ӨЛКӨДӨ ТОКОЙЛОР КАНДАЙ АБАЛДА?

Өлкө президенти Садыр Жапаров мамлекеттик карызды “жашыл долбоорлорго” алмаштырууну сунуштап, токойлорду калыбына келтирүү боюнча улуттук кампанияларды баштаган. Дүйнөлүк окумуштуулар “экологияны сактайлы” деп коңгуроо кагып жаткан шартта Кыргызстандагы токойлордун абалы эске түшөт. Токойду токойдой карап, кам көрүп жатабызбы? Аянты кыскарып кеткен жокпу? Атайын адистердин пикирин угуп көрдүк.

Майрамбек Алиев, Токой экосистемин өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси: “Жаш көчөттөрдү мал жеп кетүүдө”

– Кыргызстанда жалпысынан 1 миллион 206 миң гектар токой бар. Бул Кыргызстандын аянтынын 6,1 пайызын түзөт. Мамлекет 2 миллион 539 миң гектар жер бөлүп берген биз ошол аянтты жашылдантып, сактайбыз. Биздин милдет – токойлорду илдеттерден жана зыянкечтерден сактоо, жылына 1,5-2 миң гектар жерге көчөт отургузуу, 15 миллион көчөт өстүрүү. Учурда өлкө боюнча 41 токой чарбасы бар, алар 4 зонага бөлүнөт.

Биринчиси – карагай токой зонасы (Ысык-Көл, Нарын облустарында)

Экинчиси – жаңгак мөмө токой зонасы (Жалал-Абад облусу)

Үчүнчүсү – арча зонасы (Ош, Баткен облустары)

Төртүнчүсү – суу жээгинде орун алган токой зонасы (Чүй, Талас облустары)

Өлкөдө аянты жагынан эң көп токой баскан аймак Жалал-Абад облусу болуп эсептелет. Жыл сайын 1200 гектар жерге көчөт отургузабыз, мисалы, 2022-жылы 13 миллион көчөт өстүрүлгөн. Өкүнүчтүүсү – өлкөдө малдын саны абдан көбөйүп кетип биз өстүргөн жаш көчөттөрдү мал жеп салууда. Аларды сактоо, коргоо үчүн атайын коруктарды түзүү керек. Мисалы, 1 гектар жерди корукка айлантуу үчүн 150-160 миң сом кетет экен. Мындай каражат жок, ошондуктан ушундай иштерди жасай албай жүрөбүз. Бирок токойчулар атайын жаш көчөттөрдү асыроо иштерин жүргүзүп жатышат. 2022-жылы жазында 1117 гектар жерге көчөт тиккенбиз, анын 70 пайызы өнүп-өсүп токой экосистемин сактоого салымын кошту. Айыл өкмөттөргө, акимчиликке караштуу бактарды кароо, асыроо жоопкерчилиги ошол жергиликтүү бийликтин өзүндө.

Абдыжапар Аккулов, эколог: “Илимпоздорду угууга мезгил келди”

– Токойлорду сактоо, коргоо, көбөйтүү олуттуу маселелердин бирине айланууда. Президент Садыр Жапаров былтыр Глазгодо сүйлөгөн сөзүндө тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө көңүл буруларын айтып, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштоого старт берген. Жыл сайын “токойлорго көчөт тиктик" деп койбостон алардын андан ары жашап кетүүсүнө көз салышыбыз керек. Токой дарактарынын породалык курамын көбөйтүшүбүз зарыл. Азыр илим өнүгүп калды, биздин климаттык шартты эске алып, кайсы аймактарыбызда токой өсүмдүгүнүн кайсы түрүн көбөйтүү кажет экенин изилдеп чыгыш кыйынчылык жаратпайт. Улуттук илимдер академиясындагы токой институту ушул багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп, сунуштамаларды иштеп чыккан. Эми ошол сунуштамаларды иш жүзүндө колдонуп, маани берүүгө убакыт келди.

Биздеги токойлордун соңку экологиялык абалы аябай начарлап кетти. Себеби, табигый токойлорду сактап калыш үчүн куурап, чирип жок болгондордун ордун бакма көчөттөр менен толуктоо зарылдыгы турат. Тилекке каршы, азыр токойчулардын мээнетин элдин малы тепселеп, талкалап жатат. Малды көзөмөлсүз жая берсек, токой деле тапталып жок болот. Токойдун жаратылыштагы эң чоң функциясы тоо кыртышын бекемдейт, ар кандай жер көчкүлөрдөн сактап турат. Ошондой эле көмүртектин диоксидин жутуп алуу менен жаратылышты коргоочу, топуракты сактоочу, сууну сактоочу, климатты жөнгө салуучу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу, климаттын глобалдык өзгөрүшүнүн кесепеттерин тосуучу функцияларды аткарат. Кыскача айтканда, токой бул биздин өпкөбүз, аны жоготуп алсак, таза абадан дем ала албай калабыз. Бак, токой бар жерде климат кыйла салкын болот. Мисалы, мөңгүлөрдү сакташыбыз керек деп коңгуроо кагып жатпайбызбы? Ал үчүн мөңгүгө жакын аянттарда абанын температурасы бирдей деңгээлде сакталып турушу керек, ал токойлордон көз каранды. Кайсы жерде экосистем бузулса, ошол жерге токой керек. Дүйнө эли эмне үчүн жашыл массивдерди сактап калалы деп баш оорутуп жатат? Анткени аба баарына керек. Бирок технология, өндүрүш өнүккөн заманда бак-дарактын деле алы жетпей калууда, андыктан жалпы планета жаратылышты коргоо чараларын көрүүсү шарт.

Эрнис Токтоназаров: Токойлорду коргоо жана сактоо башкармалыгынын жетекчиси: “Токойчулардын укугу кеңейтилгени жатат”

– Өлкө боюнча токойлордо 2021-жылы 17, 2022-жылы 18 өрт кырсыгы катталды. Көбүнчө адамдык факторго байланыштуу. Токойго эс алганы баргандар тамеки чегип бүчөгүн ыргытышат, шишкебек бышыргандан кийин чогун өчүрбөй таштап кетишет... Өлкөдө ар бир токой чарбасынын бирден өрт өчүрүүчү унаасы бар, ага кошо ӨКМ, айыл өкмөттөрү, токойчулар менен биргеликте өрт өчүрүүчү ыкчам топтор түзүлгөн. Кырсык катталса дароо ошол топ ишке киришет. Буга чейин токойчулар бак-дарактарды кыйгандарга протокол толтуруп, аларды жоопкерчиликке тарта алчу эмес, бул үчүн Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлдөрүн чакырышчу. Жакында жаңы кодекс сунуштаганы жатабыз, токойчуларга укук бергиле деп, буюрса, сунушубуз ишке ашканы турат. Мыйзамсыз дарак кыйгандарга токойчу тарабынан протокол толтурулуп, айып пул салынат. Бул нерсе токойдун аймагында мыйзамсыз мергенчилик кылгандарга да тиешелүү.

2022-жылы 404 мыйзам бузуу катталып, броконьерлер мамлекеттин токой чарбасына 4 миллион 784 миң сом зыян келтиришкен. Мыйзам бузуучулардын ишин биз тергөөгө өткөрүп бергенбиз. Ал эми коомчулукта талкуу жараткан акыркы Ысык-Көлдүн токой чарбасындагы мыйзам бузуучулук боюнча айтсам. Биздин тартип бар, анын негизинде санитардык кыюуларга уруксат берилет, мисалы, кышында ооруп, куурап калган, кардан же шамалдан сынып калган дарактарды биз элге отун катары кыюуга уруксат беребиз. Ал дарактар курулуш иштерине жарабайт, отунга гана жарайт. Ысык-Көлдөгү окуяда ушундай болчу, кыйгандар уруксат менен кыйышкан. Бирок биз текшерип барганда 3-4 соо даракты кошо кыйганын далилдеп, тиешелүү чараларды көрдүк.

Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Токой институту: “Токойлор сууну сактап берүүчү да касиетке ээ”

– Токой институту көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында токойлордун суу системин жөнгө салууда мааниси чоң экенин белгилеген. Токойлуу жерлерде кар жай эригендиктен, эриген кардын суусунун баары топурак кыртышына сиңип, кыртышта суу топтолот. Ал суулар акырындык менен булак түрүндө агып чыгып, өзөн сууларга кошулат да, аларды жыл бою суу менен камсыздайт. Ал эми токойсуз жайдак жерлерде кар бат эрип, кардын суусунун көбү жаздын алгачкы күндөрүндө эле өзөндөргө агып түшүп кетет. Токойлор жер үстүндөгү агымдарды гана тоспостон, эрозияны токтотуучу зор касиетке ээ. Ошондой эле, токой өсүмдүктөрү табигый кырсыктарды, айрыкча, Кыргызстанда көп болуучу жер көчкүлөрдү, селдерди, таш көчкү, кар көчкүлөрдү болтурбоого, болсо кесепеттерин азайтууга жардамчы.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан