ЖҮГӨРҮНҮ СҮЙГӨН МЕКСИКА АШКАНАСЫ

Индейлердин жана Европанын даамдары айкалышкан Мексика ашканасында көбүнчө помидор, авокадо, төө буурчак, лайм, ашкабак сымал азыктар көп колдонулат. Эң жакшы көргөн азыктарынын бири – жүгөрү. Жүгөрү унунан нан, тортилья аталган жупка жасап, аны ар кандай тамак, салаттарында негизги азык катары колдонушат. Мына ушундай өзгөчөлүктөгү мексика ашканасы менен бизди ашпоз Ырыс Зарылбеков тааныштырды.

Мексика шорпосу

Керектелүүчү азыктар (6 порция үчүн):

Уй же тоок эти – 600 грамм

Помидор – 200 грамм

Сарымсак – 3-4 тишче

Консерваланган төө буурчак – 100 грамм

Консерваланган жүгөрү – 100 грамм

Зире – 1 чай кашык

Чили калемпири – 1 дана

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Уй этин 3 литр сууга салып кайнатабыз. Чийкөбүгүн алып, бышкыча жай отто кайнатабыз.

2. Эт бышканда чыгарып, чарчы туурап кайрадан шорпого салабыз. Артынан майда тууралган сарымсак, помидор, чили калемпирин, зирени салып, туз татытып 15 мүнөттөй кайнатабыз. Андан соң төө буурчак менен жүгөрүнү салып дагы 10 мүнөттөй кайнатуу керек. Мексика шорпосу даяр!

Пикадильо

Керектелүүчү азыктар

(2 порция үчүн):

Фарш – 100 грамм

Помидор – 100 грамм

Томат – 1 чай кашык

Картошка – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2 тишче

Мейиз – 30 грамм

Зайтун же өсүмдүк майы –
2 аш кашык

Орегано (кургатылган) – 0,5 чай кашык

Корица – 1-2 чымчым

Лавр жалбырагы – 2 даана

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач фаршты өзүнчө бир аз майга кууруп алуу кажет.

2. Пияз, сарымсак, болгар калемпирин майда туурап алабыз да, көмөч казанда ысып турган майга салып жакшылап кууруйбуз. Үстүнө татымалдарды салып, даамы чыкканча дагы бир аз кууруш керек.

3. Помидор менен картошканы жууп-тазалап, чарчы туураңыз.

4. Көмөч казандагы куурмачка фаршты, андан соң помидор менен картошканы, жуулган мейизди кошуп аралаштырабыз. Капкагын жаап картошка бышкыча 15-20 мүнөт демдейбиз.

5. Пикадильону кандай гарнир менен болсо да берсеңиз болот.

Тако салаты

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Фарш – 200 грамм

Болгар калемпири – 2 даана

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Айсберг капустасы – 150 грамм

Помидор – 1 даана

Авокадо – 1 даана

Тортилья же лаваш – 4 даана

Аралашма үчүн:

Каперс – 40-50 грамм

Тобаско соусу – 20 миллилитр

Майонез – 100 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тортильянын жасалышы биздин кадимки жупка же каламага окшош, болгону анын камырына татымалдар жана жүгөрү уну кошулуп, жукараак жайылып бышырылат. Өзүңүз жасап же ордуна лаваш колдонсоңуз болот. Аны 7х7 өлчөмүндө чарчыларга бөлүп, бетин майлайбыз да, кекстин калыптарына жайгаштырып, 190 градуста ысып турган электр мешинде 5 мүнөткө салып чыгарабыз. Чөйчөк сымал кытырак калыптар даяр.

2. Майонезге майдаланган каперсти, тобаско соусун кошуп, мурч, туз себелеп аралаштырабыз. Тобаско соусун чили соусу менен алмаштырууга болот.

3. Жашылчаларды жууп-тазалап, айсберг капустасын чоңураак төрт чарчы, помидор менен болгар калемпирин майда төрт чарчы туурап алабыз. Аларды аралаштырабыз да, тортильядан жасалган калыптарга салып, үстүнө майонез аралашмасынан куябыз. Үстүнө авокадо кесимдерин коюп, тарелкаларга 3-4төн тизебиз.

Кесадилья закускеси

Керектелүүчү азыктар:

Тортилья же лаваш – 1 даана

Тоок эти – 100 грамм

Болгар калемпири – 1 даана

Пияз – 1 даана

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Томат – 1 чай кашык

Чили соусу – 1 чай кашык

Сыр – 40 грамм

Туз, татымалдар – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ысып турган көмөч казанга май куюп, майда тууралган пиязды, андан соң чарчы тууралган тоок эти менен болгар калемпирин салып жакшы кууруйбуз. Андан соң томат пастасын, чили соусу менен туз, татымалдарды кошуп бир аз кууруп оттон чыгарабыз.

2. Тортильянын жарымына куурмачтан салып, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп жарымы менен жабабыз. Электр табасына салабыз.

3. 200 градуста ысып турган электр мешине 7-8 мүнөткө салабыз. Чыгарып 3-4кө бөлүп тарелкаларга тизиңиз. Кесадилья аталган закускебиз даяр!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан