“АЙЫМДАР МЕНИ АТААНДАШ КӨРҮШӨТ” – ЭМИЛИ РАТАКОВСКИ

Эмили эч качан диета кармап көргөн эмес, тескерисинче, гамбургер, шаурма сыяктуу фаст-фуд азыктарын сүйүп жейт. Ал эми шоколаддын жытынан салмак кошкон кыздар, албетте, Эмилинин фигурасын ич күйдүлүк менен карашат. Атаандаштык күчтүү болгон Америка шоу-бизнесинде өз атын, ордун тапкан актриса, модель Эмили Ратаковски сизге да кызык болсо керек, окурман?

Аты-жөнү: Эмили О’Хара Ратаковски

Туулган жери: Англия, Лондон

Туулган жылы: 1991-жыл, 7-июнь

Жылдыз белгиси: эгиздер

Бою: 171 сантиметр

Кесиби: модель, актриса

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 29.7 миллион

Эркин адамдардын эрке кызы

Англис тили боюнча мугалим, профессор айым Кэтлин Балгли менен сүрөтчү Жон Дэвидди искусство табыштырды. Өзүн инсан катары өнүктүрүүгө, билимге, жаңычылдыкка умтулган Кэтлин сүрөтчүлөр академиясына барып, сүрөт тартуунун сырларын үйрөнгүсү келген. Өзү сүрөтчү болуп чыкпаса да, сүрөтчү Жондун жүрөгүн багындыра алды. Генинде англиялыктардын, еврей, ирланд, немис, поляктардын каны бар Эмили жарык дүйнөгө келгенде Кэтлин 39, Жон 45 жашта эле. Чыгармачыл ата-эненин көз карашы да көпчүлүктөн айырмаланып турчу. “Айланаңдагы ар бир нерседен искусствону, кооздукту тапсаң болот” деген принципте сыналгы көрүшчү эмес. Үйдө сыналгы жок болгондуктан Эмилинин балалыгы мультфильм көрүп эмес, китеп окуп өттү. Апасынын феминизмдин жактоочусу болуп көптөгөн иш-чараларга катышканын көрдү, атасынын устаканасына барып кийими жок отурган эркек-аялдардын келбетин кагазга түшүргөн сүрөтчүлөргө көз салды. Мунун баары кыздын эркин, чыгармачыл, өз позициясын так билген адам болуп калыптануусуна түрткү болду.

Феминист

Ата-энесинин жумушуна байланыштуу 5 жашка чейин Лондондо, кийин АКШ, Ирландия, Испания деп көрүнгөн мамлекетке көчүп-конуп жашаган Эмилинин мектепте жалаң “5ке” окубаганына таң калбай деле койсо болот. Качан гана модель болуп иштеп баштаганда кыздын “саякатчы бака” болгону токтоду. 14 жашка чыкканда “Ford Models” моделдик агенттиги менен келишим түзүп, Лос-Анжелеске отурукташып калган. Кызыгы, өмүр бою аялдардын таламын талашып, тең укуктуулукту туу тутуп келген Кэтлин кызынын моделдик кесипке ооп баратканын жактырган эмес. Апасынын оюнда, Эмили нейрохирург болушу керек эле. Бирок феминист апанын кызы да феминист болуп калган. Андыктан өз келечегин курууда ата-энесинин ою менен эсептешкен эмес.

Комплекси жок модель

Эмили Ратаковскинин бою моделдик стандартка жетпейт – 171 сантиметр. Ошентсе да өмүрүнүн 32-жылын башынан өткөрүп жаткан айым суроо-талапка ээ, популярдуу моделдердин бири. "Айымдар мени атаандаш көрүшөт" деген Эмилинин жүзү, аты дүйнөгө 2013-жылы таанылды. Бул жылы Эмили америкалык ырчы Робин Тикинин «Blurred Lines» жана популярдуу «Maroon» тобунун «Love Somebody» аттуу клиптерине тартылган эле. Робин Тикинин клибинде топлес тартылган кыз өзүнүн да, клиптин да атагын чыгарган. Мындан кийин Эмили Нью-Йорк, Париж, Римде жана башка моданы даңазалаган көргөзмөлөрдө подиумдан түшпөгөн моделге айланды. Эркектерге арналган журналдар моделди биринчи бетине сүрөткө тартуу үчүн кезекке турушкан. Өзүнө ишеними күч, эч кандай комплекске байланбаган айым “аялдар денесин көрсөткөндөн уялбашы керек. Албетте, өзү кааласа гана” деген ойдогу Ратаковски моделдик карьерасында алдыга чоң секирик жасады. Баса, Эмилини орус ырчысы Дима Биландын “Неделимые” клибинен да көрө аласыз.

Хайп керекпи?

Эмили бир сүрөтү, бир сөзү, бир кийими менен эле маалымат дүйнөсүн, интернет желесин ызы-чууга салып коё алат. Мисалы, 2019-жылы “Harper’s Bazaar” башкы бетине Эмилинин ич кийимчен колун көтөрүп түшкөн сүрөтү чыккан. Интернет желесине вирустай тараган сүрөттүн өзгөчөлүгү –моделдин колтугунун жүнү тазаланган эмес. “Аял кандай кийим киет өзү билет, колтугунун же бутунун жүнүн алып салабы, жокпу, өзү билет” деген кыздын ою эки ача пикирлерди жараткан.

Актриса

Эмилинин актрисалык карьерасы моделдиктен да эрте башталган. Мектепте театрлаштырылган сценкаларга катышканды жактырчу. 2009-жылы болсо “АйКарли” сериалына тартылып, расмий түрдө актрисалык тушоосун кесип алган. 10дон ашык тасмага тартылган актрисанын эмгектеринен “Жоголгон” (“Исчезнувшая”), “Жүрөктүн мүнөтүнө 128 ирет согушу” (“128 ударов сердца в минуту”), “Круиз”, “Бардык жагынан сулуу” (“Красотка на всю голову”), “Үйгө кош келиңиз” (“Добро пожаловать домой”) тасмалары көпчүлүккө жайылган.

Бойдок

2018-жылы Эмили актёр, продюсер Себастьян Бир-Макклардга турмушка чыккан. 2021-жылы уулдуу болгон түгөйлөрдү бешик боосу менен куттуктап бүтө электе 2022-жыл келип, экөө ажырашканын жарыялашты. Себастьян моделдин жашоосундагы расмий түгөйү. Расмий эмес, узун-кыска аралыктагы мырзалардын катарында Брэд Питт да бар.

15 жашында зордукталган...

Кичинемден көп китеп окуп жүрүп, өзүм да жазганды сүйүп калдым” деген Ратаковски 2021-жылы “Менин денем” аталышындагы эссе жыйнагын чыгарган. Китепте анын моделдик, актрисалык карьерасындагы оош-кыйыштар, тоскоолдуктарды жеңүү, өзүнө болгон ишенимди багуу жолдору тууралуу жазылган. Андан тышкары үй-бүлөлүк мамилелер, сексизм, феминизм маселелери да бар. Робин Тиктин клибине тартылуу учурунда музыкант ага сексуалдык ыдык көрсөткөнүн да ачыктаган. 15 жашында өзүнөн бир жаш улуу жигит зордуктаганын, ошол көз ирмемдеги абал азыркыга чейин аң-сезиминен кетпей турганын жазып, окурмандарды нес кылган.

Негизи эле Эмили Ратаковски өз оюн интернет баракчалары аркылуу ачык айткан атактуулардын катарына кирет. Аны феминисттердин жүрүшүнөн да көрсөңүз болот. Айрыкча ачык кийинген кыздарды сындагандарды жек көрөт. “Сулуулук – бул искусствонун эң жогорку чеги. Ачык кийинген же жылаңач сүрөткө түшкөн аялдарды сындагандан, уяткаргандан мурун аң-сезимди өстүрүү керек. Аял чечинеби же каттанып кийинип алабы, өзү билет, өзү чечет”,- дейт Ратаковски.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан