Добр, рэпер: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАЙТУУГА АРАКЕТ КЫЛАМ»

Ар бир адамдын жеке дүйнөсү бар. Ал дүйнөгө жашоосундагы эң жакын адамдарды, сүйгөн, маанилүү деп санаган нерселерди гана киргизет, сактайт. Бул ирет рэп аткаруучу Добрдун дүйнөсүнө саякатка чыгабыз.

«Окуудан кийин термоско чай демдеп алып ата-энеме барчумун»

– Жашоомдогу, жан дүйнөмдөгү эң маанилүү адамдар – ата-энем. Атам Аксыдан Бишкекке 8-классында келген экен, апам ат-бышылык. Экөө тең өмүр бою соодада жүрүштү. 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүштү. Кудайга шүгүр, бизди эч нерседен кем кылышкан жок. Башында апам дүкөн иштетчү, атам коңшу Алматыдан же чет жерден товар ташычу. Кийин “Толчок” деп коюшчу ал кезде, азыркы “Дордой” базарында соода кылышты. Мектептен чыккандан кийин термоско чай демдеп алып атам менен апама барчумун. Алар “Мадонна” деген бут кийимдерди сатышчу, кардарлар талашып сатып алышар эле. Орусиянын Курган деген шаарына барып да соодагерлик кылышты. Ал жактан Бишкекке кайтып келгенден кийин үйдүн жанына 2 кабат дүкөн курушту. Анын 2-кабаты дүкөн, асты мончо болду. Үй-бүлөбүз менен ошол дүкөндү иштеттик. Кийин мен ырдап чыгып, атым таанылып калгандан кийин мончобуз “Добрдун банясы” деп аталып калды.

«Атамдын көзү өтүп кетти, микроинсульт алганын байкабай калыппыз»

– 2 жыл мурун атамдын көзү өтүп кетти. Микроинсульт алганын байкабай калыптырбыз. Бир күнү эле таң атпай өзүн начар сезе баштады. Ооруканага жаткыргандан кийин врачтар “эртең келгиле, эс алсын” деп бизди кетирип жиберишкен, үйгө жеткенде эле кайра чалышты. Барсак, атамдан айрылып калыптырбыз. Мындай жоготууну кабыл алуу аябай оор экен. Эң жакын адамыбыздан, тирегибизден айрылып, жүрөк сыздап кала бердик. Жаш кетти, 56 жашта болчу. Азыр апам 57 жашта, дагы эле мончону карап иштетет. “Апа, болду, эс алыңыз” десем болбойт, “кыймылдап туруш керек, кыймылдабасам ооруй баштайм” деп калат. Азыр апамдын көзүн карап турабыз. Атам каза болгондон кийин апамды мурдагыдан да көбүрөөк аяп калдык.

«Карындашымды капа кылгандарды ордуна койчумун»

– Бир туугандардын улуусумун. Иним 18 жашта, спортко жакын. Мен да самбо боюнча спорт чеберине талапкер болгом. Иним аскерге барууга аябай кызыгат, былтыр ден соолугуна байланыштуу барбай калган. Быйыл жазында барам деп жатат.

Менден кийинки карындашым Айзада үй-бүлөлүү, 2 кызы бар. Экөөбүз удаа болгон үчүн ынак чоңойдук. Апамдар базардан келгенде сюрприз кылабыз деп үйдү бөлүшүп алып жыйначубуз. Карындашым кичинесинде томпойгон кыз эле да, бирөөлөр аны семиз деп тийишип, капа кылса аларды ордуна койчумун.

Мээрим деген карындашым учурда 27 жашта. Өнөрлүү, 11-классында эле түстүү кагаздардан гүл, конверт жасап, аларды интернеттен сатып киреше тапчу. Азыр жеке иштери менен алек.

«Үлгүлүү жолдош, ата болууга аракет кылам»

– Жашоомдун дагы бир маанилүү барагы 2015-жылы 27 жашымда ачылды. Интернеттен сүрөтүн көрүп, бир кызды жактырып калдым. Жазышып, сүйлөшүп кеттик. Ал ошол маалда Ысык-Көлдө жүргөн экен, Бишкекке келгенде тосуп алдым. Кыз-жигит катары 3-4 ай сүйлөшүп, баш коштук. Жубайымдын аты Жибек, азыр 2 уул, 1 кыздын ата-энесибиз. Бактылуубуз, убакыт өткөн сайын сүйүү, махабат бекемделет экен. Үлгүлүү жолдош, ата болууга аракет кылам. Биринчи балалуу болгондо аябай сүйүнгөм, толкунданып, көзүм жашылданып... Эйфория бүткөндөн кийин “аа, ата болот деген ушул турбайбы” дегеним эсимде (күлүп). Балдарыбыздын кыргызча сүйлөшүүсүнө басым жасайбыз. Улуу балам абдан боорукер, “ата, апа, эмне кылып жардам берейин?” деп эле турат. Кызым мени жанынан карыш жылдыргысы келбейт, кичүүбүз чоңоюп келатат.

«Сиздин ырларыңыз менен өстүк деп калышат»

– Окуучу кезде ырдап, ыр жазып калчумун. Бирок буга олуттуу карабайт элем. Алгачкы жолу “Маяк” деген ыр чыгарып, ал ыр телефондогу чалуулардын музыкасына коюла баштаган. Анан “Ата-эненин баркын бил” деген ырыма өзүм сценарий жазып, ижарага камера алып клип тарткам. Бир күнү дүкөндө отурсам кардарлар “ой, сени телевизордон көрдүм” дей башташты. Баары ошентип башталды.

Азыркы белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыковдун эң биринчи тарткан клиби менин ырыма тартылган. Өзү да “клип тартууну Добрдан баштагам” деп жүрөт. Бара-бара ырларым диск, радио аркылуу элге тарай баштады. Бир күнү эле сиздерден – “Супер-Инфодон” чалышып, “Дебют” деген рубриканын астында интервью алышты. Ошол учурда окурмандар мени көп сурашчу экен, атам дагы мени тааныбаган киши болуп барып “Добр деген ырчы чыгып жатат, ошондон качан интервью аласыңар?” деп сурап койчу экен. Муну кийин билдим. “Супер-Инфонун” алгачкы концертинде гезиттин гимнин жазып, ырдадым. Ошондо “Жылдын дебюту” деген наам боюнча 2-орунду алгам, Каныкей 1-орунду, Арсен 3-орунду ээлеген. Ошондон баштап телеканал, радио-гезиттерге байма-бай чыгып, арты-артынан чыгармаларды жарата баштадым. Жок эле дегенде 1 айда 2 ыр чыгарып, клип тартып жиберчүмүн. Спортчулар менин ырларымдын коштоосунда рингге чыга башташты. Кудайга шүгүр, ошол эмгектин артынан азыр мени көпчүлүк сыйлайт. “Сиздин ырларыңыз менен өстүк, сыйлайбыз” деп чоң эле жигиттер, кыздар айтып калышат. Ал кезде чыгармачылык мен үчүн абдан кызык болчу, күүлөнүп алып тынбай иштегенден ырахат алчумун. Азыр “Добр байке, эмне ырдабай калдыңыз, сиздин ырларыңыз биздин балалыкты эске түшүрөт” деп жазып калышат. Кудайга шүгүр, социалдык тармактарда менде негатив жок, хейтерлерим да жокко эсе. Ушул мени кубандырат. Эми жакшы бир чыгармаларды жаратып, чыгармачылыкка кайтканга аракет кылам. 2022-жылы “Достор” деген бир эле чыгарма жазыптырмын. Мурдагыдай катуу чуркаш үчүн ошол кездегидей жаштык дем-күч, энергия, эргүү керек окшойт.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Гулнура
2023-02-24 14:04:00
Добурга ийгилик каалайм. Сени балдарым аябай жакшы көрүшөт.
0
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан