(Башы өткөн сандарда)
Туруп-туруп эле атамды ошол кишилер тирүүлөй көөмп салган жокпу деп кадимкидей шекшип кетип жатам. Кудум ошончо киши мени алдап койгондой шекшип жатам. Элестет... Атамды көрбөгөнүмө эки жыл болсо, башында отурбасам, өз көзүм, өз колум менен узатпасам, сөөгүн көрбөсөм... Үйүлгөн топуракты эле көрсөм...
– Эртең менен ойгонсом Москваны кар басып калыптыр. Эми бул кар оңой менен эрип, оңой менен жаз келбесе керек. Мен кемпирдин эртең мененки тамагын даярдайын деп ашканага кирдим. Жумуртканы сууга салып коюп, өзүм карды карап отурам. Атам тааныбаган эле кишилердин үйү болсо да өзүмдү мында эркин сезем. Балким, Москвага келген күндөн тартып биринчи жолу ыр-чыры жок, жеңил жумушка туш болгонум үчүндүр. Же кызы менен апасы мага жакшы мамиле кылган үчүнбү, айтор, ушул үйдү жакшы көрөм. Мен ишемби-жекшемби күндөрү ушул үйдөмүн. Анткени кызы эки күнгө иш сапарына кетет. А башка күндөрү Асылкүл аттуу кыргыз эже келип иштейт. Кызы жокто кемпирге караан болуп, дарысын, тамак-ашын убакты-сааты менен берип, жанында болуу – менин милдетим. Кемпирдин бөлмөсүнө өтүп, түнү менен күйүп турган лампаны өчүрдүм. Жарыксыз уктай албайт, байкуш. Менин кыймылымдан ойгонуп кеткен Федор керилип-чоюлат. Бул алардын мышыгы. Сегиз жашта. Капкара, кейпи суук, чоң мышык. Жанына киши жолотпойт. «Тытып алам!» дегенсип ар дайым ырылдап турат. Кемпир «Достоевскийдин урматына Федор деп атагам» дейт. Ичимден «Достоевский укса капа болор бекен» дей берем. Кемпир али ойгоно элек. Түнкүсүн аз уктап, күндүз көп уктайт. Эки жолу инсульт болуп, экинчи жолку жыгылганда жамбашын сындырып алган экен. Ошону менен төшөктөн тура албайт. Мен бул үйгө күздөн баштап келе баштадым. Нарынкан аттуу тааныш эже «Кыргызстанга кетип жатам, кошумча ишим бар, ошону сага таштап кетейин» деген. Аманат жумуш. Билесиз го, айрымдар Кыргызстанга кетип жатканда кайра келип иштей ала тургандай болуп жумуштарын бирөөлөргө убактылуу тапшырып кетет. Ал тургай кээде сатып да кеткендер болот. Кадимки товар саткандай. «Жакшы иш, кожоюну жакшы, директору жакшы, жеңил» деп мактап, «мага мынча акча бересиң» деп соодалашып сатып кетет. Бул ишти сатып албасам да Нарынкан эже «мен келгенимде бербей коюп жүрбө? Кээ бирөөлөрдүн уяты жок, аяп жумушуңду берип койсоң, кайра бербей кууратышат» деп эскертип жатып берген. Ал эже Кыргызстандан келген күндөн тартып мен бул үйгө келбей калам. Аны кемпир да билет. «Сен эле иштей берсең жакшы болмок. Сен менин көңүлүм менен болосуң, сени жакшы көрөм. Бирок Надя менен Ася да жакшы аялдар. Болгону мени катуу кармашат» деп күлө берет. Асясы Асылкүл, Надясы Нарынкан. Москвага келгени эле баарыбыз өз атыбызды унуттук. Орустар өздөрүнүн тилине ыңгайлаштырып өзгөртүп алган. Насыйкаты Настя, Уулканы Уля, Орунбүсү Оля. Ошентип бул үйдө жалпы жонунан үч кыргыз иштейбиз. Мен келгенде кемпир сүйүнөт. Анткени «өзүм жейм» демиш болуп сумкама таттуу сала келем. Киселди жакшы көрөт, кисел ала келем. Андан сырткары жейм дегенин жейт. Ичем дегенин ичет. Эки күн диеатасы бузулуп, эки күн эркиндикке чыгат. Мен ага жамандык кылып жатканымды деле билем. Бирок кемпирди сүйүнткүм келет. Ансыз да керебетке таңылып, жылдар бою бир ордунан жылбаган аял эки күн эркелесе эмне болмок эле дейм. Чайына шекер кошуп коём. «Бир жумада эки күн шекер менен чай ичем» деп күлүп калат. Чачын жууп, өсүп кеткенде кыркып турам. Айтор, эки күн кемпирдин оюндагысын бүт жасап, аны бактылуу кылганга аракеттенем. Албетте, мунун баарын кызынан жашырабыз. Кээ бирде менден «китеп окуп берчи» деп суранат. Үйү толо китеп, өзүнүн көңүлүндөгү китепти окутат. Менин окуганыма, менин орусчама кайыл болуп окутат. Кээде мени түздөйт. Бир түздөйт. Эки түздөйт. Анан тажаганда «билгениңдей оку» дегенсип унчукпай угат. Бир күнү «булар мени бастыралы деп аракет кылбайт. Мени жөлөп-таяп бурчтан-бурчка чейин бастырып турушса, балким, басып кетмекмин» деп кейиди. «Сен кандай ойлойсуң, мен басып кетемби?» деп сурады. Мен «албетте» дедим, аны ишендирип. Бирок кантип басат? Эч ким аракет кылбаса, жардам бербесе кантип басып кетет деп ойлоп, аны бастырып көрөйүн деп чечтим. Бир эле кадам таштап, калчылдап кайра керебетке отуруп калды. Сүйөп-таяганга менин алым жетпеди. Кызы келгенде ага бул окуяны айтып, «менин алым жетпей койду, экөөбүз бастырып көрөлү» дедим. Кызы чочуду. «Сен эмне деп жатасың? Дагы жыгылып, бир жерин сындырып алсакчы? Мындан кийин бастырайын деп аракет кылба, сураныч. Доктур уруксат бергенде бастырабыз» деп койду. Ушул кемпирди карап отуруп «эки жылда сынган сөөк бүтпөйбү? Доктур качан уруксат берет?» деп эле ойлоно берем. Дагы бир күнү кемпирди бастыруу жөнүндөгү оюмду Асылкүл эжеге айтып көрдүм. «Эмне кыласың, керек болсо өздөрү бастырып алсын, бастырбаса сага эмне?» деп жактырбады. «Бул басып кетсе, сен экөөбүз ишсиз калабыз, ошого мээң жетпейби?» деп урушуп койду. Анын сөзүн угуп, биздин сөзүбүзгө түшүнбөй жаткан жеринде бизди тиктеп жылмайган кемпирден уялып кеттим. Боорум ооруп кетти. Басып кетсем дегенде эки көзү төрт. «Көп баспасам деле мейли, ашканага, туалетке барганга жарасам болду. Жок дегенде таяк менен китеп текчеме басып барсам, үй ичинде эле басканга жарасам кана?» деп кыялдангандан тажабайт. Ишсиз калам деп корккон мекендешимдин тилегинен кемпирдин басып кетсем деген тилеги чоң дагы да, таза дагы да. Басып кетсе экен, ылайым...
ххх
– Аскат мессенжерден узун кат жазды. Тим эле чубалжыйт. Мындай узун кат мага сизден эле келет. Анын катын көрүп кадимкидей чочуп кеттим. Катында кантип таанышканыбыз, мен иштеген мектеп, жадакалса менин окуучуларыма чейин айтылыптыр. Кантип мамилебиз жакын болуп кеткенин, башыбыздан өткөн күндөрдү эстептир. Мамилебиздин сүйүүгө жакын экенин, сүйүүгө окшош экенин кыйытыптыр. Анан каттын аягында мени аяптыр. «Чыйрак бол! Турмуш мажирөөлөрдү четке кагып таштайт. Мен чынында ошол окуяларды эстегим деле келбейт. Сен менин айымдан чет жерге кетип калдың, кечир, сага оор эле, бирок сен күчтүүсүң, баарын жеңесиң. Жумушуң жеңил элеби? Оор болсо, өзүңдү кыйнабай кайтып кел. Сен менин айымдан четте кыйналып жүрүшүңдү каалабайм, өзүмдү сенин алдыңда күнөөлүү сезем»,- деп жазыптыр. Анан аягында «ушул баракчадан кат жазып тур, бул барагымды эч ким билбейт» деп коёт. Жаңы баракча ачып, мага ошол барагынан тымызын кат жазып жатпайбы... Кызык эле адам... Мен эми белгисиз бир барактан бекинип алып, аны менен эмнени сүйлөшмөк элем? Сүйлөшүп көрбөдүм беле. Сүйлөгөнүмдү, жазган ар бир катымдын ар бир тамгасына чейин аялынан кайра укпадым беле. Мен эле укпай, элдин баары укпады беле... Жыйынтыгында мен Москвада отурам. Ал жашыруун барак ачып, жашынып мага кат жазып отурат. Дагы эмне керек? Ага эмне керек да, мага эмне керек? Анда жаш элем да, азыр эстесем жиним келет. Неге күнөөлүүдөй шылкыйып туруп бердим десеңиз? Өзүнүн деле, аялынын деле чачын жулуп салсам болмок да. Чачын жулуп, бетин тытып, сотко берип салсам болмок.
Катына жооп бердим. Кечирим сураганы үчүн жооп бердим. Менде баары жакшы экенин, кыйын күндөр артта калганын, эл катары иштеп, жашап жатканымды жаздым. Катты дароо ачып окуду. Анан салам-алиги жок эле:
– Сен мени унуткан жоксуңбу?- деп сурады.
– Аялыңызды унута элекмин,- деп жооп бердим...
(Уландысы кийинки санда)