Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты: “САЯСАТТА ПОЗИЦИЯМДЫ АЧЫК АЙТА АЛАМ, ЭЧ КИМДЕН КОРКПОЙМ”

Дастан Бекешев парламенттеги активдүү эл өкүлдөрүнүн бири. “Саясатчынын дээрлик бош убактысы болбойт, бирок адам өсүп-өнүгөм десе, анда китеп окууга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө убакыт табышы керек”,- деген депутат менен баарлашууну сунуштайбыз.

– Саламатсызбы Дастан мырза, Түркиядагы жер титирөөдөн кийин көпчүлүктө ушул ой жаралды болуш керек. Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын сапатына кепилдик барбы?

– Ооба, бизде да жер титирөөлөр болуп турат. Кудай сактасын, эгер жер катуу титиресе азыркы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр четинен кулайт, анткени дээрлик баарынын сапаты начар. Бизнес, акча деп жүрүп адам өмүрүнүн кымбаттыгын унутуп калдык. Албетте, бизнесте үнөмдөө болот, бирок курулуштан үнөмдөсөң өмүргө коркунуч туулат. Адатта, жаңы үй колдонууга берилерде атайын органдар текшерип, баары стандартка туура келсе гана жашаганга уруксат бериш керек. Бизде текшерүүчүлөр акчаны сол чөнтөккө салып, имаратты текшербей туруп эле жашаганга уруксат берип коюп жатышпайбы. Айрым үй куруучулар текшерүү келгенде сапаттуу бетон колдонуп, текшерүү кеткенден кийин кайра начар бетон менен ишти уланта беребиз деп айтышат. Үйлөрдүн сейсмотуруктуулугун, бетондун маркасын текшерген тараптар ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылбаса болбойт. Курулуш материалдарын, мисалы, арматураны кайсы жерде арзан болсо ошол жерден алып келип куруп жатышат. Шаардагы башаламан курулуштарды текшерүү боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзгөнбүз, текшерип баштасаң эле бирөөлөр чалып “менин иним эле, тим эле койгулачы, документтин негизинде куруп жатат” дей башташат. Курулуш бизнесинде жөнөкөй адамдар эмес, сөзсүз бир чиновниктин таанышы же ага-иниси болуп чыгат. Бирок ким болбосун үйдү сапаттуу куруш керек. 2010-жылы бир депутат футбол аянтчасын курам деп Асанбайдан 5 жылга ижарага жер алып, айтылган аянтчаны курган. Эми ошол футбол аянтчасынын ордуна 16-кабаттуу үй курганы жатышыптыр. Мэрия, Бишкектин башкы архитектурасы ушуга макулдук берип жатат. Ушундай иштерди тыйып алсак жакшы болмок. Бишкектеги ыш маселесин айтып күйүп-бышып кыйкырып жүргөндөр иш жүзүндө ушундай мыйзамсыз курулуштарды колдоп берип жатышат.

– Бир кесиптешиңиз педофилдерди хирургиялык жол менен бычууну демилгелеп чыкты. Буга көз карашыңыз кандай?

– Чынын айтсам, педофилдерге мындай жаза колдонууга каршымын. Хирургиялык бычуу биздин Баш мыйзамга каршы келет. Педофилдерди химиялык жол менен кастрациялап же өмүр бою эркиндигинен ажыратсак деле оор жаза болот. Мамлекет өзү жырткыч болбошу керек. Эл эмоцияга алдырып “өлтүрүш керек, таш бараңга алыш керек” деп кыйкыра берет. Бирок 21-кылымда мындай жаза колдонуу уят. Парламенттен өткөн күндө деле, бул мыйзамды президент колдобойт болуш керек.

– Кымбатчылык... Таза суунун тарифин көтөрүү маселеси да көпчүлүктү нааразы кылды. Кээде элдин чыдамын сынаган ушундай мыйзамдарды атайлап сунуштап жатышабы деген да ой келет...

– Суу өзү келбейт да, үйдөгү кранга насос менен жеткирилет. Насосту иштетүүгө электр энергиясы кетет. Шаардагы суу түтүктөрүнүн 70 пайызы эскириптир, жаңылоого муктаж, баары Союз мезгилинде курулган. Андыктан “суу өзүбүздөн чыгат, бекер болуш керек” деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Ошол таза суу үйлөргө жеткиче 2-3 жолу чыпкалоодон өтөт. Анан ошол таптаза сууну унаа жуучу жайларда унааларды, килемдерди жууганга колдонуп жатышпайбы. Мен ошон үчүн унаа жуучу жайларга сууну кымбаттатыш керек дедим. Алардын үстүнөн тыкыр көзөмөл керек. Мейли, арыктан же жер астынан суу сордуруп чыгарып колдоно беришсин, бирок “Бишкек суу канал” ишканасы тазалап койгон суудан колдонушпасын. Сууну үнөмдөө үчүн атайын кир сууну кайра тазалоочу техникаларды алып колдонушса да болот.

– Азыркы бийликке оппозициясызбы же тарапташпы?

– Бийликтин кээ бир сунуштарын колдоп жатам, айрымдарына каршымын. Оппозиция да, тарапташ да эмесмин. Колу-бутумду эч нерсе тушабайт. Бардык маселеде позициямды ачык айтып жүрөм. 3 чакырылыштын депутаты катары айтсам, саясий позициям үчүн куугунтукка кабылган учурларым да болду. 2021-жылы телефонумду тыңшоого алышты, Сооронбай Жээнбековдун тушунда үй-мүлкүм боюнча декларациямдагы 307 сомго да тийишип жүдөтүшкөн.

– Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү сиздин депутат болушуңузга каршы чыгып митингге чыгып жүрүштү эле, ал окуя эмне болуп бүттү?

– Мага каршы бир үй-бүлөгө кошулуп алып ошол коомдун мүчөлөрү нааразы болуп жүрүшкөн. Азыр баары жайында. Алар деле кимдин ким экенин билишти. 2015-жылы чуркап жүрүп мамлекеттик бюджеттен Азиздер жана дүлөйлөр коомуна үй салдырып бергем. Үй жетпей калган коомдун мүчөлөрү мага каршы митингге чыгышкан. Чынында, ал батирлерди бөлүштүрүүгө мен катышкан эмесмин, көбү мени жакындарыма, тааныштарыма берип салгандай көрүштү, кийин комиссия түзүп баарын иликтеп чыктык. Кийин ошол коомдун төрагасы өзүнүн айдоочусуна, катчысына үй алып бергени билинди. Ушундай мыйзамсыз иштерди айтып чыксак, ошол төрага мага каршы чыккан адамдарга кошулуп пикетке чыкпадыбы. Бир тууган агам бар, 2014-жылы автокырсыкка кабылып арабада отуруп калган. Ошол коомдун төрагасы менин оозумду жабыш үчүн “ме, ушул батирди агаңа берип койчу” деп батирдин ачкычын берген. Мен “болбойт” деп албай койгом. Ата-энеси жок Бердибек деген бала бар эле, ачкычты ошол балага карматкам “сен жашай бер” деп. Ал бала азыркыга чейин ошол үйдө жашайт. Ал эми өзүм бир топ жыл депутаттарга берилген кызматтык батирде жашап жүрдүм. Азыр курулуш компаниядан алган үйүмдө жашайм, 5 жылда бөлүп төлөп кутулгам.

– Саясатчыларды кебетесинен көрбөгөн адам катары айтсаңыз, кайсы саясатчыны кандай элестетесиз?

– Көбүнчө адамдын сүйлөө манерасынан анын портретин түзөм. Мисалы, ички мүнөзүн айта турган болсом, Садыр Жапаров эрктүү, тарыхта калгысы келген, жакшы иштерди жасагысы келген саясатчы. Бирок көп окушу керек, дүйнөдө эч ким баарын билип, бардык түзүмдөрдү бир учурда көзөмөлдөй алган эмес. Өтмүшү аны тушап, жолун торой бергендей сезилет. Эл арасына чыкканда кымбат кийимдерин сандыкка катып “скромно” жүргөнү жакшы (күлүп). Азыр айрымдар маселени президенттин байкеси аркылуу чечсе болорун айтып жатышат. Президент тазаланууну өзүнөн башташы керек деп айтсам, таарынбаса керек. Ал эми келбетине келсек, чачтарын ак баса элек болуш керек. Спорт менен машыккандыктан өтө толук эмес деп ойлойм.

– Чакан мамлекетиңизде абал кандай, кызыңыз чоңоюп калса керек?

– Кызым 10го чыгып калды, 4-класста окуйт. Азыр жубайым экөө АКШда.Кызым каникулда Бишкекке келип турат, кайра АКШга кеткиси келбей араң кетет. Буюрса, быйыл кызымды жаныма алып, Кыргызстандан окутсам деген оюм бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан