АК КИЙИМДИ АК БОЙДОН САКТООНУН ЖОЛДОРУ

Ак кийим өзүнө кир чакыруучу касиети барбы деген ой сизге да келеби? Анткени ак кийим кийип чыктың дегиче сөзсүз тамак чачырайт, кир жерге сөйкөнүп аласың же дагы башка нерсеге кабылып, айтор, бат эле кирдетип саласың. Канткенде ак кийимдин “өмүрүн” узарта алабыз?

Тактарды кетирүү

1. Ак кийимге так түшөрү менен жууган жакшы. Муздак сууга жуусаңыз так бат кетет. Эгер дароо жууганга шарт жок болсо нымдандыруучу майлык (влажная салфетка) менен аарчый салыңыз. Курамында спирт болгондуктан, колду дезинфекция кылуучу каражатты колдонсоңуз да жакшы жардам берет.

2. Көзгө дароо көрүнбөгөн, бирок оңою менен кетпеген тактар бар. Мисалы, ак көйнөктүн жакасы менен жеңи бат кирдейт. Андан сырткары колтукка сыйпоочу гигиеналык каражаттар, бетке сүйкөлчү кремдер, кийимге себилген атыр жана башка. Бул каражаттардан түшкөн тактар бара-бара ак кийимден чыкпай, орду саргарып билине баштайт. Маселенин алдын алып, кир жуурдун алдында ак кийимдин жака, жең, колтуктарына так кетирүүчү атайын каражаттарды сүйкөп коюңуз. Гигиеналык каражат, атыр колдонгондон кийин алардын толугу менен кургашын күтүп, андан кийин гана кийиниңиз.

Туура жуу

1. Ак кийимди башка өңдөгү кийимдер менен аралаштырып жуубаш керек экенин баарыбыз билебиз, ошентсе да эске салып коёлу.

2. Канчалык көп кир жуучу айна кошсок, ошончо кир жакшы жуулат деген ката ой. Каражаттарды көп өлчөмдө жана ар кайсы түрүн аралаштырып кир жууганда ак кездеменин баштапкы өңү өзгөрүп, саргарып же бозоруп калат.

3. Эскертүү! Курамында хлор бар агартуучу каражатты ак кийимдерге колдонбоңуз. Хлор химиялык реакция жүргүзүп, кездеменин сапатын жоготот. Андан көрө кир жуучу айнага кадимки эле ашкана содасын же бура кошсоңуз ак кийим көркүнө чыга түшөт.

Туура сактоо

1. Ак кийимди бат-баттан жууп, андан кийин ачык асман алдында кургаткан жакшы. Жылыткычка же батареяга жайып кургатам десеңиз, кийимдин өңү саргара баштайт.

2. Ак кездеме абаны жакшы көрөт. Андыктан ак кийимди пластик идишке же полиэтилен баштыкка салсаңыз, саргарып кетет. Тескерисинче, аба өткөн кездемеден жасалган баштыкта жакшы сакталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан