С ВИТАМИНИ – СУЛУУЛУКТУН БУЛАГЫ

Айымдар териге кам көрүүдө түрдүү косметикалык каражаттарды колдонуп келишет. Эгер каражаттардын курамында С витамини бар болсо, анда сулуулугуңуздун көпкө сакталышына кепилдик алдым дей бериңиз. С витамини териге кандай таасир берери тууралуу аялзатына "шпаргалка" даярдадык.

С витамини эмнеге керек?

Бул пайдалуу заттын бүтүндөй организмдин эле эмес, теринин саламаттыгына кошкон салымы зор. Тилекке каршы, С витамини адамдын организминде синтезделбейт, андыктан аны сырттан алып пайдалануу керек. С витамини коллагендеги белокту иштеп чыгарат. Коллаген болсо өз кезегинде теринин серпилгич жана чымыр, тыгыз болушуна жооп берет.

С витамини териге кандай таасир берет?

– Теринин бат картаюусунун алдын алат

– Теринин өңүнө таасир берет

– Пигменттик тактарды агартат

– Майда бырыштардын алдын алат

– Теринин сезгенүүсүн азайтат (акне жана башка)

– Теринин серпилгич болуусуна жооп берет

Кандай типтеги терилерге колдонуу керек?

Негизинен С витаминин бардык типтеги терилерге (майлуу, кургак, аралаш) кам көрүүдө колдонсо болот. Бирок бет териси өтө сезимтал жана косметикалык каражаттын курамындагы айрым заттарга аллергиясы барлар болот. Андыктан териге кам көрүүчү каражатты колдонордон мурун колдун терисине аз өлчөмдө сүйкөп көрүңүз, кызаруу, кычыштыруу байкалбаса, анда пайдалана берсеңиз болот.

Кайсы учурда колдонуу керек?

С витаминин эртең менен жана кечинде жыл бою колдонсо болот. Болгону күндүзү spf кремин сүйкөнүп жүрүүнү унутпаңыз.

Сактоо жолдору

С витамини пайдалуу касиеттерин жоготуп койбошу үчүн аны туура сактоо керек:

– Караңгы жерде сактоо

– Ар дайым каражат салынган кутунун оозу бекем жабылышын көзөмөлдөө

– Өтө ысык же өтө муздак жерге койбош керек.

 С витамининин организмге тийгизген пайдасы

Сулуулуктан сырткары С витамини организмдин саламаттыгына ар тараптан колдоо көрсөтөт:

1. Тиштин, бүйлөнүн, сөөктөрдүн туура өсүүсүн шарттайт

2. Майда жаракаттардын тез айыгышына жардам берет

3. Иммунитетти бекемдеп, стресс, депрессия абалынын алдын алат

4. Мээнин калыптагыдай иштөөсүнө көмөкчү

5. Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат жана башка

Канча өлчөмдө?

С витамини кошулган косметикалык каражаттарды издөөдө витаминдин өлчөмүнө көңүл буруңуз. Өлчөм 0,5-20 пайызга чейин болушу мүмкүн. Алгач 5 пайызга чейинки өлчөмдө кошулган каражатты колдонуңуз, андан кийин өлчөмдүк пайызды жогорулатсаңыз болот. С витамини крем, сыворотка, маска, бустер жана башка косметикалык каражаттардын курамында кездешет. Крем, тониктерде витаминдин өлчөмү азыраак, ал эми сыворотка менен бустерде көбүрөөк болот.

С витамини көп азыктар

– Ит мурун

– Чычырканак

– Петрушка, паприка

– Кара карагат, алча

– Ак, кызыл кочан капуста, брокколи, кызыл болгар калемпири

– Апельсин, мандарин, лимон, грейпфрут, киви

–  Алча, кулпунай жана башка

Асыл Орозбекова

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1053, 10-16-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан