“Бүгүн кеч кандай гана ырахаттуу,
Өмүргө бул келген кез салтанаттуу...”
Бул саптар эсиңиздеби? Бул ирет ушул “Сенин үнүң”, дагы "Өмүр кемеси", "Гүлмира", "Ай, эркем ай", "Досторго", "Раймалы менен Бегимай", "Кел жигиттер, кел кыздар..." сыяктуу бир топ мыкты обондун автору, композитор, аткаруучу Адылбек Кыязов жана анын жубайы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дамира Баратбаева менен кызыктуу маекти сунуштайбыз.
– Кандайсыздар? Адылбек ага, кепти өнөр жолуна жаңыдан кадам таштаган учуруңуздан баштасак...
Адылбек Кыязов: – Чыгармачылык бала кезден башталат. 4-5-классымда ырларды жазып, ага обон жарата баштагам. Бир күнү мектепте “өзүмдүн ырымды ырдап берейин” десем таң калышкан. Ырдап берсем мектеп директору “Адылбек, сен ыр чыгаргандын балекетин аласыңбы? Жөн эле башкалардын ырларын ырдап жүрчү, эй” деп жатпайбы. Балта менен башка чапкандай эле болдум. 9-классымда “Ай эркем, ай” деген обондуу ыр жараттым. Мектепти бүтүп Бишкекте студияда окуп жүргөндө “Гүлмира” деген ырды чыгарып, эки ырымды тең Жеңишбек Ашымов деген диктор агайым жактырып калып ырдап чыкты. Бара-бара атым таанылып, колго гитара алып ар кандай кечелердин падышасы болуп жүрдүм. Кийин гастролдоп жүрүп элге таанылдык. Бир жолу Кытайга барып калсак, “Падыша бол, кайырчы бол баары бир, Өлүм үчүн бирдей сенин катарың” деген ырыңды жаңы чыкканда чогулуп алып таң аткыча ырдап, ыйладык” дешти. Ошентип күйөрмандар көбөйүп, кийин концерттерде залга эл батпай калган учурлар болду.
Баарынын өз убагы бар. Бизди жакшы тааныгандардын арты азыр 40 жаштан ашып калды окшойт. Сахна жаштыкты сүйөт. 60тан ашкандан кийин артка чегиндим. Сыйлап чакырышса барып ырдайм, ырдап берейин деп суранбайм. Күзүндө юбилейлик концерт берели деп жатабыз. Ырларымда сүйүү дагы, трагедия, лирика, бардык тематика бар. Казакстандык режиссёр Куандык Касымов менен сүйлөшүп калсам, ал “ырларыңызды компактный пьеса кылып койсо болчудай” деп жатпайбы. Концертти ошол уюштуруп берет. Элдин жүрөгүндө калган обондорду жаратсам дечүмүн, тилегиме жарым-жартылай жеттим. Каякка барбайын, элдин сыйынын үстүндө жүрөбүз, ыраазыбыз.
Дамира Баратбаева: – Мурда артисттерди гастролго 4-5 айлап жөнөтчү да. Спектакль коюп Казакстанга, Москвага көп бардык. Ошентип жүрүп Эмгек сиңирген артист наамын алдым. Экөөбүз гастролдо да чогуу жүрчүбүз. Кызык окуя, кызыбыздын там-туң баскан кези. Ошто ысыктын күнү уктап калса турсийчен эле көшөгөнүн артына жаткырып койчубуз. Биздин кезегибиз келип, сахнада ырдап баштасак эле көрүүчүлөр күлүшөт. “Эмне болду?” деп үстү-башымды карап коём, ырдап жатып Адылбек деле күлөт. Көрсө, кызыбыз сахнага чыгып алып, атасы аккордеон тартып жатса эки бутунун ортосунан башын чыгарып алып кошо ырдап жатыптыр.
Чет жерден делегация келсе эле чоңдор “Кыязов менен Баратбаеваны чакыргыла, тосуп алышсын” деп бизге машине жөнөтө беришчү. Анан Долондун түшө беришине тургузуп коюшат, ырдап тосуп алабыз. Анан конок үйдүн алдына барып тургузушат, ал жактан ырдап тосуп алабыз. Көрсө, ошонун баары элге кызмат экен да. Жашпыз, чын дилибизден ырдачубуз. Азыр эл аралап калганда сендей жаш кыз-келиндер “сиздер биздин айылга баргансыздар, сиздерди ата-энем жакшы көрөт” деп калышат.
– Эки чыгармачыл адамды тагдыр кантип, кайдан жолуктурду?
А.К.: – Мен таанышпайм десем болбой эжең колумдан сүйрөп барып таанышкан (күлүп).
Д.Б.: – Капырай де, ушунчалык эле жоош болуп калдың беле (күлүп)?
А.К.: – 1976-жылы студияны бүтүп, Нарын театрында иштеп калдым. Ал жерде кыздар көп экен, Дамира дагы бар. Шаардык жигит деппи, айтор, кыздар мени киного чакырышат эле. Ошолордун ичинен Дамира тың экен (күлүп). Кыялыбыз, мүнөзүбүз келишип, 1977-жылы баш коштук. Бир уул, бир кызыбыз бар. Кызыбыз Германияда жашайт, күйөө балабыз немис улутунан. 1-2 жылда биз барып, же алар келип турушат. 2 неберем бар. Уулубуз бул жакта, актёр. Былтыр Кудайдан тиленип жүрүп келиндүү болдук.
Д.Б.: – Ооба, ай, 37ге чыкканда үйлөнбөдүбү. Азыр келиндин колунан чай ичип, балдардын жакшылыгын көрүп отурган кезибиз.
– Популярдуу адамдар, суктанган көздөр... Ортодо кызганыч дагы болсо керек?..
Д.Б.: – Болбой анан, кызганыч кантип болбой койсун (күлүп)?
А.К.: – Бизде бөлүшө албай турган башка талаш деле жок болчу. Жаш кезде чыр-чатак эмнеден чыгат? “Жанагы кыз эмне үчүн сени минтип карады?” дейт...
Д.Б.: – Караганы эч нерсе эмес, оюн-күлкүлөр болуп кетет да.
А.К.: – Эркек болгондон кийин татынакай кыздарды ким жаман көрөт? Карап жибересиң да, жакшынакай көрүнөт, акырын карап коёсуң.
Д.Б.: – Карап элеби (күлүп)?
А.К.: – Аай (каткырып). Бир жолу Бишкектен Ат-Башыга барып калдым. Айыл өкмөт башчылары жана башка жетекчилер мени карап өздөрүнчө сүйлөшүп жатышат. Ырдап бүтүп кетип баратсам “ой, Адыке, бери келчи” деп калышты. Барсам, “Эй Адыке, сенин кулагыңды ысытып жатабыз. Чыгармачыл адамдарды карасак, мисалы, Рыспайдын 2-3 аялы бар экен, Мамажановдуку 2, Керимбаевдики паланча, Камчыбектин 4-5 аялы бар, ушу сага келип эле таппай жатабыз да. Мына бул кошунаң экен, сурасак “бул жигит түптүз сызгычтай болуп театрга кетет, кайра түптүз үйүнө келет. Оң-солго басканын уккан жокмун” дейт. Ушуну угуп алып суктанып жатабыз, сендей сулуу жигиттин артынан кандай гана кыздар чуркабайт” деп жатышпайбы.
Апамдын бир сөзү эсимден кетпейт. Бир жолу аялдардын айынан чыр чыкканда апам “айланайын, балам, кыз дагы, уул дагы төрөп берди. 2 баланы жалдыратып таштаба. Тирүүлөй жетим болгон жаман, эки балаңды таштап кетсең мен сени кечирбейм” деген. Менин деле ниетим түз болчу. Анын үстүнө эжең кыйын да, анча-мынчаны мага жакын жолотчу эмес. Кийин ойлосом, ошентип биздин үй-бүлөнү сактап калыптыр. Бир жолу эжеңе “бир Жигули алалычы” десем, “жөө жүргөнүңдө таппай калып жатам, Жигули алсаң такыр эле жоголосуң да” дейт (күлүп).
– “Эй, Гүлмира, күндө келем мен сага” деген саптары бар “Гүлмира” ырыңыздын тарыхын айтып берсеңиз...
– Гүлмиралар көп эле ал кезде (күлүп). Жаштыкта бала кыял болосуң да, кыялың бир жерге токтобойт. Аккордеон тартып отурсам ушул кайрыктар келип, уланып кетти. Ырларым популярдуу болгондон кийин мага конверттер келе баштады. “Ырларың жагат, жолугалы, саат мынчада баланча жерден күтөм” деп жазышат кыздар. Уялчаакмын да, барышын барып алып сүйлөй албай отура берчүмүн. Мен театрда ачылыптырмын.
– “Сенин үнүңдүн” тарыхын да сурабасам болбос?..
– Муну 86-жылдары жазгам. Тексттин автору Биримкул Алыбаев жолугуп калып “сенин обондоруң мага жагат” деп бир китепчесин берди. Анан 1 айга Таласка гастролго кеттим. Таласта китепти барактап отуруп ушул ыры жакты, анан бир күндө эле обонун жараттым. Ошол жерден концертте ырдадым, эл жакшы кабыл алды. Негизи ырдын өмүрү биринчи элге тартууланганда эле билинет.
Гулийпа Маметосмон кызы