ЗЫГЫР УРУГУ – ОМЕГА-3түн БУЛАГЫ

Пахта майы, семечка майы жана башка майлар чыга электе зыгыр майды сиз деле колдонуп калсаңыз керек, ал биз сөз кылуучу зыгыр уругунан алынат. Учурда андай майды күнүмдүк турмушта колдонуу дээрлик жокко эсе, анткени сактоо мөөнөтү аз эле. Бирок ал майдын курамынын жарымы Омега-3 болсо, калганы Омега-6, Омега-9 май кычкылынан турат. Демек, пайдалуу да.

100 грамм зире уругунун баалуулугу

Зыгыр уругу 30-60 сантиметр узундукка чейин өсүүчү бир жылдык зыгыр өсүмдүгүнөн алынат. Зыгыр уругу салаттарга кошулуп, андан алынган ун, майлар дени сак жашоо үчүн сунушталып келет. Курамында В тобундагы витаминдер, анын ичинен фолий кычкылы (В9), РР витамини көп. Ал эми микроэлементтерден темир, цинк, магний, фосфорго бай. Зыгыр уругундагы майдын көп өлчөмү Омега-3.

Калориялуулугу – 534 кКал

Белок – 18 грамм

Май – 42 грамм

Углевод – 28 грамм

Тамак-аш булачалары – 27 грамм

Суу – 6 грамм

Тамак сиңирүүнү жеңилдетет

Омега-3 көп азыктардын дагы бири балык майы болсо, эки май кычкылынын айырмасы бар. Пайдалуулугу жагынан балык майындагы Омега-3 артыкчылык кылганы менен, сиңимдүүлүгү жагынан өсүмдүктөрдүн курамындагы Омега-3 жакшы.

Омега-3 клеткалык мембрананын маанилүү бөлүгү. Нерв системи, мээнин, кан айлануу системинин иштеши мембранадан көз каранды. Ошондуктан зыгыр уругу бул функциялардын аткарылышына пайдасын тийгизе алат. Ал эми курамындагы тамак-аш булачалары тамак сиңирүү системине көмөкчү болуп, ичеги-карынды тазалоодо жардам берет. Натыйжада организмге күч келтирип жаткан, сиңбей бир нече сааттап кармалып турган заттардын сиңип, организмден чыгышына өбөлгө болот, ич катуунун алдын алат. Бул дени сак жашоодогу негизги процесстерден.

Кайсы учурда колдонууга болбойт?

Азыкты ичеги-карын ооруларында (гастрит, ашказан жарасы, колит), панкреатит оорусунда жебеш керек. Ал эми аллергиясы бар адамдар, өт жана бөйрөктө таш болгон учурда абайлап колдонуу сунушталат. Калган учурларда коркпостон рационго кошо берүүгө болот, болгону күнүнө бир уучка жетпеген өлчөм жетиштүү. Ал эми зыгыр майынын эң жаман жери – сактоо мөөнөтүнүн аздыгында. Ачылган соң бир апта ичинде колдонуу керек жана муздак, күн тийбеген жерде сактоо шарт. Болбосо пайдалуулугун жоготуп, бат кычкылданып организмге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал эми зыгыр уругун тамак үчүн айнек идиште муздак жерде бир жылга чейин сактоого болот.

Чач жана тырмактын көрүнүшүн жакшыртат

Зыгыр майы бетке, чачка кам көрүүчү каражаттардын курамында да кездешет. Зыгыр майы тери кургаганда нымдаштырууга, айрыкча андагы бырыштар, безетки менен күрөшүүгө, коллагендин иштелип чыгышын жакшыртууга, тунук кылууга жакшы көмөктөшөт. Болгону майлуу беттерге колдонуу сунушталбайт. Эгер териде кандайдыр бир көйгөй жаралса ички организмден себебин издөө керек. Алгач адистерге көрүнүп, анализ тапшыруу менен себебин аныктап, аракет көрүү зарыл. Эгер колдонууга тыюу салбаган болсо аз өлчөмдө зыгыр уруктарын же майын салаттарга кошуп, бетке, чачка маска коюу менен теринин абалын жакшырта аласыз.

Зыгыр майын маска катары колдонуу үчүн бет териңиздин кандайлыгына карап казыктарды тандап, ага 3-4 тамчы май кошуп натыйжасын арттырууга болот. Териңиз зыгыр майдан аллергия болбойбу, билек тушуңузга сүйкөп текшерип алуу оң. Ал эми чач, тырмакка сүйкөгөндө жумшартып көрүнүшүн жакшыртат, бекемдейт. Бирок баш териге сүйкөбөө кажет, бул учурда баштагы тешикчелерди жаап коёт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан