Кенжекул Мендебаиров, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БАЙБИЧЕМ “СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАРДЫ” ЫРДАТПАЙ КОЙГОН”

Маектештерим – Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаиров жана анын жубайы Зарыл Көгөева. Нарын облустук драма театрынын артисттери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаировдун ата-энеси, бирге түтүн булатып келе жатышканына 50 жылдан ашкан түгөйлөр башынан өткөн кызыктуу да, түйшүктүү да күндөрүн айтып беришти. Экөөнүн бири-бирине тийишип, тамашалашып, ачык сүйлөгөндөрү жакты.

– Саламатсыздарбы? Быйыл баш кошконуңуздарга 52 жыл болот экен. Ушул узак жолдун башына барып, баары эмнеден башталды эле деп эстеп көрбөйлүбү?

Зарыл Көгөева: – Саламатчылык, кызым. Агайыңар менден 1-2 жыл мурун Жумгал театрында иштеп калган. Мен болсо 1971-жылы 10-классты бүтүп эле театрга жумушка киргем, ошол жактан жолугуп калдык. Бул Македонскийди ойногону үчүн театрдагылардын баары Маке деп, өз аты өчүп калыптыр. Мен деле Маке байке дечүмүн. Кийин Кочкор, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торого чейин гастролдоп бардык. Жагып калгам го, такыр жигиттер менен тааныштырбай жүрдү.

Кенжекул Мендебаиров: – Кыздарды бизге тапшырат да, бул менин тайпамда болчу. Бирөө менен таанышам десе “таанышпайсың, таанышып көр, айлыгыңдан кыркып салам” деп коркутчумун.

З. К.: – Бир жигит мени издеп келсе эле айлыгымды кыркып салчу.

К. М.: – Ал кезде катуу болгом. Азыр “эй” десе, “ыя” деп эмне кыларымды билбей шашып калам.

З. К.: – Азыр болсо башкарып алдым.

К. М.: – Кудайдын буйругу го. Мен карапайымдыкты, оригиналдуулукту жакшы көрөм. Байбичем карапайым, жутунбайт, байлык-бийлик, наамга кызыкпайт, “ушул эле алсынчы” деп мени түртмөлөп турат, ыраазы болуп кетем. Мурун анча сүйө берчү эмесмин, азыр сүйүп калдым (күлүп).

З. К.: – Үйгө барарын унутуп жатат окшойт.

К. М.: – Үйгө барганча сүйлөп алайын... Чоёктогон, өтө жасанган, кишини теңине албаган кыздар деле бар болчу. Мен жубайымдын айылдык болушун каалачумун. Бул карапайым, башкалар менен мамилеси жакшы, боорукер. Бир жолу ашканада тамак ичип отурсак бир абышка кирди, аянычтуу көрүнөт экен. Карасам мунун көзүнөн жашы куюлуп жатат, “тээтиги аксакалды карачы, үй-бүлөлүү болсом багып алат элем” деди. Ошондо боорукерлигин аябай жактырып калгам. Экөөбүз тең баланы жакшы көрөбүз, үзүлүп түшөбүз. Таза, тыкан. Айтор, баары төп келишкен байбичем бар. Бою кыска болгону менен, ою бийик.

З. К.: – Аягын оңдоп кетти (күлүп).

К. М.: – Бир жаман жери – балдар, кыздарымдын баары ушуну менен сүйлөшөт. Демек, үйдө ушул бийлик жүргүзөт.

– Бийликти алдырганыңызга канча болду?

К. М.: – Эсимде жок, небак эле алдырып коюптурмун.

– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт. Ошол күндөр эмнеси менен эсиңизде калды?

З. К.: – Биз 3 эле бир тууганбыз. Ата-энем балалуу боло албай жүрүп, 50дөн ашканда мени жарыкка алып келишиптир. Зарыгып жүрүп көрдүк деп атымды Зарыл коюшат. Эрке чоңойдум. Булар болсо көп бир тууган экен, жаңы барганда “конок чакырышкан го” дептирмин. Көрсө, баары бир туугандар экен. Казанга тамак жасай албай ыйлачумун. Биздин үйдө анда-санда апам бир жакка кеткенде гана уй саачумун да. Барганда эле кайненем уй сааганга чыгарды. Эртең менен таң атпай эле “уй саалабы же жокпу” деп кыйкырчу, жарыктык киши. Абдан бышык кайын сиңдим бар болчу, турмушка чыкпай жүрүп, кийин каза болуп калды. Мен барганда 4-5-класста окучу экен. Бир жолу чыпканы жуубай унутуп калыптырмын. Башка жумуштарды жасап эшиктен кирип келсем эле ошол кайын сиңдим марли менен бетиме чаап жиберип жатпайбы. Аябай ыйлагам. Өтө ызаланып калган экем, кийин аны менен такыр катышкан жокмун, каза болгондо да барбадым. Далай сыноолорго чыдадым, айтор. “Артист кантип оокат кылсын, баланчанын кызын эле алып бермекпиз” деп кайненем муну урушат. “Артист сонун эле тиричилик кылат” деп көрүнгүм келип аракет кылдым, таза болдум. Кийин “мына, ушундай оокат кылыш керек” деп калышты. Көп эле уруш-талаш болду, бирок бир да жолу төркүнүмө кеткен жокмун. 17 жашымда турмушка чыктым, ошондо атам “турмушка эрте чыгып алдың, минтип койду, тигинтип койду деп үйгө качып келчү болбогун, уят болот” деген.

– “Сулууларга суктанууга акым бар” деген ырдын обонун кантип, кандай учурда жараткансыз? Бул ыр чыкканда эже кандай кабыл алды?

К. М.: – Бир жолу китепканадан чыгып келатсам арыктын ичинде бир гезит жатыптыр, алып окуп калдым. Жолочу Рысбаевдин маеги, анын этегинде ушул ыры бар экен. Ыр менин оюмдагыдай экен, баса калдым. 2-3 күн иштеп обонун жараттым. Ага чейин Кубаныч Ажыбаев обону мага таандык “Кечирип кой” ырын ырдап, хит болуп жаткан. Биринчи сынчым байбичем да, ырдап берсем “бети жок, ушуну кантип ырдайсың? Уул-келин, кыз-күйөөң эмне дейт? Карыганда бул чал көптү деп айтпайбы” деди. Ошентип ырдабай калдым. Бир күнү Кубаныч келип “байке, дагы бир жакшы обонуңуздан бериңиз” деп калды. Жанагы ырды угузсам дароо эле жактырды. Анан бир жумадан кийин баары эле сулууларга суктанып калышты.

– Чыгармачыл үй-бүлөсүздөр. Балдарыңыздардын сиздердин жолду улантышына түз эле көз карашта болдуңуздарбы?

К. М.: – Ачыгын айтканда, балдарымдын эч биринин артист болушун каалачу эмесмин. Канында бар экен, баары таланттуу чыгышты, неберелерим да таланттуу.

З. К.: – Мурун артисттерге оор болчу. Артисттерге көп киши, айрыкча тууган-урук анча жакшы карачу эмес. “Тууган-урукка жаман көрүнбөй, артист болбой эле койгулачы” дечүбүз. Анын үстүнө жаз келери менен гастролдоп кетип, кышка жакын келебиз. Балдарыбыздын кичинекейлерин көтөрүп, ээрчитип кетебиз, калганын “карап турчу” деп энеңе, кайненеңе, бир туугандарыңа жалдырайсың. Бала ооруп калса, ошол бойдон көтөрүп кетебиз.

Эркек балдарды билбейм, кыздарды такыр эле артист болбой эле койгула дечүмүн. Кыздарым башка кесипти окушту, бирок баары бир театрга тартыла беришет. Кичүүсүнө күйөөсү уруксат бербей, бул тармакта иштебей калды. Бирок кызыгат, “силер сүйгөн кесибиңерде иштеп жүрөсүңөр” деп калат. Улуу кызым экономист, болбой эле театрга кирип алды. Улуу балабыз Шамбет Нарын театрында режиссёр, Назым Кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси, Максат деген уулубуз актёр эле, учурда музыкалык мектепте иштеп жүрөт. Азыркы артисттерге жыргал, гастролго чыгышпайт. Колунан келгени ойнойт, келбегени массовкада жүрө берет.

– Жарым кылымдык тажрыйба менен бөлүшө кетсеңиздер. Үй-бүлөнүн бекем болушунун сыры эмнеде экен?

З. К.: – Бири-бирибизди кечиришип, жакшы көрүшүп жашап жатабыз.

К. М.: – Өзүм да таң калам. 52 жыл мен бир аял менен, бул бир күйөө менен жашап жатканыбыз жакшы нерсе да. Орусиянын актёрлорундай болгон жокпуз да, ээ, байбиче? Кел, колуңду берчи ошон үчүн (колун кармап). Экөөбүз бири-бирибизге чыдадык. Балдар-кыздар аман-эсен, экөөбүз бактылуубуз. Элим, жерим, театрым, ушундай байбичем, кесиптештерим бар, баарына ыраазыбыз.

– Сонун! Бакытка бөлөнүп эле арабызда аман жүрүңүздөр!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан