Рустам Сагыналиев, ырчы: “ООРУП КАЛГАНЫМДЫ АПАМА АЙТА АЛБАЙ ЖҮРДҮМ”

Белгилүү ырчы Рустам Сагыналиев оор сыноого кабылды. Ал боорун алмаштыруу үчүн тез арада 30 миң доллар табышы керек болууда. Убакыт тартыштыгынан улам ырчынын жакындары элден жардам суроого аргасыз. Мындан тышкары Бишкекте кайрымдуулук концерти уюштурулууда. Рустам мырза менен байланышып, ал-жайын сурадык. Учурдагы абалы, ооруга кантип чалдыгып калганын ырчы өзү айтып берсин.

– Рустам мырза, саламатсызбы? Азыркы учурда абалыңыз кандай?

– Кудайга шүгүр, азыркы тапта абалым жакшы. Индияга дарыланып келейин деп эле баргам. Анан анализдердин негизинде врачтар “боорду алмаштырыш керек, башка жол жок” дешти. Керектүү сумманы чогултайын, донор табайын деп Кыргызстанга кайра келдим. Врачтар “убагында келипсиң. Бир ай эле кеч келсең, кепилдик бере албайт болчубуз” дешти. Эми канчалык эрте барсам, ошончолук жакшы экен. Акча, донор качан табылса, ошондо кетем.

– Ооруп жүргөнүңүзгө көп болдубу?

– Бир топ жыл болгон. Мындан 15-16 жыл мурун Жалал-Абад жергесинде гастролдо жүргөндө тиш дарылатам деп тиш доктурга барып, ошол жерден Б гепатитин жуктуруп алгам. Ооруканада 5-6 ай жатып дарылангам, сарык болуп да оорудум. Ошентип күчөп кетти. өзүм да көбүрөөк күч келтирип койдум окшойт, улак чапчумун, футбол ойночумун, чуркачумун.

– Операция үчүн жалпы канча каражат керек болуп жатат?

– Боорду алмаштыруу үчүн врачтарга берчү сумма – 30 миң доллар. Андан тышкары донор табыш керек, учактын билеттеринин чыгымы бар. Индияга 3 киши барышыбыз керек, мен, донор, бизди караганга дагы бир киши. Айтор, бир топ акча кетет экен. Кыргыз элимден айланып кетсе болот, мекендештерибиз кайдыгер карабай колунан келишинче жардам берип жатышат. Адегенде жакын досторума кайрылдым. Алар ошол күнү эле Улуттук филармонияга жөнөштү. 9-февралда концерт өткөрөбүз деп сүйлөшүштү. Учурда концерт уюштуруу иштери менен чуркап жүрүшөт. Концертке Кыргызбай Осмонов баштаган филармониянын жамааты, кесиптештерим, алардын ичинде өзүм эмгектенип жаткан Кылычбек Бекишов жетектеген Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлар” тобу, Аалы Туткучев досум жетектеген “Эл ырчысы Эстебес” тобу аракет кылып даярданып жатышат. Чыгармачыл чөйрөдөн айланып кетсе болот. Биздин чөйрөгө кээде ар кандай сөздөр айтылат. Ушундай иштерде чыгармачыл адамдардын салымы чоң, муну айта жүрүшүбүз керек. Эч ким оорубасын, оорубайлы. Өзүм да кайрымдуулук концерттерине калтырбай катышчумун. Элиме рахмат, концерттин билеттери дээрлик сатылып бүтүптүр. Кудай таалам ооруну берсе шыпаасын кошо берет дейт, буюрса, айыгып келсем, жумурай журтума дагы бир жеке концертимди берем деп сөз берем. Кудайдын көзү түз болуп аман-эсен сакайып алсам, баары алдыда, пландарым көп. Баарына, сахналаш досторума, жоро-жолдошторума, туугандарыма ыраазычылык билдирем. Азыр сөз менен айтып жеткире албайм, колумдан келсе баарын бириктирип кучактап, жүрөгүмдөн бекем кыскым келип жатат. Жүрөгүм жетет, бирок кучагым жетпейт.

Эненин жүрөгү сезет эмеспи. Ооруп жүргөнүмдү апам көптөн бери байкап жүрчү, анын жүрөгүн ооруткум келбей “баары жакшы” деп койчумун. Индияга барарымды да айткан эмесмин. Бирок айла жок, айтышка туура келди. Ооруп жүргөнүмдү апама угуза албай канча жүрдүм, кантип айтам деп бир туугандарым, досторум менен акылдаштым. Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт дейт го, акыры айттым, айыгып кетишимди тилеп отурат апам дагы.

– Индияга ким коштоп барып келди?

– Боромбай Кулакматов – бир чети филармонияда чогуу иштешкен кесиптешим болсо, экинчи жагынан институтта сабак берген агайым болот. Агайымдын байбичеси Медергүл Нургазиева эже мени карап жүрдү, ага да терең ыраазычылык билдирем.

– Рустам мырза, эртерээк сакайышыңызга тилектешпиз. Кыргыз элин мыкты ырларыңыз менен кубандырып арабызда жүрө бериңиз!


Жардам берүү үчүн реквизиттер:

МБанк жана Элсом:
0554 121255
(Чыңгыз Мырзаев)

Оптима Банк:
4169 5853 4035 8968
(Аманбек Каныбеков)

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан