ЛИТВАЛЫК ЖҮК ТАШУУЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНГА КАТТАЙ АЛБАЙ КАЛЫШКАНЫНА НААРАЗЫ

Литванын автоунаада жүк ташуу улуттук ассоциациясы 5-февралда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга жүк ташый албай калганын айтып чыкты.

– Литвалык жүк ташуучуларга ыңгайлуу маршруттар жабык. Анткени расмий Вильнюс санкциялар аркылуу Орусия жана Беларусь менен кызматташууга тыюу салган. Ал эми Азияга жол дал ушул Литвага “душман” өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өтөт,- дейт ассоциация.

Эксперттер 2022-жылы Литвадан Орусияга товар жөнөтүү азайып, КМШдагы башка өлкөлөргө өстү дешет. Мисалы, Литвадан Казакстанга жана Өзбекстанга товар экспорттоо 3 эсе, Кыргызстанга 10 эсе өскөнү айтылат маалыматта. Литванын Кыргызстан жана Латвия, Польша, Германия, Түркия, Италия жана башка Европа өлкөлөрү менен түз темир жол байланышы бар.

Айта кетсек, Кыргызстан Литвадан автоунаа, тиричилик жабдыктарын жана азык-түлүк импорттойт. Ал эми аталган өлкөгө бал жана күмүш экспорттойт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан