Мода дүйнөсүндө
Элибизде “өнөрлүү өлбөйт” деген сөз бар. Төмөнкү макалада ошол өнөр сересине, тагыраак айтканда, мода дүйнөсүнө жаңыдан кадам таштаган жаш дизайнерлердин кездемеден эмес, турмуш-тиричилигибизде колдонулган буюмдардан, азык-түлүктөрдөн жасаган кийимдери тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Жаңы жыл алдында Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинде өзгөчө сынак болуп өттү. Аталган окуу жайдын ректору Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович: “Сынак Костюмдарды көркөм моделдештирүү кафедрасынын 15 жылдык мааракесине карата студенттердин чеберчилигин өнүктүрүү жана ЖОЖдор арасындагы мамилени жакшыртуу максатында биринчи жолу өтүп жатат. Катышуучулардын баарына ийгилик каалайм”,- деп сынакты ачып берди.
Жаш дизайнерлердин эмгегин калыстар тобунун мүчөлөрү – белгилүү дизайнерлер Мадина Тапаева, Галина Байкова, сүрөтчү Эркин Болжуров, стилист Замира Молдошевалар баалашып, сыйлыктарды, дипломдорду тапшырышты.
Кызыгы, сынакка кыздар арасынан чыккан жаш дизайнерлер катышыптыр. Буюрса, жигиттерибиздин арасынан да Жанни Версаче, Валентин Юдашкин, Доменико Дольче, Стефано Габбана сыяктуу белгилүү дизайнерлер чыгат деген ишеничтебиз. Ал эми ошол күнү көрүүчүлөргө ырахат тартуулаган жаш дизайнер кыздарга өнөрүңөр өркүндөп, Кыргызстандын мода тармагын дүйнө жүзүнө тааныткыла демекчибиз.
(Кыздардын өнөрүнө "Элдик видео" бөлүмүнөн күбө болосуздар).
Дамира Арстанова
koom@super.kg