Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгы менен дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, спорттогу мыкты жетишкендиктери үчүн төмөнкү спорт өкүлдөрү сыйланышты:
“Даңк” ордени менен:
Мелис Турганбаев – Күрөш федерациясынын президенти;
Канатбек Бегалиев – грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;
Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү боюнча балбан;
“Даңк” медалы менен:
Русланбек Маджинов – эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
Сүймөнкул Таабалды уулу – эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу;
Эрназар Акматалиев – эркин күрөш боюнча балбан;
Ахрор Иминов, Динара Исаева – Күрөш федерациясынын вице-президенти;
Хаким Махмудов – грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу;
Дайырбек Карыяев, Бекболот Токтогонов, Артур Сансызбеков – самбо боюнча балбан;
“Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген кызматкер:
Азат Эркимбаев – грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
Улукбек Карачолоков – грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу;
Абдужалил Юнусов – дзюдо боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
Ардак грамота менен:
Арсен Эралиев, Исламбек Тазабеков – грек-рим күрөшү боюнча U23 курама командасынын улук машыктыруучусу;
Искендер Алымбеков – таяк тартыш федерациясынын президенти;
Абдурахман Муртазалиев – Джиу-джитсу улуттук федерациясынын президенти;
Азиз Ибраев – Самбо федерациясынын президенти;
Уланбек Молдодосов – Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти;
Арсалан Будажапов – эркин күрөш боюнча балбан;
Амантур Исмаилов – грек-рим күрөшү боюнча балбан;
Эмил Молдодосов, Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетчи;
Азамат Казакбаев – самбо боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу;
Ырысбек Мамышев – эркин күрөш боюнча машыктыруучу;
Дастан Муктаров – грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу;
Марат Раматов – таяк тартыш боюнча башкы машыктыруучу;
Самат Токтоналиев – Спорт департаментинин директорунун орун басары.