“Разбой”, “Дарак ыры”, “БирКүнТүн”, “Ак шоола” жана башка тасмаларда роль жараткан актёр Жылдызбек Касейинов кино жана театр тууралуу жакшы маек куруп берди. Көбүнчө терс каармандын ролун аткарган актёрдун бейнесин ачып берүүгө аракет кылдык, таанышып алыңыз.
Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Талды-Суу айылы
Туулган жылы: 1989-жыл, 21-май
Билими: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин бүтүргөн
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
– Саламатсызбы? Маекти “Разбой” тасмасынан баштасак, жараткан образыңыз өзүңүзгө жактыбы?
– Саламатчылык. Мени тасманын режиссёру чакырып калды. Сценарийди окуп көрсөм, жакты, макул болуп тартылып калдым. Тасманы көрүүчүлөр жакшы кабыл алышты. Мага кандай болду? Баарында эле болсо керек, бирөөгө телефондон үн билдирүү жөнөтүп, кайра ошону өзүң угуп көргөндө кызыктай болосуң го. Мен кинонун премьерасына барганда дайыма жаман боло берем. Жакшы кинону мен бузуп жаткандай сезим жаралат. Бирок көрүүчүлөр “жакшы аткарыпсың” деп жазып жатышат.
– Бул өзүңүздү баалоонун төмөндүгүнөн кабар бербейби?
– Билбейм эмнеден кабар берет. Бизге Акылбек Абдыкалыков агайыбыз “өзүңө тоюп, ыраазы болгонуң – чыгармачылыгыңдын токтогон жери” деп үйрөтүп койгон. Ошондон уламбы, агайдан окугандар өзүбүзгө тойбойбуз такыр.
– Баарында барбы мындай сезим?
– Театрдан көп эле кезиктирем, ошондуктан алар социалдык тармактарды көп пайдаланышпайт. Өздөрү жөнүндө маалымат бере беришпейт.
– Театрдачы, кандай?
– Театрдын өзүнчө ырахаты бар. Өзүңдү өзүң көрбөйсүң, укпайсың дагы. Сахнада өзүңдүн персонажың менен жашайсың. Ошондуктан театрда андай сезим тоскоолдук жаратпайт.
– “Разбой” тасмасы элди эмнеси менен кызыктырып жатат деп ойлойсуз?
– Комедия жанрындагы фильмдер көбөйүп кетип, бул жанрга көптөн бери кайрылбагандыктан элдин кызыгуусу күч болду окшойт. Кинолордо элдин сезимин ойготчу драматизм жетишпей жаткандай сезилчү. Бул фильмде драма бар болгону үчүн өтүмдүү болду сыягы.
– Сизге башкы ролдорго көп сунуш түшпөйбү?
– Көп түшпөйт. Ар бир актёрдун өзүнүн амплуасы бар. Мисалы, атактуу Сабира Күмүшалиева өмүр бою эпизоддук ролдордо ойногон. Бирок укмуш образдарды жараткан, ошондуктан Эл артисти болду да. Кээ бир актёрлор табиятынан башкы ролго ылайыктуу болушат. Мен өзүмдөн башкы ролду көрө албайм. Негизи башкы ролду ойногонго караганда, терс каармандын образын жаратуунун боёгу, ырахаты көбүрөөк. Кебетемди карап терс каармандын ролун көп сунушташат.
– Жашоодо мүнөзүңүз кандай?
– Азыраак сүйлөйм. Кээде жанымдагы кишини думуктуруп жиберемби деп да корком. Достор арасында эркинмин. Болушунча ачылып-чачылам. Биринчи таанышкан кишиге түнт окшойм, көбүнчө ошондой дешет.
– Жарк деп элге таанылыш үчүн эмне керек? Башкы ролбу, пиарбы же эмне?
– Жакшы спектакль, жакшы көркөм фильм болсо илинген плакаттын да кереги жок. Роль жагына келсек, эпизоддук ролду ийне-жибине чейин изилдеп алып чыксаң, ошол көрүнүктүү болот.
– Атактуу болуу негизги максатпы?
– Окууга жаңы тапшырганда биринчи ошону ойлойсуң. Агайларыбыз андай студенттерди жаман көрүшчү. Бизге “искусстводогу өзүңдү сүйбөй, өзүңдөгү искусствону сүй” дешчү. Анын сыңарындай, атактуулуктун да жоопкерчилиги оор экенин билебиз. Куру атактуулук эмес, адамдарга руханий байлык тартуулоо максатым. Жеңил нерсе бат унутулат.
– Актёрлордун арасында атаандаштык барбы?
– Жаштар арасында атаандаштык жок. Тескерисинче, бири-бирибизди колдоп, алдыга сүрөп турабыз.
– Башкы роль дайым бир адамга бериле берсечи?
– Андай да болушу мүмкүн. Негизгиси адам өзүн жеңсе эле, калганы жакшы болот.
– Жан дүйнөңүзгө жакын каарман болбосо образга кире албай кыйналган учур болобу?
– Роль – үйрөтүлбөгөн ат. Биз тирүү жанбыз да. Роботту программалап туруп, ушул ролду ойнойсуң деп бир баскычты басса ойноп кете тургандай болсок бир жөн. Каарманыңдын ар бир кыймыл-аракетин, баскан-турганын, көз карашын, кандай адаттары бар, баарын изилдеп чыкканга туура келет. Анан ошол образга кирип ойнойбуз. Ошон үчүн актёрдук чеберчилик дейт да. Мисалы, каарман балдар үйүндө чоңойсо, балдар үйүндө тарбияланган кишилерди изилдей баштайсың. Кантип тиктейт, дасторконго кандай отурат жана башка.
– Кинолор байма-бай тартылып жатат. Актёр, актрисалардын заманы болуп жатат десек болобу?
– Бизди окуткан агай, эжейлерибиздин жаштык кези 90-жылдарга туура келип калды. Жалындап турган мезгилинде кино тартылбай калып, жаштыгын театрдан өткөрүп жиберишти. Азыр аябай жакшы болуп жатат. Театрга көрүүчүлөр Өмүрбек Израилов, Бактияр Шаршенбаев, Адыл Болорбек уулу, Анвар Осмоналиев, улуулардан Камчы Сарыбаев, Аскат Сулайманов үчүн келип жатышат. Анткени аларды тасма, сериалдардан көрүп көпчүлүк тааныйт. Актёрлордун заманы келе жатат десек болот го, толук келе элек. Кино тармагы өнүгүп, жалаң эле комедия тартыла бербей, ар кандай жанрдагы тасмалар тартылса дейм. “Ушул жанр жакшы өтүүдө, эл кинобузду көрүп жатат” деп эле тарта бергенден алыс болушубуз керек. Кино менен театр жан дүйнөнүн кыйкырыгы. Оюбузду коомго жеткире турган курал.
– Сиз менен эми актёр эмес, адам катары да таанышалычы...
– 1989-жылы Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөм. Атам да, апам да кесиби боюнча мал доктуру. Үйдө 6 бир туугандын төртүнчүсүмүн. 2005-жылы 9-классты бүтүп, Бишкектеги №100 лицейде окугам. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайга тапшыргам. 2012-2014-жылдары “Учур” театрында иштедим. 2014-жылдан бери Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенем. Үй-бүлөлүүмүн, 2 балам бар. Кичине кезимден эле киноактёр болом дечүмүн.
– Жубайыңызды айтпадыңыз...
– Жубайым журналистика багытында билим алган. Илимдер академиясында иштеген. Азыркы тапта балдардын тарбиясы менен үйдө. Кызым 4-класста окуйт, балам 4 жашта.
– Жубайыңыз менен чыгармачылык жол табыштырдыбы?
– Ооба, 1-курс кезибизде “Дудук кыз” деген фильм тартылган. Ошондо экөөбүз тең массовкага барганбыз. Ошондо таанышып калдык, сүйлөшүп, 2012-жылы баш кошконбуз.
Перизат Музуратбекова