КЫРГЫЗСТАНДА ЖЫЛЫНА 10 МИҢ ЖОЛУ ЖЕР ТИТИРЕЙТ

Түркиядагы жер титирөө – адамдын табият алдында алсыз экенин дагы бир жолу көрсөттү. Кыргыз коомчулугун өлкөдө курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты кызыктырып жаткан учур. “Тагдырга жазганды көрөбүз” дебей, курулуштардын сапатын талап кылуу зарыл экени кайрадан мээбизге тык дей түштү окшойт. Кыргызстандагы сейсмикалык абал, илимий жоромолдор кандай? Улуттук сейсмология институтунун, инженердик-сейсмология лабораториясынын жетекчиси Мураталы Камчыбековдон
маалымат алдык.

Кыргызстанда да кыйратуучу жер титирөө болушу мүмкүнбү?

– Кыргызстан сейсмикалык кооптуу тилкеге кирет. Түркиядагыдай жер титирөө бизде деле болгон. 1911-жылы Кемин жер титирөөсү катталып, анын күчү Түпкө чейин жеткен. Азыркы Алматы, ошол кездеги Верный шаарындагы курмандыктарды кошкондо жалпы 300дөй адам каза тапкан. Байкаган кишиге Чолпон-Ата, Түп жактагы тоолор жылып кеткендей көрүнөт, бул кубулуш ошол жер титирөөдөн пайда болгон деген маалымат бар. Билебиз, жер титирөөнү жердин астындагы тектоникалык жаракалар кылат. Тектоникалык плиталар жылышып, бири-бирине тийишкенде жарака кетет. Жердин тектоникалык жаракалары көбүнчө тоолордо болот. Бизде тоо арасында жайгашкан айылдар бар, бирок азчылык. Көпчүлүгү өрөөндөрдө жашагандыктан жердин силкингенин сезбей калат. Кыргызстанда жылына 10 миң жолу жер титирейт, анын 200ү адамдарга сезилет.

Заманбап жабдыктар менен жер титирөөнүн алдын алууга болбойбу?

– Тилекке каршы, сейсмология илими жер титирөө кайсы күнү, кайсы убакытта, канча балл болорун так айта турган деңгээлге жете элек. Кыргызстанда сейсмикалык кооптуу жайларды аныктаган карта бар. Ошол карта аркылуу кайсы жерде жер титирөө болорун алдын ала билсе болот.

Химиялык, ядролук же башка жогорку технологиядагы куралдын жардамы менен жердин титирешине таасир этсе болот деген нерсе реалдуубу?

– Илимге таянсак, тектоникалык плиталар 12-15 чакырым тереңдикте жайгашкан. Мисалы, Орусиянын Архангельск шаарында атайын жогорку технологиядагы жабдыктар менен тереңдиги 12 чакырым скважина (жер астындагы кендерди текшерүү үчүн жасалган тешик) казышкан, бирок ал азыр иштебейт. Германиялыктар 7 чакырымга чейин казышкан. 12-15 чакырымга чейин казып жетүү өтө эле кыйын. Жеткенде деле ал аракет эффективдүү болот деген кепилдик жок. Ал эми атомдук, ядролук, химиялык курал боюнча түндүк кореялыктар, норвегиялыктар сынап жүрүшөт. Атайын иммитация кылып жер титиреткен учурлар болушу мүмкүн. Бирок ал кайсы курал менен ишке ашып жатат? Тектоникалык куралбы же башкабы, илимде ырастала элек. Окумуштуулар илимий аныкталган нерседен гана тыянак чыгарышат. Демек, эч кандай атомдук, химиялык курал тектоникалык плиталардын кыймылдашына таасир эте албайт. Жер титирөө болушу үчүн тектоникалык плиталардын чыңалуу абалы максималдуу көрсөткүчкө жетиш керек. Ал энергия эбегейсиз зор. Аны кыймылдатуу үчүн кандай күч керек, элестетүү кыйын. Жер титирөө болсо, демек, жердин жүрөгү согуп жатат. Аны табигый кубулуш катары кабылдаганыбыз туура. Албетте, курмандыктардын көп болгону кейиштүү болууда.

Магнитуда менен баллдын айырмасы эмнеде?

– Магнитуда – тектоникалык плиталардын энергиясы, күчү. Ал эми балл - жердин үстүндөгү кыймылдын өлчөмү. Дүйнөлүк тажрыйбада 10-12 баллдык жер титирөөлөрдү катастрофалык дешет. Түркиядагы жер титирөө ошол катастрофалык баллга кирет.

Сейсмология илиминде кандай жаңы ачылыштар бар?

– Көп өлкөлөрдө сейсмикалык кооптуу аймактардын картасы кайрадан түзүлүп жатат. Анткени аппарат, жабдыктар эски болчу. Заманбап аппараттар абдан сезгич, кооптуу аймактарды мурункудан 3 эсе көп деп жазып жатат. Жердин жаракаларын изилдөө да жаңы ыкмалар менен жүрүүдө. Кытай мамлекети Нарындын Арал деген айылына заманбап жабдыктар менен жабдылган сейсмологиялык борбор куруп бергени турат. Буюрса, бул борбор дүйнөлүк масштабда иштеп, окумуштуулар ар кандай ыкмаларды сынашат.

Өлкөбүз кайсы тектоникалык плитада жайгашкан?

– Кыргызстан Евразия плитасына карайт. Мисалы, Түркияда зилзала болгон аймак Арабия жана Анатолий плиталарынын кагылышынан келип чыкты. Плиталар бири-бирине тийишкенде жер жылына 1-6 сантиметрге жылат. Биздин өлкө жайгашкан Евразия плитасы түштүктү көздөй жылып жатат. Ушундай жылышуунун эсебинен биздин Тянь-Шань тоолорунун чокулары дайыма өсүп турат. Бирок эрозия деген бар, кар жаап, күн тийип, жамгыр жаап чокулары талкаланып турат.

Жаныбарлар жер титирөөнү алдын ала сезишет деген туурабы?

– Бул туура, кандайдыр бир табияттын күчү менен алар боло турган коркунучту алдын ала сезишет. Эгерде үй жаныбарыңыз болсо, алардын жүрүм-турумуна, тынчсызданып жатканына көңүл буруп койгонуңуз жакшы.

Сейсмологдон кеңеш

Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

Эң башкысы коркпош керек. Үйдөгү электр зымдарынан, терезеден алыс болуп, катуу титирөө сезилгенде бышык үстөлдүн астына кирип бекем отуруңуз.

Эшиктин алдында турбаңыз жана сыртка чуркабаңыз.

Эгер бышык үстөл таппасаңыз, полго жатып, колуңуз менен башыңызды жаап алыңыз.

Ашканада болсоңуз – тиричилик буюмдарын, газды, мешти өчүрүңүз.

Төшөктө уктап жатсаңыз, башыңыздын үстүнө жаздык коюп алыңыз.

Көп кабаттуу үйдө болсоңуз, терезеден алыс болуңуз. Лифттерди колдонбоңуз.

Сыртта болсоңуз...

Имараттардан жана электр линияларынан алыс кетиңиз. Урандылардын үстүңүзгө түшүшүнө жол бербеңиз.

Жер бир мүнөткө чейин титирейт, ошол убакта баспай отуруп туруңуз.

Тоодо таш кулаган жерлерден алыс болуш керек.

Эгер унаа айдап баратсаңыз ...

Көпүрөлөргө жана алардын астына, туннелдерге токтобоңуз.

Электр зымдарынын, бак-дарактардын жана жол белгилеринин астына турбаңыз.

Титирөө учурунда жолдор бузулуп кетиши мүмкүн. Андыктан унааңызды токтотуп унаанын ичинде болуңуз.

Жер титирөө тууралуу эл оозундагы кептерге жооп:

1. Жердин жаракасы ачылып, ортосуна адамдар, үйлөр түшүп кетет – бул туура эмес, жазуучулардын гана фантазиясы. Дүйнөлүк тажрыйбада бир да мындай учур катталган эмес.

2. Жер титирөөдө жаракат алуунун негизги коркунучу имараттардын кулашы – жок, чындыгында жаракат алгандар, эң көп жоготуулар асма чырак, бийик шкафтар жана күзгүлөр, дүкөндөрдүн терезелери жана көп кабаттуу үйлөрдүн терезелеринен сынган айнектердин кесепетинен болот.

3. Эң коопсуз жер – үйдүн эшиги - азыр көпчүлүк панелдүү жана каркас үйлөрдө жашайт, эшиктери өтө деле коопсуз эмес. Эң коопсуз жер үстөлдүн асты.

4. Катуу жер титиресе Бишкек чөгүп кетет, себеби астында көл бар – бул уламыш туура эмес. Табиятта жер астындагы көлдөр бар. Бирок бул үчүн өзгөчө геологиялык түзүлүш керек.

5. Ысык-Көлдө жер титирөө болсо цунами пайда болуп, жээкте жайгашкан калктуу конуштарды, атүгүл, Бишкекти суу капташы мүмкүн – бул да реалдуу эмес. Ысык-Көлдүн түбүнүн түзүлүшү тик дубалдары бар чоң терең табак. Мындай шартта цунами пайда болбойт. Кошумчалай кетсек, Ысык-Көлдүн астында эч качан жер титирөө катталган эмес.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан