ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫН ДАРЫЛАБАСА РАККА АЙЛАНАТ

Дарыгер гинеколог-эндокринолог, кольпоскопист

Каныкей Бурханованын айтымында, жатын моюнчасынын эрозиясы көп учурда аялдын жанын оорутпай, белги бербей жүрө бериши мүмкүн. Бирок көңүл бурбай койсо төрөй албай калууга, өтүшүп кетсе ракка жеткирет. Бул илдет аялдарда эң көп кездешкен оору болуп саналат.

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ОРДУ ЖАНА РОЛУ

Жатын моюнчасы – жатын менен жыныс кынынын ортосунда жайгашкан. Андыктан анын бир оозу жатынга, бир оозу жыныс кынына карай ачылат. Узундугу орточо 3-4 сантиметр.

Жатын моюнчасынын ортосу менен цервикалдык каналча өтүп, ал каналчанын ичин былжыр чел кабык каптап турат. Былжыр чел кабыкта бездер жайгашып, алар былжыр сыяктуу суюктукту иштеп чыгарып турат. Ал суюктук оору жаратуучу бактерияларды өлтүрүүчү касиетке ээ. Ушунусу менен жатынды жана жатын түтүкчөлөрүн оору козгоочу микробдордон (жыныс кыны аркылуу кирип кетүүчү) коргоп турат.

Жыныстык катнашта сперматозоиддер цервикалдык каналча аркылуу жатынга өтүп, андан ары кетет. Жатын моюнчасынын булчуңу кан тамырлар, демек, кан менен жакшы жабдылган. Булчуң төрөт учурунда жатындын жыйрылуусунда да башкы ролду ойнойт. Бала чыгышы үчүн жатын моюнчасы 10 сантиметрге чейин чоюлуп, ачылат.

ЭРОЗИЯ ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?

Эрозия – жатын моюнчасынын кызгылт өңдөгү жарасы. Өлчөмү 5 миллиметрден 2 сантиметрге чейин болот (диаметри). Адегенде кичине болуп, убакыттын өтүшү менен чоңоё берет. Жара оорутпай, белги бербей жүрө бериши мүмкүн. Качан гана аялдын жыныс органдары сууктан же инфекциядан улам сезгенгенде жыныс кынынан ак түстөгү жыты жок суюктуктун келиши менен билинет. Бара-бара ал суюктуктун өңү жашыл тартып, кескин жагымсыз жыттана баштайт. Аял гинекологго кайрылып, текшерилгенде гана жаранын бар же жок экени билинет.

ООРУНУ ЖАРАТУУЧУ ФАКТОРЛОР

Баш аламан жыныстык катнаш

Жыныстык жашоого эрте аралашуу

Жыныстык жактан жугуучу инфекциялар (хламидия, микоплазма, уреоплазма, папиллома вирусу жана башкалар)

Гормоналдык бузулуулар

Жатын моюнчасынын жаракаты. Мисалы, аборт же табигый төрөт учурундагы айрылуу

Иммунитеттин төмөндөшү жана башка

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

Ичтин төмөн жагынын ылдый тартып оорушу. Жаранын бети убак-убагы менен сыйрылып, канап, оорутат. Пайда болгон жара 1-3 ай ичинде чоңоюп, 1-2 сантиметрге чейин өсүп кетиши ыктымал. Жаранын чоңоюп кетишине радиация, жеке гигиенанын сакталбашы, экологиянын начардыгы, стресс, депрессиялар себепкер болот. Күйөөсү жыныстык жактан оору жуктуруп алып, дарыланбай койсо да жаранын чоңоюшуна түрткү болот.

Жыныстык катнаш учурундагы оорутуу. Кошулгандан кийин кан келет.

Этек кир келүү аралыгында мала кызыл өңдөгү суюктуктун келиши. Бара-бара суюктук жагымсыз жыттана баштайт.

ДИАГНОЗ

• Онкоцитология (рак клеткаларынын бар же жок экендиги аныкталат) анализи үчүн жатын моюнчасынын кырындысы (мазок)

• Папиллома бар экенин текшерүү үчүн жатын моюнчасынын кырындысы

• Кольпоскопия. Аппарат аркылуу жатын моюнчасынын абалын текшерүү

• Биопсия (ткандан үзүп алып текшерүү, клеткалардын өзгөргөнү бар же жок экендиги аныкталат)

ООРУНУН ТҮРЛӨРҮ

• Псевдоэрозия (жалган эрозия). Бул деле сезгенүүдөн улам жаралат, болгону бузулган клеткалар дары-дармектин жардамы менен калыпка келет.

• Эктопия (чыныгы эрозия). Цервикалдык каналдагы былжырлар этек кир келген учурда же жаракаттан улам үзүлүп, жатын моюнчасынын бетине жабышып калышы. Ал жердеги клеткалардын иштешин бузуп, сезгендирет. Ушундан улам жара чоңоюп, астынкы катмарга чейин өсүп кетиши мүмкүн.

Бул түрүндө консервативдик дарылоого мүмкүн эмес, операция гана жардам берет.

• Тубаса түрү. Бала түйүлдүк кезде эле цервикалдык каналдагы былжыр челдин клеткалары жатын моюнчасына өтүп, өсүп кетет. Тубаса түрү сезгенүүгө жана ооруга алып келбейт. Төрөткө зыянын тийгизбейт.

ДАРЫЛОО

Дарылоо ыкмасы эрозиянын түрү жана көлөмү, аялдын жашына жараша тандалат. Мурун дарылык тампон, жатын моюнчасына суюк дары куюу (ванночка) колдонулса, кийин алардын ордун заманбап ыкмалар ээлеген.

Дарылоо алдында иммунитетти көтөрүүчү дары-дармектер берилет. Кокус папиллома бар экени билинсе, анда аялга вируска каршы каражаттар берилип баштайт.

Эскерте кетсек, эрозияны учурунда дарылатпай жүрө берсе, акырында ракка айланып кетиши мүмкүн. Андыктан эрозия же башка аялдарга таандык оору бар же жок экендигин билүү үчүн аялдар 1 жылда 1-2 жолу гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп турушу кажет.

• Консервативдүү дарылоо. Бул жаранын көлөмү 0,5-1 сантиметрге чейин болсо колдонулат. Мында дары май сүйкөлөт, дары суюктук менен жуулат (спринцование).

• Хирургиялык дарылоо. Муну гинеколог-кольпоскопист врачтар жасайт.

1) Электрдик-хирургиялык ыкма. Анализден залалсыз рактын клеткалары табылган учурда колдонулат жана жатын моюнчасынын бети тегерете кесилип алынат. Кескенден кийин тырык калып, стеноз (цервикалдык каналдын жабылышы) болушу мүмкүн. Мындан улам сперматозоиддер ары өтө албай калып, аялда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жок калат.

2) Лазер менен дарылоо ыкмасы. Бул – заманбап дарылоо ыкмасы. Жаранын көлөмү 1-1,5 сантиметр болсо колдонулат. Жара лазер менен күйгүзүлөт, тырык калбайт. Төрөт жолдоруна зыяны тийбейт. Төрөй элек кыз-келиндерге да колдонулат.

3) Радио-толкун ыкмасы. Жараны нур менен айыктыруу. Тырык калбайт. Бул ыкма колдонулгандан 2 айдан кийин балалуу болууну пландай берүүгө болот.

4) Химиялык жана криодеструкция (суюк азот менен күйгүзүү) ыкмалары учурда колдонулбайт.

Эгер жатын моюнчасында залалдуу рак клеткалары бар экени билинсе, рак диагнозу коюлса, анда дарылоо онколог-гинекологдор аркылуу жүргүзүлөт. Рактын стадиясына жараша жатын моюнчасы же ага кошо жатын, жыныс кыны, жатын түтүкчөлөрү алынып салынышы ыктымал.

Канымжан Усупбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1052, 3-9-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан