(Башы өткөн сандарда)
– Ка-ап, мени унутуп калган экенсиң да, мейли эми... Жакында мен Москвага барып калам,- деди. Тамашалап жаткан го дегем. Чын экен. Фейсбукта жарыя жүрөт. Карасаңыз? Аскат, ага кошулуп дагы 3-4 акын Москвага окурмандар менен жолугушууга келатыптыр. Не кыласыз, эже? Барасызбы?
– Сенчи? Барасыңбы?
– Мен барбайм...
– Мен барам. Акындарды сагындым...
– Кызык эле... Баары «мага Айтматов менен Бүбүсаранын сүйүүсүндөй улуу сүйүү керек» деп келет. Бирок өздөрү Айтматовдой сүйө албай туруп, сенден Бүбүсаранын сүйүүсүн талап кылат.
– Не болду? Үч мүнөт сүйлөшүп эле кайра сүйүүң козголдубу?
– Жо-ок, эки мүнөт эле сүйлөштүм.
– Сен аны сүйүп, ыр арнап отура берсең… Ал ошого маашырканып эле жүрө берсе. Биздикилердин «Чыңгыз менен Бүбүсаранын сүйүүсүндөй сүйүү» тууралуу түшүнүгү ушуну менен эле чектелет.
– Ага деле «баланча мени сүйгөн, ырлары мага арналган» деген ат эле керек да.
– Ии, байкуш...
– Азыр ушуну айтсам чачы түшүп калат. Жаман тилимди кычыштырат да.
– Сенин сүйүүңдү эми ал эмне кылат? Көчөгө алып чыгып мактанабы?
– Мактана да албайт. Өзүндө бирөөнүн сүйүүсүн айтып мактана турган эрк деле, эркиндик деле жок да.
– Байкуштар десе... Өздөрү эркиндигин өз каалоосу менен бирөөнүн колуна тапшырып берип, анан өздөрү жашыруун сүйүү издеп кирет... Ушуларга деле кыйын...
ххх
– Макмал күйөөгө тиет экен. Жигитине тийген жатат. Жөн тийбей боюнда болуп тийген жатат. Эми буга не дейин? Ой, биз азыр бирөөгө боюнда болуп анан күйөөгө тийе турган жаштабызбы? Ушул кантип болсун? Минтип күйөөгө тийген бизде уят, анан ушул биздин жашта боюнда болуп күйөөгө тийген эки эсе уят болуп сезилет экен. Жагымсыз сезимде калдым. Арасат, бар менен жоктун ортосундагы кишиден боюнда болуп калганы жагымсыз көрүндү. Кызыктай болдум. Макмалга го ишенем, канча балалуу болсо деле багып кетет, баарына түтөт, бирок тиги жигитине ишенбейм да, такыр ишенбейм. Ошого кызыктай болдум. Экөөбүз бул тууралуу көп жолу сүйлөшкөнбүз. Мен ага «жүрө бер, сүйө бер, жашай бер, бирок күйөөгө тийбей эле кой» деп көп жолу айткам. Балдарын ойлоп ошенткем. Сыйка, битиреген, жаман-жакшы экени көп адамга дароо байкалбаган, адамды бир көргөндө эле акыл айтып, кантип жашашты үйрөтүп кирген кишинин бирөөнүн, башка эркектин эки уулун кабыл алып, жакшы көрүп кетишинен шектенгем. Бир эле ал эмес, бизде кыргызда көп эле эркектер бирөөнүн баласын кабыл албайт, өздөй көрбөйт. Баары бир кодулайт. Ошонусунан коркком. Болбосо бирөөнүн жүргөнү, сүйгөнү, жатканы менен менин ишим жок. Жашоо өзүнүкү, жан өзүнүкү, жүрөк да өзүнүкү, билгенин кылсын. Бирок балалуу аялдар ушундай мамилелерден этият болсо деп ойлоно берем. Москвада жетимдер үйүндө калган балдарды, атасы таштап кеткен балдарды, чиедей балдары менен эри таштап кеткен аялдарды көрө берип ошентип ойлонуп калдым. Аялын, балдарын таштап кеткен эркектерди көрө берип, уга берип, мен азыр эркектерден жоопкерчилик деле күтпөйм, талап кылбайм. Аларга караганда көбүрөөк аялдардан жоопкерчилик күтүп, аялдардан жоопкерчилик талап кыла баштадым. Мындай маселедеаялдар этият болсо, аялдар эстүү болсо, аялдар алды-артын караса, ойлонсо дей берем. Башка эринен төрөгөн балдары менен эрге тийип, балдарын өгөй атанын колуна салып берген аялдарды, тепкилеп, кордоп, басынтып жатса деле эри менен жашай берген, ал аз келгенсип катар-катар төрөй берген аялдарды жаман көрөм. Боюнда болуп, бала үчүн күйөөгө тийген аялдар бар. Эркекти сүйөбү, сүйбөйбү – так билбейт, эркек аны сүйөр-сүйбөсү менен такыр иши жок, бирок «боюмда бар, демек, ушуга тийишим керек» деп тийип кете берет. Андай аялдарды да жаман көрөм. Макмалга жиним келгени да ошондон. Жигити аны сүйүп, барктап жиберчү адамга окшобойт, анын деле жигитин сүйгөнүнөн шегим бар. Ал мага жигитин жамандай баштаганына көп эле болду. Эри менен катар бирдей эле жамандап, ал тургай экөөнүн окшош жактары бар экенин айтып жүрөт. Анан жамандап жатып эле ошого тийүүдө. Анысы эр болгонду, эркек болгонду Макмалды башкарып, анын акчасын эсептегенден, кечке эшектей иштеп келген аялдан кечкисин таттуу тамак, жакшы сөз, сый талап кылгандан баштаган. Ал аз келгенсип кызганат. Макмал иштебей эле, ар ким менен жатып жүргөнсүп кызганат. Ал айтылган сааттан беш мүнөт кечиксе чалкасынан кетет. Эзилет. Териштирет. Жаңжал чыгарат. Макмалга ушул керек беле? Ачуум келди. Бирок куттуктагандан башка сөз айта албадым. Боюнда болбосо «тийбе, кереги жок» демекмин. Жигити тууралуу өзүнүн айтып берген сөздөрүн кайра өзүнө айтып бузмакмын. Боюндагысын ойлоп, унчуга албадым, тилимди тишиме басып үйгө кайтып келдим.
ххх
– Сен үчүн окуя болгон жерден атайын түз репортаж. Тагыраагы мактаныч. Биз Арбатта жүрөбүз. Кыргызстандан келген кишинин баарын Арбатка сүйрөп келем, билесиң го. Дагы ошенттим. Биринчи Кызыл аянтка алпардым, анан Арбатка... Булардын алдында тамеки тарта албай жүдөгөнүм эле болбосо, мага баары жакты. Өзүмдү жарым-жартылай болсо да акын сезип калдым. Азыр аларды Пушкиндин үй-музейине киргизип, сыртта күтүп турам. «Мен бул музейди көп жолу көргөм» деп кирбей койдум. Чындап эле көп жолу көргөм, бирок кенен-кесир тамеки тартып алыш үчүн эле кирбедим. Аларга өөн учурамак. Москваны айрымдары биринчи жолу көрүп жатат. Мени дагы... Москва экөөбүз тууралуу алардын алгачкы таасирлери татынакай болсун дедим. Сен деле келсең болмок. Бир Аскаттын айынан калган акындарды көрбөй калдың. Уялса Аскат уялыш керек эле, сен эмес...
– Эже, сонун сүрөт болуптур. Тигил артын карап турган киши ким?
– Ал сенин Аскатың.
– Кейпиң өчкүр, аркасынан кызыктай киши турбайбы.
– Тааныбадыңбы?
– Эми тааныдым.
– Сенин бирөөнү сүйгөнүң укмуш, сүйбөй калганың андан да укмуш.
– Эмне, мен сүйгөн кишилеримди аркасынан да таанышым керекпи?
– Мен ыргыта эле таанымакмын Тилекти.
– Эми дагы сүйөрдө адамды алдынан, артынан, капталынан карап туруп сүйөм. Сүйбөй калган күнү уялбай турган болуп.
– Сүйгөн эмессиң да, сүйгөн болсоң азыр сөз тийгизбей отурмаксың. Жадакалса тааныбай койдуң, кайдагы сүйүү?
– Бетин көрбөсөм кантип тааныйм? Бул мындай шапке кийбейт эле...
– Эй, бул мага «келатам» деп жазган. Анан мен буга «Москва суук, жылуу кийинип кел» дегем. Айтып жатсам деле баягы шляпасын кийип келиптир. Ушундай суукта таз киши Москвага шляпа кийип келеби?
– И-и, кокуй... Анан шапке алдыңарбы?
– Ооба, алдык. Мунун башы кыргызга керек баш. Суук алып кетсинби?
– Э, куурагырлар!
– Не болду?
– Чын жүрөктөн айттым ушуну. Жиним келип кетти. Баары бириксе бир жигит боло албайт.
– Туура эле айттың ушуну. Баарын бириктирсең, бир орто эркек чыкпайт. Өзү бизде мыкты эркектер барбы?
– Бар. Ибрагимов мыкты. Ибрагимовду эле сүйө берсеңиз, уялбайсыз.
– Ибрагимовго колум көтөрүлбөйт!
– Ой, кеп азыр кол, бут көтөрүш тууралуу эмес. Сүйүү тууралуу.
– Мага бир жигит жагып жүрөт. Өткөндө айттым го. Сен анын сүрөтүн көрдүңбү?
– Көрдүм. Бир нерсе айтайынбы? Ал жигит сиздин колу-бутуңузду жөн эле үзүп таштайт го.
– Жинди... Акындарга келбей койдуң. Эми эмне кылып жатасың?
– Эже, өмүрүмдүн жарымы метродо өтүп жүдөдүм. Жумушум Москванын бир бурчунда, үйүм бир бурчунда. Азыркы жумушумда жашап-иштөөгө шарт түзүлгөн. Ошон үчүн жумушка эле көчүп кетейин деп чечтим. Эми буюм-тайымдарымды жыйнаганга колум барбай кыйылып турам. Мен ушул үйдө эле жашагым келген болчу да...
– Мен Кыргызстанда жашагым келген болчу. Не кыл дейсиң эми?!
(Уландысы кийинки санда)