобунун катарында Алла Пугачёва отурган, жыйынтыгында 3-орунду ээледик. “Байгелүү орун алып келсеңер үй менен камсыз кылабыз” деген жетекчилер ошол убадаларын аткарбай коюшту. Ал кезде үй-бүлөлүү болчумун. Аялым менен балдарды айылга жөнөтүп, филармониянын жер төлөсүндө 2 жарым жыл жашадым. Кийин филармониянын жатаканасынан 1 бөлмө беришти, апам биз менен чогуу жашап, балдарымды тарбиялап-чоңойтушту. Атам мен үйлөнгөндөн жарым жылдан соң дүйнөдөн өтүп кеткен.

Бүткүл союздук эстрада артисттеринин сынагынын лауреаты, ырчылардын эл аралык фестивалынын күмүш кубогунун ээси болдум. Булардан башка да толтура сыйлыктарым бар. 50дөн ашык өлкөдө гастролдордо жүрдүм. Кыргыз улуттук телеканалынын Алтын фондуна 30дан ашык кыргыз ырларын жаздырдым.

Союз урагандан кийин ар ким өз арабасын өзү тарта баштады да. Убагында “бизде иште” деп мени Өзбекстанга, Казакстанга чакырышкан. Патриоттук сезим күчтүү болгондуктан баш тарткам.

“ЭЛ МЕНИ БААЛАЙТ ЭКЕН, МУНУ КАТУУ ООРУП КАЛГАНЫМДА БИЛДИМ”

– 2015-жылы врачтар мага кант диабети, панкреатит, пиелонефрит, полиартрит деген диагноздорду коюшкан. Жүрөгүм да ооручу, дарыланып жүргөм. Бул илдеттер 2020-жылы катуу кармады. Ошондо элим мага материалдык жардам көрсөтүп, төбөмдү көккө жеткиришти. Ушунча жылым, сахнадагы эмгегим текке кетпептир, эл талантымды жакшы баалайт экен дедим. Ушуну сезип, дем-күч алдым. Дарыландым, элге миң рахмат айтам!

Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жубайым экөөбүз бала кезден таанышпыз. Ата-энелерибиздин үй-бүлөлүк катышы бар эле. Баш кошкондон кийин үйлүү болгуча көрүнгөн батирлерде жашадык. Үч балабыз тең музыкага жакын чоңойду. Кудайга шүгүр, учурда балдарыбыз иштеп, неберелерибиз чоңоюп жатышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан