КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ТООСУ КУЛАДЫ...

Белгилүү кинорежиссёр, сценарист, “Кыргыз кереметин” түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Геннадий Базаров 6-февраль күнү 80 жашында дүйнө салды. Кыргыз элинин жүрөгүндө Базаровдун адамдык асыл сапаттарына кошо ал тарткан “Саманчынын жолу”, “Буктурма”, “Көчө”, “Биринчи”, “Көз кареги”, “Айың” сыяктуу керемет фильмдер калары талашсыз. Атактуу режиссёр бүт өмүрүн киного арнады, көптөгөн таланттарга жол ачты. “Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин чыгармачылыкты таштаган жок” деп эскеришет аны жакындары менен кесиптештери.

Кайрат Иманалиев, УТРКнын жетекчиси: «Кыргыз кереметин» түптөөчүлөрдүн бири катары тарыхта калды»

– Геннадий Садырович кыргыз кино искусствосунун акыркы могикандарынын бири десек болот. Ата мекендик кинорежиссураны өнүктүргөн абдан күчтүү муун болгон да, ошол эле Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Мелис Убукеевдер менен катар айтылган ысым – бул Геннадий Базаров болчу. Ал 24 жашында эле биринчи тарткан “Саманчынын жолу” фильминен өзүнүн гениалдуу режиссёр экенин далилдеген. 24 жашында мындай тасма тартуу ар бир эле режиссёрдун колунан келе бербейт. Анын үстүнө Бакен Кыдыкеева деген гениалдуу актрисанын талантын ачкан. “Көчө”, “Каныбек”, “Биринчи” сыяктуу бир топ кинолорду жаратты. Кийин чыгармачылыгынын гүлдөгөн учуру биздин УТРКнын “Кыргызтелефильм” телестудиясынан уланды. Геннадий Садырович бизде автордук кинонун баштоочуларынын бири болду. Сценарийин да өзү жазып, өзү тартчу, башкача айтканда, бул киши чоң жазуучу, чоң сценарист да болчу. Көзү өткөнчө чыгармачылыктан алыстаган жок. Бул киши публицист да эле, “Альтернатива” деген көрсөтүү ачып, кыргыздын бир топ залкарларынын баары менен маектешти. Алардын ички дүйнөсүн ачты. Бул киши абдан күчтүү журналист болмок, себеби анын маектештерине берген суроолорун угуп отуруп абдан таң калчумун. Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин биздин “Кыргызтелефильмде” иштеди. Кино өндүрүшүнө абдан күйчү эле, ошого кабатырланчу. Өзүнүн кесибинин чыныгы чеберлеринин бири эле. Бала кезинен киночу болгусу келчү экен, ошол максатына жетти. Кыргыз киносун “Кыргыз керемети” деген даражага жеткирген режиссёрлордун бири катарында тарыхта калды.

Чоро Думанаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Жакында эле көпкө сүйлөшүп отурганбыз»

– Бул киши менин агайым болуп калат. Жаш кезимде талантымды ачкан, “Көчө” деген кино аркылуу актёрдук тушоомду кескен киши Гена байке болду. Тушоомду жакшы кесип койгон экен, минтип үзүрүн көрүп, ушул даражага жетип отурам. Жакында эле көпкө сүйлөшүп отурганбыз. Жакшы максаттары бар болчу, ажалга айла жок да. Артында анын жолун улантуучу шакирттери калды. Гена байкени эл унутпайт, кинолору анын экинчи өмүрү болуп кала бермекчи.

Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Арабызда аман жүргөнүңүз эле тирек дечүмүн»

– Аябай оор жоготуу болду. Бул сөздү башкалар деле айтат, бирок айтышыбыз керек, “Кыргыз кереметин” жасагандардын бири ушул Геннадий Садырович болчу. Ошондой улуу иштин башында тургандардын ичинен акыркы режиссёр арабыздан кетти. Мен ага жолуккан сайын “Геннадий Садырович, сиз кыргыз эли үчүн, кыргыз киносу үчүн, дегеле кино үчүн көп эмгек жасадыңыз. Болду, эми биздин арабызда аман жүрүңүз. Биздин жаныбызда жүргөнүңүз эле тоодой тирек” десем, күлүп койчу. Мына, эми бул киши да арабыздан узады. Геннадий Садырович эч качан биздин эсибизден, жүрөгүбүздөн кетпейт. Кыргыз элине опол тоодой эмгектерин калтырды. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Актан Арым Кубат, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Кино тартуунун сырларын ушул киши үйрөттү»

– Геннадий Садырович менен өзгөчө жакшы мамиледе элем. Бул кишини “өзүмдүн устатым” деп коём, анткени менин режиссёрлук атайын билимим жок да. Киностудияда иштеп жүргөндө бул киши менен кокустан жолугуп калып, бир даректүү тасмага асисстент-режиссёр болуп чогуу иштештим. Кийин “Биринчи” деген тасманы тартканда да сүрөтчү катары иштешкем. Ошентип Гена агайыбыздын “Приют для совершеннолетных” (“Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай”), “Заговор” ("Айың") деген эки чоң тасмасына сүрөтчү-коюучу болуп калдым. Кинодо тартуунун ыкмаларын, сценарийге, актёрлорго кандай мамиле кылууну, негизи бүт баарын эле ушул кишиден үйрөндүм. Өзүм кино тарта баштаганда бул кишини чакырып, материалдарды көрсөтүп турар элем. Үй-бүлөлүк да катышыбыз бар. Геннадий Садыровичтин бир өзгөчөлүгү – оор мезгилде да кинону таштап кетпегени. Советтер Союзу кулагандан кийин биздин улуу муундагы режиссёрлордун көбү саясатка, бизнеске кетип калышты да, а Геннадий агайыбыз болсо биз менен калды. Биз менен дегеним, кино тарткандар менен бирге болду. Ошондой кыйчалыш мезгилде кино тартпай калды, бирок чыгармачылык менен алектенейин деп телевидениеге барды. “Кыргызтелефильмде” “Альтернатива” деген көрсөтүү даярдап жүрдү. Иши кылып чыгармачылыгын такыр таштаган жок, көзү өткөнчө чыгармачылык менен алектенди. Бизде өзүнүн бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган инсандар өтө аз, алардын бири Гена агайыбыз. Бул кишинин дагы бир өзгөчөлүгү – атайын билими жок тубаса сүрөтчү эле. Ал өзүнүн тасмаларына сүрөткер катары карайт эле. Ушул жагынан караганда экөөбүз үндөшпүз.

Гүлсина Чотонова, актриса: «Менин устатым болуп калганы үчүн бактылуумун»

– Геннадий Садыровичтин жалпы режиссёрлук, көркөм тасма, документалдык жана автордук берүүлөрү жөнүндө жалпы журт жакшы билет. Андыктан мен анын жеке адамдык бийик сапаттарына токтолоюн. Жалпы жамаатка атадай камкор, айкөл жана жөнөкөй инсан эле. Кино тартуу аянтында тамактанарда жамааттагы бардык кишилер келмейинче дасторконго отурчу эмеспиз. Бардыгына тегиз, бирдей мамиле кылат эле. Тасмаларында карапайым калктын социалдык абалын, көйгөйлөрүн чагылдырган. Ошон үчүн дүйнөлүк фестивалдарда баш байгелерди жана мыкты орундарды алып келген. Геннадий Садырович жеке эле кыргыз калкынын эмес, бүтүндөй Советтик мамлекеттердин чыгармачыл инсаны, үлгүсү жана сыймыгы деп эсептейм. Ал киши менин устатым болуп калганы үчүн, жанында жүрүп калганым үчүн өзүмдү бактылуу сезем.

"Супер-Инфо" гезитинин жамааты Геннадий Базаровдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан