ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-февралдан 19-февралга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Ар кандай кечелерге, бар, клубдарга баруу сунушталбайт. Күтүүсүз пикир келишпестиктен улам досторуңуз, айрыкча айымдар менен мамилеңиз бузулушу мүмкүн. Пландарыңызды бир сыйра анализдеп, айрым толуктоолорду киргизсеңиз болот. Бейшембиден жекшембиге чейинки күндөр бир калыпта ийгиликтүү өтөт, сырдуу дүйнөгө кызыксаңыз сүңгүп кирип, изилдөө жүргүзүүгө ылайыктуу. Йога менен машыгууну өздөштүргүңүз келсе, ушул аптада кирише бериңиз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Букачарлар үчүн апта оор башталат. Бизнестеги же никедеги өнөктөшүңүз менен мамиле чыңалат деп эскертишет жылдыздар. Айрым принципиалдуу маселелер боюнча силердин көз караш таптакыр эки башкача экенине ынанышыңыз мүмкүн. Бул апта келишимдерге кол коюуга ылайыктуу эмес. Ар кандай маселени талкуулап гана чечиңиз, мисалы, алдыдагы пландарды жубайыңыз менен бирге талкууласаңыз – бул үй-бүлөдөгү атмосфераны кадимкидей жакшыртат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ден соолукка жакшыраак көңүл буруңуз, вирустук инфекциялардын азабын тартышыңыз мүмкүн. Беделиңизди сактоо да маанилүү. Жетекчиликтин же сынактык комиссиянын алдында өзүңүздүн билим деңгээлиңизди далилдөө зарылдыгы жаралышы ыктымал, даяр болуңуз. Эгер ийгилик жылмайбай калса, анда окууга же талантыңызды курчутууга астейдил убакыт бөлүңүз. Максатка жетүүдө сизди артка тарткан сапаттардан арылуу, чыйрак болуу сунушталат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кумар оюндарында тобокелчиликке барууга каалооңуз күчөйт, бирок карманыңыз, баштап алсаңыз өзүңүздү токтотуш кыйын болот. Сүйүү мамилелерин жөнгө салууга ылайыктуу апта. Жалгыз бой бөйөндөр саякат же майрамдык иш-чаралардан болочок түгөйүн кезиктириши мүмкүн. Сүйүшкөндөр үчүн баш кошууга жакшы убакыт. Үй-бүлөлүү бөйөндөр балдарынын тарбиясына ыраазы болушат, алар элпек болушуп, окуудагы ийгиликтери менен да кубандырышат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Өнөктөштөрдүн мамилесинде карама-каршылык күчөйт, айрыкча ата-энеси менен чогуу жашаган түгөйлөрдө. Муундар ортосундагы пикир келишпестик да үй-бүлөдө ынтымактын ыдырашына жол ачат. Аптанын экинчи жарымында бардык чыңалуулар артта калып, позитивдүү тилке башталат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен каалаган темада талкуу жүргүзүп, маселени оң жакка чече аласыз. Дем алыш күндөрүн жакындарыңыз менен бирге өткөрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жылдыздар организм алсызданарын эскертишет, андыктан бийкечтер ден соолугуна кайдыгер карабаганы жакшы. Аба ырайына карап кийиниңиз, суук тийгизип алуудан качыңыз. Жумушта түнгө чейин калып иштебей, энергияңызды сактаңыз. Өнөктөштүк мамиленин бардык түрү үчүн жакшы учур, пайдаланып калыңыз. Иш сапарга да ойлонбой чыга бериңиз, жыйынтыгы кубандырат. Достор менен табият коюнунда же клубда убакыт өткөрүү да ашыкча болбойт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Белек алууга көп акча коротпоо сунушталат. Эгер 14-февраль – сүйүшкөндөр күнүнө карата сүйүктүүңүзгө белек бергиңиз келип жатса, шашылуунун кереги жок. Шопинг үчүн ылайыктуу учур шаршембиден башталат. Балдарга оюнчук сатып алууну да жуманын экинчи жарымына пландасаңыз жаңылбайсыз. Бул апта үйдү оңдоп-түзөөгө жакшы шарт түзүп бермекчи. Хобби менен алектениңиз, бул жан дүйнөгө болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Өзүңүздөн улуу адамдар менен кайым айтышпаңыз, айрыкча ата-энеңиз менен. Жылдыздар кандай кырдаал жаралбасын сабырдуу, маданияттуу болууга кеңеш беришет. Жаңы таанышууларга, саякаттоого жана көңүл ачууга даярсыз. Сапарда кызыктуу адам менен таанышууңуз күтүлөт, бул таанышуунун арты сүйүүгө айланышы ыктымал. Чыгармачылык жана спорт менен алектенгендер үчүн ийгиликтүү апта.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаачылар айрым тааныштары менен кер-мур айтышып кетиши мүмкүн. Балким, сизди же сиздин жакындарыңызды кемсинткен сөз угуп ачууланасыз. Интригадан бийик болуп, чагымчылдыкка алдырбоого аракет кылсаңыз, бул жагымсыз кырдаал бат эле жоюлат. Жалгыздыкты самайсыз, мындайда сезимдерди укканыңыз туура. Конокко баруу же үйгө конок чакыруу сунушталбайт. Каржылык абалыңыз бир топ жакшырат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Апта башында каржылык чыгымга учурашыңыз мүмкүн. Балким, тиричилик техникасы сынып, аны оңдотууга же жаңысын сатып алууга акча жумшайсыз. Бара-бара планеталардын жагымдуу таасири сизге бардык кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берет. Алдыда жагымдуу көз ирмемдер көп, достор, жакындарыңыз менен баарлашууга каалооңуз күчөйт. Автоунаа же транспорттун башка түрүн сатып алууга ылайык учур.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жетекчиңиз сиздин демилгени четке кагышы мүмкүн, аягына чыкканы калган ишиңиз токтойт, айтор, каршылык сизди ар бир бурчта күтүп турат деп билиңиз. Жеке амбицияларды унутуп, реалдуу иштер менен алектениңиз. Турмуш-тиричилик маселелерин жөнгө салууну кийинкиге калтырыңыз. Жумуш издеп жүргөндөр ушул аптада кирешелүү жумуш таба алышат. Тигүү, сүрөт тартуу, тамак-аш жасоо менен алектенсеңиз болот.


БАЛЫК (20.02-20.03

Интернет аркылуу таанышууда абайлаңыз, жакшысы, виртуалдык таанышуудан качыңыз. Жеке жашооңузду жалпыга жарыялоо да сунушталбайт, анын сиздин беделиңизге зыяны тийип калышы мүмкүн. Спорт менен алектенгендер жеке рекордун жаңылашы күтүлөт. Фитнес клубга жазылып, ден соолукка кам көрүп баштоого ылайыктуу учур. Достук мамилелердин ролу жогорулайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан