Улан Насакеев, көк бөрүчү: “ОШОЛ ОЮН ТАКЫР ЭСИМДЕН КЕТПЕЙТ...”

Өткөн аптада Кыргыз спортунун мыктылары мамлекеттик деңгээлде сыйланды. Көк бөрүчү, эл аралык класстагы спорт чебери Улан Насакеев улуттук спорттун түрлөрү боюнча “Мыкты спортчу” наамына ээ болду. Атактуу “Бөрүлү” командасы менен оюн талаасына аттанып, 20 жылдан бери көк бөрүнү кызытып жүргөн легендарлуу оюнчулардын бири Улан мырза менен баарлаштык.

– Саламатсызбы, Улан мырза? Сыйлык кут болсун!

– Чоң рахмат, бул мага күтүүсүз болду. Күтмөк тургай, сыйлык тууралуу ойлончу деле эмесмин. Спортчуларды сыйлоо аземи тууралуу деле маалыматым жок эле. Негизи мындай нерселерге кызыга бербейм. Көк бөрү федерациясынан чалып, “спортчуларды сыйлоо аземи болот, келип катышып кеткиле” дешкенинен баргам. Сыйлык аларымды ошол жактан билдим.

– “Нооруз” турнири жакындап келе жатат. Бул сезондо кайсы командада оюн көрсөткөнү жатасыз?

– Көк бөрүдө жүргөнүмө көп жыл болуп калды. Бул сезондо ойноор-ойнобосум азырынча белгисиз. Командалар “Нооруз” турнирине жаңыдан даярдыктарын көрө баштады, жакындаганда такталса керек.

– Көк бөрү талаасында жүргөнүңүзгө 20 жыл болуп калыптыр. Профессионал көк бөрүчү болуу кыялыңызда бар беле негизи?

– Кичине кезимден эле атка жакын болуп, улак чабууга абдан кызыкчумун. Айылыбыздан чыккан “Бөрүлү” командасында ойногон улакчы байкелерди ээрчип, аттарын минип жүрүп эле кызыгып кеттим. Башында айыл аралык оюндарда улак чаап жүрдүм. Кийин “Бөрүлүнүн” курамына кошулуп, 16 жашымдан тартып чоң оюндарга чыга баштагам.

– 20 жыл ичинде көк бөрүдө кандай өзгөрүүлөр болду?

– Азыркы учурда көк бөрү жакшы эле өнүгүп калды. Мен бала кезде көк бөрүчүлөр эки команданын тай казаны тараптан ортодогу улакты көздөй бет маңдай чаап келишчү. Бири-бирине урунуп калышчу. Андан бери канча эрежелер кирди, улам толукталып жатат. Коопсуздук эске алынып, бир топ эрежелер өзгөрдү. Ал кезде жалпы командалык эле оюндар болчу. Азыркыдай Жогорку лига, Биринчи лига деп бөлүнчү эмес. Быйыл Экинчи лига түзүлүп жатыптыр. Мунун баарын жакшы жакка өзгөрүү десек болот.

– Былтыр IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көкпар курама командасына мүчө болдуңуз. Буга сиз тараптан таарыныч болбодубу?

– Бул эми федерация жетекчилигинин чечими болду. Алар өздөрү ыкташтырып курама команданы түзүштү да. Мен муну туура эле кабыл алдым. Биз көпчүлүк учурда казаны жок жер улак деле ойноп жүрбөйбүзбү. Буга чейин үч жолу көк бөрү боюнча Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болгом. Былтыр жеңүүчү боло албай калдым. Эң негизгиси жаракаты жок, тынч оюн көрсөтүп келдик.

– Бир эсеп айырмачылыгы менен утулуп калдыңыздар. Негизи саясат аралашпаган, таза оюн болдубу?

– Оюнга эч ким кийлигишкен жок, таза эле өттү. Минген аттарыбыздын акыбалын баарыңыздар эле көрдүңүздөр да. Аттар чечүүчү ролду ойноп койду. Түрктөр аттарга өзгөчө мамиле кылышат экен, биз камчы салсак, чаппагыла деп жатышты. 2012-жылы да Түркиянын Денизли деген шаарына чоң фестивалга барганбыз. Көк бөрүнү көргөзмө катары ойноп бермекпиз, ошондо да аттар ушундай чабал болгон. Аттарды минип бир аз ойногондон кийин эле ээлери аттарын алып коюшуп, ошону менен оюн токтоп калган. Былтыр дагы бизге аттарын бергенине өкүнүп кетишти окшойт.

– Көчмөндөр оюндарынын түптөлгөнү сиздерге стимул болуп бере алдыбы?

– Албетте, көк бөрүдө буга чейин Азия чемпиондугу сыяктуу турнирлер бирин-экин өтүп токтоп калган. Бир учурда Казакстан, Ооганстан, Өзбекстандан командалар келип эл аралык оюндар өтүп баштаган. Ал оюндар да сапарын улаган жок. Көчмөндөр оюндары чоң деңгээлдеги турнирге айланды. Азыр ар бир улакчынын улуттук курамга кирип, Көчмөндөр оюндарына катышсам деген ой-тилеги бар болуш керек. Андыктан Көчмөндөр оюндары токтобой, бийик деңгээлде өтүп турса дейт элем.

– Көк бөрү кооптуу спорт түрү, кандай коркунучтар башыңыздан өткөн?

– Ата-энем улак ойноп баштаганымдан тарта бүгүнкү күнгө чейин “ушул оюнуңду токтотсоң боло” деп келишет. Бирок кызыгууң күч болгондуктан таштап сала албайт экенсиң. Бир жерде көк бөрү болот экен дегенди уксаң үйдө жата албай каласың, “кой, барайын” деп атыңды даярдай баштайсың. Ал эми жубайым көк бөрү ойношума каршы деле эмес. Тескерисинче, “жакшылап ойнобойсуңарбы” деп күйөрмандык кылып колдоп турат.

– Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгында иштейсиз. Бул сиз бала кезден каалаган кесиппи?

– Кичине кезимден эле “чоңойгондо милиция болом” дечүмүн. Ошол максатты көздөп окууга тапшырдым. Окууну бүтүп эле ушул тармакта иштеп калдым.

– Маанилүү оюндар болгондо жумуштан суранып кетиш керек болот да, ээ?

– Турнирдин боло тургандыгы тууралуу федерациянын расмий билдирүүсүнүн негизинде кызматтык өргүү алып кетем. Кызматтык өргүүнү турнирлерге жараша бөлүп алам.

– Өзүңүз ат багасызбы?

– Ат багыш үчүн убакыт керек да. Жумуштан бошобогондуктан ат бакпайм. Көк бөрүгө салайын деген эки атым бар, кээде оюндарга минип турам. Аларды айылда атам карайт, кошуна инилерим минип ары-бери бастырып турушат.

– Кайсы беттеш эсиңизден кетпей калды, эмне себептен?

– “Бөрүлү” командасы 2006-жылы биринчи жолу чемпион болуп, 1 миллион сом байге утканбыз. Ага чейин көк бөрүнүн турнирлерине миллион сом байге коюлган учур болгон эмес. Миллион сом коюлуп жатыптыр деп ипподромго эл батпай калган. Финалда “Аракет” деген команда менен оюнга чыгып, алар бизди 1:0 эсебинде утуп жатышкан. 3-таймда сальто жасап бир өзгөчө улак салып, эсепти теңегем. Анан кошумча берилген убакытта дагы бир салым салып кеткем. Ошол оюн ушул күнгө чейин эсимде. Бул жеңиш ак жолтой болуп, “Бөрүлү” командасы 2010-жылга чейин чемпиондукту берген жок.

– Көк бөрүдөн эмне таптыңыз?

– Эң негизгиси – бул менин сүйүктүү оюнум. Көк бөрүнүн арты менен эл-жер көрдүм, досторду, күйөрмандарды таптым. “Сиздей улакчы болгум келет, мени сизге окшоштурушат” деп 8-номердеги форма кийген сүрөттөрүн жөнөткөндөр көп.

– Бар болуңуз, ийгиликтерди каалайбыз!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан