– Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 12 жыл болуп калды, 5 балабыз бар. Акыркы күндөрү күйөөм үйгө түнөбөс болду. Кайда жүргөнүн сурасам “досторум менен жүрдүм” деп коёт. Досторунун баары үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болсо, кантип эле эки күндүн биринде алар менен жолуга бермек эле? Кечээ ал уктап жатканда телефонун ачып карадым. Жамиля деген кыз менен жазышканы көңүлүмдү бурду. Көрсө, жолдошум үйгө келбеген күндөрү анын жанында болот экен. Ушунча жылдан бери чогуу жашап, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, эң жакын болуп калган адамыңдын артыңдан бычак урганы аябай жаман сезим экен. Жүрөгүм мынчалык катуу ооруган эмес. Шолоктоп түнү менен ыйладым. Бирок эртең менен көз жашымды аарчып, эч нерсе болбогондой ага чай берип жумушуна узаттым. Ошентип унчукпай бир жумадай жүрдүм. Жүрөгүмдүн ооруганын айтпагыла. Анан бир күнү ачык сүйлөшөйүн деп чечтим. Урушпай, жай отуруп сүйлөшүп, түшүнүшөлү дедим.
– Самарбек, мен баарын билем. Сен үйгө келбеген күндөрү Жамиля деген кыз менен жүргөнүңдү билем.
Самардын көзү чекчейип, бейбаштык кылган баладай эми эмне дейт дегенсип мени карап турду.
– Телефонуңдан силердин жазышканыңарды окуп калдым. Сени менен урушкум келген жок. Жөн гана түшүндүрүп берчи, эмнеге?
– Калия, кечирчи мени. Өзүм деле сенин көзүңдү карай албай, сага айта албай жүргөм. Тагдыр экен, ушундай болуп калды.
– Мага баары кантип башталганы, анын кайсы сапаттарын жактырып калганың кызык,- минтип жай, жылмайып сүйлөгөнүм менен ичим өрттөнүп жатты.
– Таксиде иштеп жүрдүм го, ошондо башталган. Бир жолу адаттагыдай эле буюртма келди. Барсам 2 кыз унаага отурду. Бирөөсү ушул Жамиля болчу. Жаркылдаган кыз экен, тим эле дүйнөнү жаркыратып салчудай нурлуу көрүндү мага. Аларды айтылган дарекке жеткирип коюп кеткем. Көрсө, Жамиля сумкасын унаада унутуп калыптыр. Кайрадан байланышып, аны алып кетти. Номерин сактап калгам. Эмнегедир эсимден кетпей туруп алды. Жазсам, жооп бермек тургай, билдирүүмдү ачып караган да жок. Бирок мен баары бир күндө бир жолу жазып койчумун. Кудай жалгап бир күнү жооп жазып калды. Жакшы сүйлөшүп кеттик, кийин жолугуша баштадык. Анын жашоону сүйгөнү, майда нерсеге да жаш баладай кубана алганы мени өзүнө тартып алды. Бир жолу жөн гана ал жакшы көргөн таттууну көтөрүп барсам, жаш баладай кубанды. Анан аны кубантуу үчүн тапкан акчамдын баарын ага жумшай баштадым. Кийин анан унаамды сатып жиберип, таксиде иштей албай калбадымбы. Ал да мени сүйөт, сүйгөнүн көздөрүнөн эле билем. Бир жолу кош бойлуу да болуп калды, бирок менин суранычым менен алдырды. Мен өзүмдү башкара албадым, кечир.
Жолдошум мунун баарын жылмаюу менен айтып берип жатты, сүйүү менен баяндап берди. Баарын угуп, унчукпай бөлмөдөн чыгып кеттим. Жүрөгүмдүн эзилгени менен мен эч нерсе дей албадым. Анткени мен деле периште эмесмин, менин да жолдошумдан жашырганым бар. Самарбекке турмушка чыкканга чейин бир жигит менен мамиле кургам, ал экөөбүз жарандык никеде жашап жүрдүк. Кош бойлуу болуп калганымда таштап кеткен ал. Ага жиним келип, баланы алдырып салгам. Мунун баарын Самарбекке айткан эмесмин, өтмүшүмдү билсе менден баш тартат деп корктум. Ошондон бери бул сырды жашырып, жолдошумдун бул тууралуу билип калышынан коркуп жашап келем. “Мен деле ак эмесмин да” деп ичимден жолдошумдун жоругун актап жаткандаймын...
Калия