Орусия абагындагы кыргыз жигити: “УКРАИНАДАГЫ СОГУШКА БАРУУГА МАЖБУРЛОО ЖОК, БИРОК АЗГЫРУУ БАР”

Орусия абагында отурган дагы бир мекендешибиз Украинадагы согушта окко учканын анын агасы Шертай Рахимов айтып берди. Ал эми абакта отурган башка мекендешибиз кандай азгырыктар болуп жатканын баяндайт.

“3-4 Кыргыз жигитин согушка жөнөтпөй алып калдык”

– Мен отурган абакка “Вагнер” аскердик уюмунан 2 жолу келишти. Аябай көп соттолуучулар өз каалоолору менен макул болушуп согушка кетишти. Биз менен отурган 3-4 кыргыз жигити да барабыз деп чыгышкан, бирок башка кыргыз жигиттери чогулуп, урушуп жөнөтпөй койдук. Алыста жүргөндө бири-бирибизди жок дегенде моралдык жактан колдоп турбасак, бизге ким күймөк эле. “Вагнерчилер” биринчи жолу келгенде 120дай соттолуучу кеткен, кийинкисинде 10 адам кетти. Чынын айтсам, согушка барасың деп эч ким мажбурлаган жок бизди, бирок азгыруу бар. Шарттары мындай: Аталган уюм менен 6 айга келишим түзөсүң, бул убакытта тирүү калсаң эркиндикке чыгасың жана согушта жүргөн ар бир ай үчүн 200 миң рублдан беребиз дешет. Силер согушта жүргөндө “айлыгыңарды” жакындарыңар биздин имаратка келип алса болот же өзүңөргө накталай эсептеп беребиз дешти. Паспорту жокторго паспорт жасап беребиз, эгер каза болуп калса, анкетада жазылган дарекке сөөк жеткирилет жана жакындарына 5 миллион рубль компенсация төлөнөт деген убадалар болду. Мордовиянын абагында отуруп Украинадан каза болуп келген кыргыз жигити менен тааныш болчубуз. Анын каза болгонун уккандан кийин убадаларга ишенбей калат экенсиң. Максатым – эртерээк Кыргызстанга которулуп, үй-бүлөмдүн жанында болуу.

Орусия абагындагы мекендеш: “Мени бирөөлөр сатып коюп, 9 жылга соттолуп кеттим”

– 10 жылдан бери Москвада мигрант болуп иштеп жүргөм. 2021-жылы мага “баңгизат таратуу” беренеси боюнча айып тагылып, 9 жылга кесилип кеттим. 2 жыл өттү, дагы 7 жыл отурушум керек. Орусияда баңгизат кылмышына карата мыйзамдар өтө катаал, баңгизатты чөнтөгүңдөн табабы, унааңданбы, балким, сен отурган жерденби, айырмасы жок, буга маани деле беришпейт экен. 1 граммдан көп баңгизат жаныңда болсо “ири өлчөмдө баңгизат менен кармалды” деп узак мөөнөткө кесилип кете берет экенсиң. Ооба, мен баңгизат колдончумун, бирок сатып же таратчу эмесмин. Колдонгонум үчүн 9 жылга кесилип кеттим. Мени бирөөлөр “подстава” кылып коюшкан.

“Абактагы бардык мекендештер Кыргызстанга которулууну каалашат”

– Орусиянын абагында канча кыргыз отурса, баары өздөрүн Кыргызстандын абактарына которуп берүүнү суранып арыз жазышкан. Бирок бул процесс аябай жай жүрөт. Дайыма күтүү режиминдебиз. Кыргыз бийлиги которуу иштерин тездетүүгө жардамдашса жакшы болмок. Бул жактагы абал абдан оор, ар бир кадамың изолятор, түрмөнүн ичиндеги түрмө. Жакындарыбыз тамак-аш киргизүүдө кыйналышат. Анткени Орусия башка өлкөнүн жарандарын Москвадан алыс, кайсы абакта орун бош болсо ошол жерге отургузат. Жолдун узактыгынан жакындарыбыз менен жолугушуулар, тамак-аш киргизүү бир жылда 2 жолу болсо болот, болбосо жок.

Шертай Рахимов, маркумдун агасы: “Курулушта иштеп жатам деген, бирок согушта жүрүптүр”

– Биз Өзгөн районунун Өзгөрүш айылынан болобуз. Янгибай (ред.: маркум) менин эң кичүү иним. Москвада таксиде иштеп жүргөн. 2022-жылдын жай айларында баңгизат ташыган деп айып тагылып, беш жарым жылга соттолуп кетти. Негизи баңгизат менен “подстава” болуп абакка түшүп калган мекендештер абдан көп. Менин иним да билбестиктен ушундай ишке аралашып калган. Үй-бүлөсү айылда ата-энем менен жашайт. 4 жана 8 жаштагы балдары бар. Абакка түшкөндө деле такай байланышып, тамак-аш киргизип турчумун. Тыва Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Бир жолу чалганымда “бул жакта жакшы сунуштар болуп жатат, 6 ай согушка катышсаң эркиндикке чыгат экенсиң” деп айткан эле. Бирок мен “кой, андай сунуштарга азгырылба, отуруп тур, буюрса, Кыргызстанга которуп алабыз” дегем. Негизи ага чейин абакта отурган кыргызстандык балдар Украинага кетишкен экен. Янгибай алар менен байланышканда “келе бер, бул жакта тынч эле, 6 ай чыдап койсоң эркиндикке чыгып кетесиң” дешиптир. Жөн эле отургандан көрө барып келе берейин деп азгырылдыбы, ким билсин. Мага айтпай согушка кетип калыптыр. Көпкө дайынсыз кетип, анан бир күнү чалды. “Каяктасың?” десем, “курулушта иштеп жатам, аке, буюрса, барып калам” деген эле. Ошол бойдон кайра дайынсыз кетти. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктө 2022-жылдын 9-декабрында Бахмут шаарында каза болгон деп жазылыптыр. Анын сөөгүн 23-январда Москвадан алып келип, туулган айылында жерге бердик. Инимди акыркы сапарга узатууга деп "Вагнерчилердин" өкүлү 100 миң рубль берип, “иниңди жерге берип келсең, дагы сүйлөшөбүз” дешкен. Артында чиедей эки баласы, сүйгөн жары калды. Мен инимдин согушка кетерин билсем жибербейт болчумун. Баары азгырыктан, билбестиктен болду.

“Вагнер” деген кандай уюм?

ЧВК “Вагнер” же “Вагнердин тобу” – юридикалык статусу жок, расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. Батыштын маалымат каражаттары аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт деп жазып келишет. Аталган түзүм 2014-жылдан бери Украинада, Сирияда иштеп келгени, оор техника, артиллерия жана аскердик авиация менен куралданганы айтылат. Буга чейин БУУ жана Франция “Вагнердин” жалданма аскерлерин Борбордук Африка Республикасындагы зордуктоо жана талап-тоноо окуяларына айыптаган. Ал эми Европа жана башка бир катар өлкөлөр бул аскердик топту Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтирген, Сирия менен Ливиядагы кырдаалды туруксуздаштырган, адам укуктарын одоно бузган деп айыптап, аларга каршы санкцияларды киргизген. Ал эми өзүбүзгө токтолсок, Кыргызстанда жалданма жоокер болууга кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай ишке айыпталган жаран “жалдануучулук” беренеси боюнча 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Лунара Бекиеа

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан