Айбек Карымов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ТАЛАНТТЫ БАСЫП ЖАТА АЛБАЙТ ЭКЕНСИҢ”

Белгилүү ырчы, обончу Айбек Карымовдун ырлары бир муунду тарбиялады деп айтсак жарашат. “Дил кайрык”, “Өрүк кыз”, “Ооруп турат жүрөгүм”, “Боз торгоюм”, “Сүйүүм сага аманат” менен башталган маңыздуу, нукура кыргыз колорити уюган, өзгөчө кайрыктарга ширелген ырлар бир кездери эл оозунан түшпөй калган. Ал ырлар бүгүн да жаңыланып, башка ырчылар тарабынан ырдалып жүрөт, бул – ырлардын бир гана жолу жарк деп күйүп, кайра өчүп калбай турганынын бир белгиси болуш керек. Сахнадан алыстап, чыгармачылыкта узак тыныгуу алган Айбек мырзаны маекке чакырып чер жазыша баарлаштык. Өнөр жолунун башталышы, гүлдөшү, популярдуулук, бурулуш жолдор, айтор, баарын...

“Күү жаратып дараметимди сыноого учур келди”

– Азыр көбүнчө коомдук иштер менен алекмин. Жаратылыш, экология тармагына тартылып кеттим, учурда “Эко дүйнө” деген коомдук фонддун Бишкек шаары боюнча координаторумун. Андан тышкары жеке ишкерлик кылам. Сахнадан кетүү – чыгармачылыктан кетти дегенди билдирбейт. Чыгармачылык – Кудай берген нерсе да, азыркы тапта күү жаратып, терме-санаттарды жазып жатам. Жазында бет ачарын өткөрөм. Үстүнөн 3 жыл иштеп “Каганат” деген чоң күү жараттым, бул – Кыргыздын алгачкы каганы Барсбектен тартып, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон ата-бабаларыбыз жөнүндө жазылган тарыхый чыгарма. Сынчылардын сынынан өттү. Учурда анын графикалык видео тасмасын даярдап жатабыз.

Кыргыз сахнасынан өз ордумду тапкам, Кыргыз элин мындан артык таң калтыра албайм. Күү жаратып жатканымдын себеби – кесибим комузчу. Жараткан эмгектеримди эл өзү таразалап алат, күү жаатында изим калабы-калбайбы, бул табышмак. Кимдир бирөө “ушул да күүбү” деши мүмкүн, мен буга даярмын. Эмнеси болсо да бул жаатта өз дараметимди сынай турган учур келди. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата “Токтогулдун насыйкаты” деген күү жараткам. Ал күү өз угармандарын тапкан.

“Раймалы менен Бегимайдын жаңы версиясын даярдадым”

– Кыргыз-казак тилин айкалыштырып дуэт даярдап жатам. Азырынча ким менен аткарарымды жар салбай турайын. Ырдын сөзүн “Дил кайрыктын” автору Кубат Жакыпов көңүлүмө төп келтирип жазып берди, учурда казактын 3 акыны котормо иштери менен алек болуп жатат. Илгерки “Раймалы менен Бегимайдын” жаңы варианты десем болот. 6 мүнөттөн ашыкка созулган көлөмдүү ыр. Эки тилди айкалыштырып өзүмдү сынап көрөйүн дедим.

Айлап-жылдап казактын ыр-күүлөрүн угуп, алардын ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, жыйынтыгында “Кетели кең далага” деген дагы бир чыгарма жаздым. Ушуну менен “мен сахнага кайттым” дебейм, анткени бул ырларды сахнага кайтуу үчүн жазган жокмун. Чыгармачылык жөн койбоду, шибегени капка ката албайсың дегендей, талантты да басып жата албайт экенсиң. Жаңы ырларыма мурдагыдан да жоопкерчиликтүү карап жатам. Казак дагы улуу эл, ырларда эки элди байланыштырган салттуулукту сактаганга аракет кылдым. Аранжировкаларын Рамис Алиев жана Ильяз Абдыразаков жасады, акыркы чекит Ташкентте коюлат. Анткени акыркы шөкөттөөлөр ошол жактан жасалат. Жаз айларында “Мен силерди сагындым” деп элге кайрылуу кылып, жаңы чыгармаларымдын бет ачарын өткөрсөм деп турам.

“Түгөлбай Казаковдун сөзү абдан таасирлентти”

– Сахнадан кеттим деген учурда мен бизнеске киришкем. Баш-отуң менен кирбесең бизнес жүрүшпөйт, чыгармачылык деле ушундай. Бир жолу Түгөлбай Казаковго “Түгөлбай аке, сахнадан эмнеге эрте кетип калдыңыз?” десем, “эл сени сүйүп угуп, кадыр-баркың бийик кезиңде акырын кетип калган жакшы болот, эл дайыма эле сени уга бербейт” деген. Таң калдым, анын сөздөрүнө абдан таасирлендим. Ишкерликке ыктап жүргөн кезде ойлонуп, бир чечимге келип “Кош бол, сахна” деген ыр жазып, сахна менен коштошуп кеткем.

“Чоң энем ар бир сөзүнө бирден макал кошмоюнча сүйлөчү эмес”

– Кудай ырыскыны ар бирибизге ар кайсы тармактан жазган да, мага талант берди. Чоң таякелерим мыкты ырдаган, сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн жамакчы болушкан. Чоң энем ар бир сөзүнө бирден макал кошмоюнча сүйлөчү эмес. Алардын сөзүн өзүмө сиңирип алганга аракет кылчумун. Алты жашымда комузду сүйрөп жүрүп үйрөнүп алдым, атайын үйрөткөн деле киши болгон жок. Бирок айылыбызда комузду мыкты черткен инсандар көп эле. Ошолордун комуз чертсе колун, ырдаса оозун тиктеп эле отурчумун. Мекепте жакшы окудум, комуз чертип ырдап мектеп сахнасында да өз ордум бар эле. Ошондо эле “мен артист болушум керек” деп кесе айтчумун. Ырчы болом дегениме атам караманча каршы болуп, “жок, ашпоз болосуң” деген. Мектепти бүткөндө атам сүйлөшүп койгон окуу жайдын сынагынан атайлап өтпөй калгам. Ал жылы музыкалык окуу жайларга тапшыра албай калдым. Бекер жүрбөйүн деп бир жыл кесиптик лицейде окуп, кийинки жылы аскерге кетип калгам. Чехословакияда 2 жыл аскердик кызмат өтөп келгем. Аскерге да комузумду ала кеткем, ал жакта деле ырдап, майрам күндөрү концерт койчубуз. 2 жыл бою “Советтик аскер” деген гезиттин бетинен түшкөн жокмун.

“Сүйүү керемет” ырымдын авторлугун талашкандар болгон”

– Жалал-Абаддагы Маданият техникумунун дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөм. “Сени менен таштак жолдо баратсам да, сезилет көл үстүндө бараткандай...” деген алгачкы ырым техникумда окуп жүргөндө эле жаралган. Мамлекеттик сынакта ушул ырды оркестрге салып, Кутман Жолдошов ырдап, мен дирижёрлук кылып дипломдук ишимди коргогом. Окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөм. Алим Байматов деген агайга барып, “сиз ыр жазып жүрбөйсүзбү, ырымды көрүп бериңизчи” десем, карап чыгып “бул ырда оңдой турган жер жок. Сенин көрөңгөң бар экен, мунун артында дагы жоон топ обондор турат” деген. Ал ырым окуу жайда ырдалып жүрүп эле элге тарап, хит болуп кеткен. Бул ырды менчиктештирип “менин обонум” деп ырдап чыккандар, өздөрүнүн китебине чейин “менин ырым” деп жазып алгандар болгон. 1998-жылдары Кыргызпатентке арыз жазып авторлугумду бекиткем. “Ушул ыры менен дипломдук ишин коргогон” деген документ окуу жайдын архивинде бар болчу да.

Кийин Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин искусство факультетин аяктадым, андан кийин президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын саясат жана башкаруу факультетин бүтүрдүм.

“Баарыбыз эле жылдыз оорусу менен оорубадым дей беребиз, ооруйсуң”

– Чыгармачылык жолум үч доорго бөлүнүп кетет. Техникумда окуп жүргөндө “Сүйүү керемети” ыры аркылуу популярдуу болуптурмун. Кийин “Нур” тобун түзүп иштеп жүргөн кез жаштыктын бир доору болду. Гастролдоп жүрдүк, күндө аншлаг менен өткөн концерттер... Ал учурда тиричилик кылалы деп деле ойлонбоптурбуз. Бул арада менде да бир тыныгуу болду. Эл катары Орусияга иштегени кетип, эки жылдай ошол жакта жүрүп калдым. Күндө күмүш, айда алтын тапсаң деле өз жериңе жетпейт. “Туулган жерди сагынуу” жана башка 5-6 ырым Орусиядан жаралган. Ал жактан келип “Ооруп турат жүрөгүм”, “Боз торгоюм”, “Дил кайрык” жазылып, чыгармачылыктын, популярдуулуктун дагы бир этабы башталган. Убагында баарыбыз эле “жок, жылдыз оорусу менен ооруган жокмун” дей беребиз. Ооруйсуң, бирок аны өзүң сезбей каласың. Убакыт өткөндөн кийин анализдеп, “апей, мен ошондо чын эле көөптүрмүн” дейсиң. Азыр ойлосом, мен деле көпкөн экенмин.

“Текстке таасирленип обон жаратам”

– “Дил кайрык” абдан ийгиликтүү ыр болду. Бирок ырды жаздыруу өтө кыйынчылыкка турган. Бир ырчы кыз жактырып, ырдайлы деди, бирок экөөбүз тең акча таба албай койдук. Бир концерттен Гүлзат эжеге (ред.: Байзакова) жолугуп калдым. Үйгө кетерде жолубуз бир болуп калып, Гүлзат эжеге “Дил кайрыкты” ырдап берсем, абдан жактырды. “Эже, ушуну жаздырганга менде акча жок болуп жатат” дедим. Анан эже бирөөгө дайындады, ал дагы создуктуруп жүрдү. Акча төлөбөсөң ошол да. Бир күнү даяр болуптур деди, барып үн жаздырдык. Эртеси “Ош базарына” барсам жалаң эле биздин ырыбыз жаңырып жатат, угуп нес болуп калгам. Көрсө, ыр жазган студиялар кассета саткандарга жаңы ырларды сатчу экен да. Гүлзат эжеге жолуксам “Айбек, ырыбыз тарап кетиптир го” деди. Ошондо экөөбүз “клип тартып жиберели, болбосо бизди эч ким тааныбай калат” деп Рустам Аташовго клип тарттырдык. Клипти да эл жакшы алып, багыбыз ачылып кетти. УТРКнын “Арноо концертинде” көрүүчүлөр тарабынан эң көп суралган ыр экенин айтышкан. “Дил кайрык” менин брендим болуп калды. Андан кийин деле көп ырлар жаралды. Ар биринин өзүнүн орду, угармандары бар. Аларды “Дил кайрыктын” тегерегиндеги вазирлер дээр элем. Кубат Жакыповго “сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт” деген сөздү көтөрүп баргам. Көкүрөктөн ушундай кайрык чыгып жатат, дуэт болуш керек дедим. Текстин жазып берди, анан обонун иштеп чыктым. Мен көбүнчө текстке таасирленип обон жаратам. Эргүү мага таасирленүүдөн келет.

Гүлзат Байзакова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Айбектин ырлары менин үнүмдү элге таанытты”

– Айбек экөөбүз элге жакшы ырларды тартууладык. Айбектин обондорунда кыргыз колорити, башкалардыкына окшобогон өзгөчө кайталангыс кайрыктары бар. Айбекке “чыгармачылыктан кетпе, сенде ачылбаган далай сандыктар жатат” деп калчумун. Жакында эле жолдошума “угуп көрүңүзчү” деп бир күүсүн жөнөтүптүр. Абдан сонун экен. Музыканын бардык талаптарына жооп берген жакшы чыгарма болуптур. “Айбек, сен талантсың, чыгармачылык менен иштешиң керек. Көкүрөктө уюп турган нерсени катып жатпай элге чыгар” десем, “эже, буюрса, жаңылыгым бар” деди. Чынын айтканда Айбектин ырлары менин үнүмдү да кыргыз элине таанытты. “Дил кайрык” экөөбүздү тең элге тааныткан ак жолтой ыр болгон. Экөөбүз чыгармачылыкта бир туугандай эмгектендик. Азыр үй-бүлөлүк катыштабыз. Айбектин сандыгында өтө жакшы чыгармалар бар деп билем. Мындан ары да жакшы эмгектерди жаратышына тилектешмин.

Дүйшөнбек Молдобаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Күүлөрдү жакшы үйрөн, кайрыктын баары күүдө дечүмүн”

– Айбек техникумда комуз классын бүтүргөн. Ошондо эле музыка тармагына шыктуу болчу. Абдан чыгармачыл, жөндөмдүү, эмгекчил, адамга кандай сүйлөштү, кимге кандай мамиле кылышты билген, адамгерчилиги бийик, элпек, чынчыл жигиттерибиздин бири эле. Агай катары “биринчи комуз күүлөрүн жакшы үйрөн, кайрыктардын баары күүдө болот” дечүмүн. Өз милдетимди аткарып, күү жаатында багыт берип, жол көрсөтүп жүрдүм. Комузду жакшы чертип, Бишкекке чейин барып кароо-сынактарга катышып жакшы көрсөткүчтөргө жеткен. Табияттан берилген таланты күч, анан аракети да катуу эле.

Адилет Азимов, ырчы: “Достордой тамашалашып сүйлөшөбүз”

– Айбек Карымов менин өкүл атам. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда “Бейне” деген топ түзүп, мен ошол топко кошулгам. Ошондо чогуу гастролдоп жүрүп абдан жакын болуп кеткенбиз. “Үйлөнсөм өкүл ата коём” дей берчүмүн. Негизи кичинекей кезде эле ырларын жактырып укчумун. Ал кезде өкүл атам болот деген ойго келбеген нерсе болчу. Азыр “Сага”, “Туулган күн”, “Кара көзүм” деген ырларын аткарып жүрөм. Мага ар дайым чыгармачылык да, турмуштук да кеңештерин берип турат. Жөнөкөй, абдан жакшы адам. Экөөбүздүн ортобузда өкүл ата деген чек жок, тамашалашып достордой сүйлөшөбүз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан