(Башы өткөн сандарда)
Жолдо үн катпай келе жаткан Айдайды карап койду Илим. Көздөрү алыскы тоолорго тигилип, ууртунда күлкү ойноп калгандай.
– Жеңилдедиңби?
– Ооба, адам баласы кызыкпыз, ээ? Эбак эле келсем эмне болмок. Макул, мурун жаштык кылыптырмын, кийин эмне келбедим экен? Ичимдеги боштук жоголуп кеткендей сезим болду. Болбосо дайыма ичимде бир боштук бар эле. Апам, байкушум...
Айдай колундагы ата-энесинин сүрөтүн сылап койду.
– Сен атаңа окшош экенсиң. Талантың да атаңдан өтсө керек.
– Балким...
– Мен сени жакшы билем, атаңды да табасың сен...- деди Илим ишенимдүү.
– Ооба, буюрса, ал кишинин да окуясын өз оозунан угам. Бирок азыр иштердин башында туруш керек. Толтура долбоорлорду таштап баса бердим. Канча адамдын эмгеги, жеген наны мага байланыштуу. А мен алсыздык кылып качып кеттим. Эми гана жоопкерчиликсиздик кылганымды сезип турам. Бирок мен бул сапардан башкача Айдай болуп кайтып келе жатам.
– Мурункудан да күчтүү болуппу?
– Жок, жашоону дагы терең билген Айдай, көкүрөгүмдөгү дартты айыктыра ала тургандай сезилип жатам өзүмө. Мурун мен жан дүйнөмдөгү жарадан кутула албачудай сезчүмүн. Азыр айыга аларыма көзүм жетип калды.
Айдай шаарга келгени жаны тынган жок, толтура иштер күтүп турган болчу. Мурункудан да энергиялуу, шайыр Айдайга айланды. Бир гана Эмир...
Кастингден өткөн топ баланын ичинде ал дагы бар. Бүгүн топ түзө турган жигиттер жолугушууга келишмек. Айдай Эмирди көрөм деп өзүнчө толкунданып алган эле. Бирок ал өз убагында келбеди, ындыны өчө түштү. Бир саат өткөндөн кийин гана эшик аста тыкылдап, колуна рюкзагын кармаган Эмир баш бакты.
– Кечиресиз, кирсем болобу?
– Болот. Эмнеге кечигип калдың?
– Уктап калыптырмын.
Ачык жоопко эмне дээрин билбей калды. Жигит болсо турат, эмнегедир өзүнөн көзүн албай. Жалтанып кетти Айдай. Кайра жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Эмнегедир аябай тааныш нерсе бар бул балада. Көздөрүн ала кача башка нерсеге алаксыганга аракет кылды. Көп нерселер айтылды. Топ түзүү боюнча, кандай даярдыктар боло турганы, формалар тууралуу айтып жатты. Бирок ою Эмирде...
– Вокалдан өзүм сабак берем. Бирок мындан ары кечигип келмей жок болсун, макулбу?
Эмирден башкасынын баары башын ийкеди.
– Эмир, макулбу?
– Мен убада бере албайм ошону, эже.
– Эмнеге?
– Мен уйкучумун. Эртең менен туруш мен үчүн бир тозок.
– Бирок биз бир сен үчүн даярдыкты токтотуп тура албайбыз да.
Эмир ийинин куушура берди. “Эрке экени көрүнүп турат, бирок кетирип жибергенге да болбойт, топто үнү эң жакшысы ушул жигит. Бул дагы ошону сезип турат окшойт” деп ойлоп турду Айдай. Эмир болсо анын оюн окуп тургандай тиктеп, жылмайып койду эмнегедир.
– Макул, сени менен анан сүйлөшөбүз.
Даярданып бүтүп кетерде Айдай Эмирди токтотуп калды.
– Өз талантыңа олуттуу карашың керек деп сага эч ким айткан жок беле?
– Айткан.
– Ким?
– Көбү эле, бирок апам дайыма айтат.
– Апаң канчада?
– Апакем жапжаш,- деди Эмир. Ойлонуп туруп кошумчалап койду: – Мага дайыма сулуу, жаш көрүнөт. Башкасын билбейм.
– Атаңчы?
Эмир ийинин куушуруп койду.
– Атаң тууралуу такыр айтпадың, кайда иштейт, эмне кылат?
– Бизнесмен, акчасы кө-өп кишилер болот го. Ошонун бири – менин атам.
– Эмнеге минтип сарказм менен айтып жатасың?
– Сарказм деле эмес. Ал дайыма мени “колуңдан коко тыйын келбейт, мен сенин жашыңда мындай иштерди кылчумун. Биздин династиянын байлыгын кимге калтырам?” деп мээмди жей бергени үчүн байлыгынын деле мага кереги жок болуп калган.
– Дагы эмне дейт атаң?
– “Гитараңды сындырам, ырдасаң башыңды жулам, ырчылык ата-бабабызда жок”. Кыскасы, мен такыр колумдан эч нерсе келбеген бирөө экенимди айтат.
– А сенин колуңдан келеби?
– Эмне?
– Өз жолуң менен кетүү, атаң канча каршы чыкса да талантыңды баалоо, ал сага кандай жаман мамиле кылса да жакшы сапаттарыңды сактап калуу...
– Сиз анча терең кетпеңизчи,- деп күлүп койду Эмир. Айдай дагы деле суроолуу тиктеп турганын көрүп башын кашый берди. – Кааласам баары колумдан келерин билем. Бирок менде ошо каалоо жок. Ичимде бир боштук бар. Эмне менен алек болсом да толбойт,- деп алып кызарып кетти. Рюкзагын шак алды да, туруп чыгып кетти коштошпостон. Айдай аркасынан узатып кала берди. Эмнегедир аркасынан чуркап чыгып токтотуп, айта албай көмөкөйүндө калган сөздөрдү айттыргысы келди. “Баары жакшы болот” деп кучактагысы келди. Өзүн араң токтотуп калды.
ххх
Илим үйгө кирип келери менен аялы каршысына чыкты.
– Кайда жүрөсүң?
– Сен качантан бери кайда жүргөнүмө кызыгып калдың? Эмне болду?
– Айдай деген шуркуяң менен кеттиңби?
Илим жылмайып алды.
– Айдай шуркуя эмес, биринчиден. Экинчиден, экөөбүз бири-бирибизге мындай суроо менен кайрылбай калганыбызга канча болду? Бизди байланыштырган балдар гана бар. Калган учурда эркин кушпуз. Ушундай эмеспи? Бул сенин каалооң эмес беле?
– Мага акча керек.
– Ойношуңдун акчасы түгөнүп калдыбы?
– Калжыңдабачы, Илим,- деди аялы жактырбай.
– Ой, мени билбейт деп ойлойсуңбу, билем мен баарын...
– Мен баарын жыйыштырдым.
– Ии де, эмне болуп кетти?
– Сага өчөшүп кылчумун баарын, сен жоголуп кеткен учурда ойлондум. Сен мага керек экенсиң.
– Мына эмесе,- деди оозун ачкан Илим.
– Жашыбыз да келип калды, жакында неберелүү болобуз. Кудаларга уят. Адамча жашабайлыбы?
– Сен ортодогу ушунча жылдык окуялардын баарын унутуп, адамча жашайбыз деп ойлоп жатасыңбы? Баракелде, мындай гениалдуу ойду сен гана ойлоп тапмаксың. Браво!
– Илим, эмне десең ошо де, бирок мен сени Айдайга коё бербейм.
– Ошондой де, эч кабатыр болбо, Айдай мени өз жашоосуна ала турган аял эмес. Бул биринчиден... Экинчиден, Айдай болбогон күндө деле экөөбүз кадимки адамдардай, жубайлардай жашашыбыз мүмкүн эмес. Бири-бирибизди ушунчалык талкаладык, көңүл деген ордуна келбейт экен, Барчын. Ошол үчүн сенин гениалдуу идеяларыңа рахмат. Чарчап келдим, мен жатайын.
Илим басайын деди эле Барчын моюнунан кучактады. Илим же түртө албай же кучактай албай дендароо болуп туруп калды. Аялдын тааныш жыты урду мурдуна. Кызык, минтип кучакташпаганына 5-7 жыл болуп калса керек. Алар бир чатырдын алдында жашаганы менен, башка-башка бөлмөлөрдө, куду бейтааныш адамдардай жашаганына көп убакыт болгон экен. Акырын аны өзүнөн оолактата түртө берди. Аял тиктеп калды. Көздөрүндө жаш...
– Ой, сага эмне болду, көргөн сериалдарыңдан таасирленип алгансың го,- деди Илим күлүп.
– Тээ башынан эле мен сен үчүн туура келбеген, жарашпаган кийимдей элем. Мен киммин сенин жаныңда, туурабы? Сен мени эч көрбөдүң, Илим. Ооба, балким, биринчи катаны мен кылгандырмын, бирок мени ал чуңкурга түрткөн сен болчусуң. Кайсы аял сүйүктүү болгусу келбесин?! Сен деле апакай эмессиң, баары сенин айыңдан болду. Мага эми акылман болбо!
Илимдин муштуму түйүлө баштады. Ошол кыянатчылыкты эстегенде биринчи жолкудай эле жаны кашаят.
– Биз бири-бирибизге муну эстетпейбиз деп сөз бергенбиз, Барчын. Мага эстетпе, жакшысы.
– Мен да чарчадым. Сага чак келбеген көйнөктөй болуп жашагандан тажадым.
– Ажырашалы, Барчын,- деди чарчаңкы сүйлөгөн Илим.
– Эмиби?
– Эмнеси бар экен? 50 жашта ажырашкан биз эле бекенбиз? Сага да жакшы, мага да жакшы...
(Уландысы кийинки санда)