ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫ: БӨЛТҮРҮК “КУМТӨРДӨН” 473 МИҢ ДОЛЛАР СЫЙ АКЫ АЛГАН

Эсептөө палатасы “Кумтөрдүн” 2021-2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн иликтөөсүнүн отчётун жарыялады. Андагы айрым маалыматтарга токтолсок.

2021-жылы “Кумтөр” компаниясынын штаттык бирдиги 2928 адам болсо, 2022-жылы “Кумтөрдүн” тышкы башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүк 4028 адамдан турган (37 пайызга көп) жаңы штаттык бирдикти бекиткен. Эсептөө палатасы муну “негизсиз” деп белгилейт.

2022-жылдын май айында Бөлтүрүк өзүнө сый акы жаздырууга буйрук чыгарганы айтылат маалыматта. Ага ылайык, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин Бөлтүрүккө 473 миң доллардан ашуун сый акы берилген. 2021-жылдын декабрь айында Бөлтүрүк өзүнө 55 миң доллар өлчөмүндө сый акы белгилеп алган деп айтылат отчётто.

2022-жылдын февраль айында “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин жетекчиси болуп дайындалып, “Кумтөрдүн” тышкы башкаруучусу кызматынан кеткенден кийин да Бөлтүрүк “Кумтөрдөн” айлык алып турганы, 5 айда 320 миң доллар маяна алганы маалымдалды.

Эсептөө палатасы “Кумтөрдүн” кызматкерлерине маяна берүүдө да көптөгөн катачылыктар кеткенин белгилейт. Мисалы, жергиликтүү кызматкерлерге айлыкты компаниянын бухгалтериясы, чет элдик кызматкерлерге “Бейкер Тилли Бишкек” деген жалданма компания которуп турган.

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсептөө палатасынын отчёту Бөлтүрүктү атайын жаман көрсөтүү үчүн даярдалган деп чыкты.

– Эсептөө палатасынын отчёту мыйзамсыздыктын, баш аламандыктын флагманы жана “Кумтөрдү” иликтөөдөгү реалдуу жыйынтыкты бурмалоо,- дейт жактоочу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан