ПСИХОЛОГДОН КУЛАГЫҢЫЗГА КҮМҮШ СЫРГА

  • “Адамзат өзүнүн жашоосун өзү татаалдаштырганга уста” дешет психологдор. Жашоону канткенде жеңилдете алабыз? Бул жаатта адистердин кыскача кеңештерин топтодук, сиз болсо окуп, эсиңизге түйүп алыңыз. Балким, издегениңизди таап каласыз.
  • Дүйнөнү, билбеген нерсени таанып-билүүдө убакытты, акчаны аябаш керек.
  • Жактыбы – ачык айт.
  • Түшүнгөн жоксуңбу – уялбай сура.
  • Сени түшүнүүсүн кааласаң – түшүнүктүү сүйлө.
  • Сагындыңбы – жолугушууга чакыр.
  • Бир нерсе керекпи – сура.
  • Күнөө сенден кетсе – актанууга шылтоо издебей, дароо катаңды моюнуңа ал. Кечкисин тынч уктайсың.
  • Бүгүнкү күн менен жаша, кечээки күн өтүп кеткен, ал эми эртеңки күндү көрбөй калышың мүмкүн.
  • Акылы тайкы, мас жана өзүн сенден акылдуумун деп ойлогон адам менен талашып убара болбо.
  • Ар кимдин өз чындыгы бар. Ал чындык сеники менен дал келбей калышы ыктымал экенин эске түй.
  • Жашоодогу эң негизги максат – сүйүү болуш керек. Калганы жөн гана тиричилик.
  • Бир маселени ар бир адам ар башкача кабыл алат, бири үчүн чечилгис, экинчиси үчүн ойлонуп убара болчу маселе эмес сезилет.
  • Жашоо сен ойлогондой каардуу да, боорукер да эмес. Ага сен барсыңбы-жоксуңбу баары бир. Андыктан жашоону кандай багытта кабыл алуу өзүңдөн гана көз каранды.
  • Өзүндү бакыттын бардык түрүнө жеткендей алып жүр, бакыт – ишенгендики.
  • Сени курчаган ар бир окуядан ырахат алганды үйрөн.
  • Мындан башка жашоо берилбейт. Бир келген жашоону татыктуу жаша.
  • Бирөө сага жакшылык жасоого милдеттүү эмес. Сен да бирөөгө жакшылык жасоого милдеттүү эмессиң. Бирок жакшылык адамдын жан дүйнөсүн тазартарын унутпаш керек.
  • Жашоодо эң биринчи өзүңө ишен, таян, өнүк, оку. Ошондо гана өзүңдүн жомогуңду жарата аласың.
  • Ар бир күндү жашооңдүн акыркы күнүндөй элестетип, сүйүп-күйүп, ырахаттанып жаша.
  • Күнүнө 5 мүнөт жиндилик кылып койгонго болот. Болгону бул убакытты узартып албаш керек.
  • Бош жатпа. Убакыттын тартыштыгы көпчүлүк оорулардын жана дарылардын ордун алмаштырат.
  • Эгер башка бирөөнү өзгөрткүң келсе, өзгөрүүнү өзүңдөн башта – коопсуз жана пайдалуу болот.
  • Жылмаюуга эч кандай күч талап кылынбайт, бирок анын жакшы маанай чакырган сыйкыр күчү бар. Жылмайып жүр.
  • Адам өз катасын издеп, кемчилигин моюнга алган даражага жеткенде гана адамдык баалуулугу артат.
  • Эртеңки күндү жок деп элестет да, келечекте жасайм деген кайрымдуулук иштерин бүгүн жаса.
  • Сага ачык каршы чыккан душмандан коркпо, бетиңе күлө сүйлөп, артыңдан канжар урчу достон корк.
  • Бир нерсени үйрөнүүгө болгон күчтүү каалоо – ийгиликтин жарымы.
  • Бул дүйнөдө сүйүүгө ээ болуунун бир гана жолу бар: башкалардан сүйүү талап кылууну токтотуп, ыраазычылык күтпөй, өзүң сүйүү бере башта, анан сен күткөн сүйүү да келет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан