СЫНГАН СӨӨКТҮН БҮТҮШҮ ЖАШ КУРАККА КАРАБАЙТ

Кышында жылгаяк тебем деп буту-колун сындырып же муундарын чыгарып алгандар көп катталат. Медицинада булар таяныч-кыймылдаткыч системинин жаракаттары деп аталат. Сөөк, муун, булчуң, тарамыш, байламталардын комплекси... Ушул жаатта травматолог, медицина илимдеринин доктору Бектур Анаркулов кызыктуу жана пайдалуу маалымат берди.

Таяныч-кыймылдаткыч системинин милдеттери

Таяныч-тирөөч катары – булчуңдарды жана ички органдарды кармап турат.

Коргоочу катары – кабырга жана көкүрөк омурткалары, далы сөөктөрү жашоого керектүү органдар болгон жүрөк, өпкөнү толук, андан сырткары боор менен көк боордун канча бир бөлүгүн сыртынан коргоп турары белгилүү. Жүлүндү омуртка тутуму сыртынан курчап коргосо, мээ баш сөөктүн калкалоосунда.

Кыймылдаткыч катары – кыймылдарды камсыз кылат, мисалы, эңкейүү, жүгүрүү, отуруу жана башка.

Кандын жаралышын камсыз кылуучу катары – кемиктердин башында жаңы кан клеткаларын пайда кылып турат.

Зат алмашуудагы милдети – организмдеги кальций, темир, фосфордун алмашышын камсыз кылат. Мындан тышкары кандын айланышына да катышат.

Сынык жана анын түрлөрү

Сынган сөөктүн ачык жана жабык түрү бар. Эгер сынган сөөк терини тешип, айрып кетсе, демек, ачык сынык. Ал эми сөөк сынганы менен териге зыян келбесе, бул жабык сынык. Сынык кан тамырларды да жабыркатат.

Бир нече сөөк сынса, ички органдар жабыркаса, талашсыз, оорулуунун абалы ого бетер оорлошот.

Турмушта ийин, сан, шыйрак сөөктөрү, кызыл ашык сынган учурлар көп кездешет. Остеопороз (сөөктүн кальцийдин жетишсиздигинен борпоң тартышы) дарты барлардын сөөктөрү көп сынат. Сөөктүн сынганы билингенде тезинен ооруканага алып барып, травматологго көрсөтүү керек. Рентгенге тартылып, анын жыйынтыгына карап диагноз коюп, дарылоо ыкмасын сунушташат. Жеңил түрүндө рентгендин кереги жок.

Операцияда жасалуучу ыкмалар

Интрамедуллярдык остеосинтездөө. Сөөктүн каналына (чучукка) темир салынып, бекитилет. Көбүнчө сан, балтыр сөөктүн сыныгында колдонулчу ыкма.

Сөөктүн сыртынан жасалуучу остеосинтездөө. Мында бетинде тешикчелери бар ар кандай узундуктагы, жазылыктагы, калыңдыктагы металл пластиналар колдонулат. Алар сөөккө сыртынан винттер менен бекитилет.

Компрессиялык-дистракциялык остеосинтездөө. Сөөктү кысуу (компрессия) же чоюу (дистракция) жаатында колдонулат. Сөөктүн тубаса деформациясында (буттун кыйшыктыгы, бир буттун кыскалыгы) да бутту узартуу үчүн пайдаланылат. Аппарат сыртынан сөөктү көзөп өткөн ичке темир бекитилген металл шакекчени элестетет. Шакекче стержендер менен бириктирилген. Стержендер жылдырылып турууга ылайыкташкан.

Эндопротездөө. Чоң муундар майдаланып сынып, сөөктөрдү операциялык жол менен чогултууга мүмкүн болбосо жасалма муун салынат. Көбүнчө жамбаш менен сан сөөгүнүн ашташкан жериндеги муун, тизе, ийин, чыканак жана кызыл ашык муундары алмаштырылат. Бул муундардын бири эле кыймылдабай калса майыптык жаралары белгилүү. Эгер бейтаптын 2 же андан ашык муунун алмаштыруу керек болсо, операция этап-этабы менен жасалат.

Операция убагында сынган жердеги нервдердин үзүлүп кеткени байкалса, анда операцияга микрохирургдар чакырылат. Алар нервдерди улап тигишет.

Сөөккө жарака кеткенде

Сөөккө жарака кетип, жайгашкан ордунан жылбаса, анда гипс коюлат. Учурда гипстин ордуна синтетикалык материалдардан жасалган атайын сөөк карматкычтар колдонулат.

Муун чыкканда

Бейтапка наркоз берилип, чыккан муун салынат. Эң чоң делген жамбаш муундары да операциясыз салынган учурлар болот. Муун салынбай турган абалда болсо, анда операция жасалат.

Тарамыш, байламталар үзүлгөндө

Мындай учурда биоматериалдык лавсан жиби колдонулуп үзүлгөн жерлер улаштырылып тигилет.

Бейтап эмнелерди билиши керек?

Сөөк адамдын жашына карап бүтөт деген туура эмес. Акырек сөөк 2-2,5 айда, ийин сөөгү 3-4 айда, сан сөөгү 6 ай жана андан ашык убакытта бүтүшү мүмкүн. Эгер бейтап врачтын айткандарын так аткарбаса, анда сөөктүн бүтүшү кечеңдейт, кыйшык бүтүп калышы же жалган муун пайда болуусу ыктымал. Сөөк өсүп калыбына келиши үчүн зарыл каражат – бул кальций. Андыктан курамында кальций көп азык-түлүктү көбүрөөк ичип-жеш сунушталат. Сүт жана сүт азыктары, балык, кургатылган жемиш кактары, буурчак, жумуртка, мисте жана башкалар. Сөөк бүткүчө спирт ичимдиктеринен алыс болуу туура. Мас болуп алып кырсыктап, сынган сөөгүн ичине бекитилген темири менен кошо сындырып алып кайра врачка келгендер көп кездешет.

Андыктан врачтардын көрсөтмөлөрүн так, туура аткаруу кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан