ТҮРКИЯДАГЫ АПААТ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮН ЫЙЛАТТЫ

6-7-февраль күндөрү Түркияда жана Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөөлөр катталып, кесепети оор жоготууларга алып келди. Расмий маалыматка таянсак, 9-февралга карата жер силкинүүдөн Түркияда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алды. Расмий Анкара жана Дамаскка дүйнө жүзү көңүл айтып, жардамга кол сунууда.

83 жылдан бери боло элек зилзала

Жер титирөө Түркиянын түштүк-чыгышында, борбордук бөлүгүндө катталып Адана, Анталия, Газиантеп, Малатия, Диярбакыр, Кайсери, Мерсин жана башка шаарлар катуу жабыркап, миңдеген турак үйлөр, имараттар, дүйнөгө белгилүү тарыхый жайлар талкаланды. Жер титирөөнүн запкысын Түркияга коңшулаш Сирия да тартты, 9-февралга карата аталган өлкөдө апааттан каза тапкандардын саны 3 миң адамга жетти. Жер титирөөнүн күчү Грузия, Абхазия, Ирак, Ливан, Арменияда да сезилген. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай зилзала Түркияда 1939-жылдан бери боло электигин айтты.

Эскерте кетсек, 1939-жылы декабрда Түркиянын Эрзинжан шаарында күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын артынан катуу суук каптаган. Бул апаатта 32 миңден ашык адам каза болуп, 100 миңдей киши жаракат алган.

Түркияда 7 күндүк жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды. Тилекке каршы, табият кырсыгынын курмандыктары улам көбөйүүдө, куткаруу иштери уланып жатат.

Кыйын кездеги боордоштук

Кыргыз бийлиги Түркиянын жетекчилигине көңүл айтып, кыйроонун кесепеттерин жоюуга жардамдашуу үчүн 6-февралда куткаруучулар тобун жөнөттү. Зарыл болсо дарыгерлерден турган бригада жөнөтүүгө даяр экенин да билдирди. 7-февралда президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефондо сүйлөшүп, көңүл айтканы кабарланды. Кыргыздын Түркиядагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан 22 мекендешибиз эвакуацияланганын (9-февралга карата) билдирди. Мекендештерге көмөктөшүү боюнча Түркияда атайын штаб иштеп жатат.

Атайын эсеп ачылды

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарды колдоо үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды:

Банк: “Айыл банк” ААКсы

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп номери 1350102119900169 “Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)(сом, АКШ доллары, евро).

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”

Багыты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык жактардан жардам.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги зилзаладан жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам чогулта баштады. Жардам берүүнү каалагандар элчиликке кайрылышса болот. Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 89. Кийим-кече, күнүмдүк тиричиликке керектүү каражат жана азык-түлүккө муктаждык бар экени маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан