Бир бүркүм. Бишкек-Баткен аба каттамы жанданды...

  • АКШнын Бишкектеги элчилиги: Виза алуунун убактысы тездейт.
  • 5-февралда Чоң-Алайда аңчылыкка кеткен 27 жаштагы жигит кар көчкү басып каза тапты.
  • Бишкекте 6-февралда автоунааларга бажы алымы кымбаттады деп унаа ташуучулар митингге чыгышты.
  • Кыргызгидромет: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Учурда Кыргызстанда 300дөй индиялык компания иштеп жатканы расмий маалымдалды.
  • Баткен облустук сотунун катчысы 300 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
  • Интернеттен экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелип Баткендин 22 жаштагы тургуну кармалды.
  • 23 жаштагы айым зордуктоого күнөөлөп коомдук ишмер Нурлан Мотуевдин үстүнөн арыз жазганы кабарланды.
  • Жарандык активист Назарбек Нышанов бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелип кармалды.
  • Жеке ишкерден пара талап кылууга шектелип Базар-Коргон райондук администрациясынын жооптуу кызматкери кармалды.
  • 9-апрелде Чүй, Талас, Ош, Нарын жана Баткен облустарынын айрым аймактарында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
  • 7-февралдан тарта Бишкек–Баткен–Бишкек аба каттамы жанданды.
  • Бишкектин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көтөрүлдү деп маалымдалды.
  • Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы маалымдалды.
  • Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Бишкек–Ош жолундагы "Чычкан" постунан баңгизат ташууга шектелип 47 жаштагы аял кармалганы маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан