Назира Жетигенова, куудул: "ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КЕТЕМ, АКШны ЖЕ ЕВРОПАНЫ МЭЭЛЕП ТУРАМ”

– Назира айым, кандай жүрөсүз? Былтыркы жылдын аягында маданияттын мыкты кызматкери наамын алдыңыз, кут болсун!

– Жакшы, рахмат. Ооба, былтыр мүчөл жылым дагы болчу. Мүчөл жылда сак болуп жүрүш керек, кызыл түстөгү буюм, кийим алыш керек дешет го. Мен кызыл түстүү автоунаа сатып алгам. Тамаша, ал үчүн эмес, андайга ишенбейм. Бирок былтыр өзүмдүн кыялымдагы унааны алдым. Андай унаа Майкл Жексондо, Жеки Чанда, анан менде эле бар, эки эшиктүү, жалпак спорттук унаа. Сыйлыкка келсек, маданият тармагында эмгектенип келе жатканыма 27 жыл болду. Сахна артында 11 жыл иштегем. Башка ырчылар көрө албастык кылганбы, билбейм, айтор, Ибрагим Жунусов министр болуп турган кезде маданияттын мыкты кызматкери сыйлыгын алуу үчүн документ тапшыргам, бирок берилген эмес. Менден кийин чыккан жаш ырчылар, окуучуларым маданияттын мыкты кызматкери аталышты. Элге деле сыр эмес болуш керек, сыйлык тааныш-билиш аркылуу берилген учурлар бар. Андайлардын баарын көргөндө бир аз таарыныч болот экен. Бербесеңер койгула, эл сыйласа болду деп калгам. Анан былтыр минтип маданияттын мыкты кызматкери наамын, президенттин колунан Ардак грамота алып, абдан бактылуу болдум. Азыр деле өпкөм көөп жүрөм. Эмгегиңди баалап койсо дагы да күчтөнүп иштегиң келет экен. Мурда жашоо ак-кара болуп көрүнсө, азыр түстүү көрүнүп калды.

– Сонун. Жашарып эле баратасыз...

– Жашаруу, сулуу болуу ар кимдин эле колунан келет. Бетиме массаж жасатып турам, көнүгүүлөрдү жасайм, косметика колдоном. Мурдагыдан 15 килограммга арыктадым. Пластикалык операция жасатканымды жашырбай эле айтып жүрөм. Анан тукумубуз ушундай окшойт, апам, эже-сиңдилерим да жаш көрүнүшөт. Мурдум кырдач, кашым капкара, оозум оймоктой, бах, чиркин, эмне мынча сулуумун (күлүп). Үйдөгүлөр “кичинеңде тишиң жок, бетиң жара, түрүң суук болуп турса да күзгүнүн алдына туруп алып өзүңө суктанып, “бах, чиркин, эмне мынча сулуумун” дей берчүсүң” деп айтып калышат.

– Азыр көпчүлүк психологияны изилдеп, өздөрүн издеп, жан дүйнөдөгү илдеттерден арылууга аракет кылып калышпадыбы. Сиз да ошол катардасызбы?

– Ооба, психологго барам. Бизде психологго көп барышпайт, бирок баары псих. Мисалы, машина айдап баратканда кыйкырып-өкүрүп, сөгүнүп эле жатып калып жатпайбызбы. Акча коротуп баргыңар келбесе, интернеттен деле көп маалымат алса болот. Мен деле ошентем. Баарыбыз эле депрессияга түшөбүз. Аны дарылабай жүрө берсең, психикалык жактан ооруп каласың.

– Сиз да көп түшөсүзбү депрессияга?

– Болуп турат. Мен адамга таарынбайм. Туура эмес нерсе кылса жүрөгүм ооруп калат, бирок кечирем. Анан улам кайталай берсе “жарылам” да, ал адамды жашоомдон чийип салам. Ушундай учурларда депрессияга кабылышым мүмкүн. Депрессияга түшкөндө тоо жакка барып, суунун жээгине отуруп алып кыйкырып ыйлайм, же телефонду өчүрүп, бөлмөмдү караңгы кылып алып кино көрөм же мончого барам, дем салдырам. Шоу-бизнесте да депрессияга түшүп дарыланбай койгондор бар. Эл алдында жүргөндө көз тийет, сөз тийет, энергиябыз түгөнүп калат. Анан шалдырап жатып калабыз. Ошондон улам да депрессияга көп түшөт биздин чөйрөдөгүлөр. Жаман комментарий, жакшы сөздү көтөрө албай калышыбыз мүмкүн. Мурда эч ким тааныбай жүрүп эле бир заматта жылдыз болуп кеткенде көөп, эмне кыларын билбей, анан депрессияга түшкөндөр бар. Бул учурда сөзсүз дарыланып айыгыш керек.

– Көп атактууларда бала кезден калган травмалар бар экен, сиздечи?

– Жок, мен эркин жана эрке өскөм, атам мага вагон-вагон дух берген. Эч ким мага кол көтөргөн эмес. Ушул үчүн аябай ыраазымын. Эркин өскөнүмдүн да жакшы таасири болсо керек, чоңойгондо эч тартынбай, кандай жумуш болбосун кирип, иштеп кете бердим. Тамашалап “идиш жуугуч, пол жуугуч анан сойку болуп гана иштеген жокмун” деп калам. Гезит, чай, оромо, кийим саттым, ИИМде, наабайканада да иштедим. Эки кызымды багыш үчүн гастроль жокто туш келген жумушка кете берчүмүн.

Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө 30 жылга чукулдап калыптыр. Бул убакытта эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Назира Жетигенованы таптым, бала бакчага барып жүргөндө эле “клоун болом” дечүмүн. Ошол тилегим ишке ашты. Сахнага жаңы чыкканда ырчы, кийин актриса болом дедим. Өзүмдү көпкө чейин таппай жүрүп, анан куудулдуктан таптым. Кесибимдин арты менен элдин батасын, сыйын, сүйүүсүн таптым десем болот. Эмне жоготтум? Сахна артында кыйынчылык көп, уктабаган, тоңуп калган, ачка калган күндөр болот. Жаштыгым, ден соолугум кетти десем болот го. Бирок жоготкондон тапканым көп. Мурда Таластын кызы болсом, азыр Кыргызстандын кызымын. Кайда барсам төргө өткөрүп сыйлашат. Жумушумдун арты менен чет өлкөлөргө чыктым. Кайра жаралсам деле артист болмокмун.

– Жеке жашооңузда эмне жаңылык?

– Жеке жашоодо банкротмун (күлүп). Эч ким жок, өзүм деле издеген жокмун. Сүйүүнү издебеш керек, ал өзү эле келет. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет дейт, көңүлүм калып коркуп калдымбы, же башында айткандай, өзүмө блок коюп койдумбу, айтор, сөз айткандар бар, бирок мамиле курууга каалоом жок. Мурда деле айтпадым беле, азыркы жигиттер алымыш болуп тийип алганы жатпайбы, көбү ошондой болуп кетиптир. Менин алгым эмес, тийгим келип жатат. Тең теңи менен деген кеп да туура экен. Пугачёваны туурап жаш жигит менен да сүйлөшүп көрдүм. Жаштар болбойт экен.

– Эмки жылы 50гө чыгат экенсиз. Мүмкүн болсо 20 жаштагы өзүңүзгө 50нүн кырында туруп кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эркектерге ишенбе, көзүңдү ач, алдыга гана жыл. Жашоо бир гана эркектер менен же үй-бүлө менен чектелип калбайт. Окуй эле бер демекмин.

– Быйылкы жылга кандай план койдуңуз?

– Чет мамлекетке барып жашасамбы деп жатам. Кыргызстанды эч нерсеге алмаштыргым келбейт, Кыргызстанда эле жашагым келет. Бирок Кыргызстандагы азыркы жашоом – көр тирилик гана болуп жатат. Атам, байкемдер каза болуп калгандан кийин оор жүктөр меники, 300 адам менен катышмай. Тойго барыш керек, ашка барыш шарт, үйгө азык-түлүк алып, светке акча төлөш керек, айтор, ушул сыяктуу нерселердин арасында эле айланып жүрөм. Өскүм келип жатат. Чет өлкөдө 5 жылдай жашап келсемби деп жатам. Европаны, АКШны жана Түркияны мээлеп турам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан