Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭМИ КЕЧ, МЕНДЕН САЯСАТЧЫ ЧЫКПАЙТ”

Атактуу куудул Абдылда Иманкулов ушул жылдын 3-мартында 60 жашка чыкканы турат. Кудай кут кылсын! Быйыл анын сахнада жүргөнүнө 40 жылдын жүзү болуптур. Ушул тарыхый даталардын урматына куудул агабыз Кыргызстанды түрө кыдырып элге концерт тартуулаганы жатат. Аны менен ат жалында маектештик.

– Саламатсызбы, агай? Жакындап калган 60 жаш кут болсун! Дегеле, туулган күнгө маани бересизби?

– Саламатчылык. Негизи туулган күнгө көп деле маани бербейм. Атайын туулган күн деле белгилечү эмесмин. Балдар-кыздар чоңойгондон кийин эле куттуктап келишип, анан майрам боло баштады. Өзүмдүкүнө да, башканын туулган күнүнө да маани бербейм. Андай деле эсте каларлык, өзгөчө окуялар менен коштолгон туулган күнүм боло элек.

– Концерт берүүгө даярданып жатыптырсыз...

– Ооба, быйыл 60 жашка чыгып жатам, сахнада жүргөнүмө 40 жыл болот, Кудай буюрса. Бул концерт ошого карата берилет, Байдылда Сарногоев айтмакчы, ашуудан берген отчётум. “Сахнада 40 жыл” аттуу юбилейлик ретро концерт менен Кыргызстанды кыдырам. 17-февралдан 21-февралга чейин Ошто өтөт. Ош, Жалал-Абаддын райондорунун борборлоруна, шаарларына барабыз. Нарынга, Балыкчыга, Караколго да барам. Ошону менен 13-14-мартта жыйынтыктап Бишкекте концерт беребиз, буюрса. Элдин маанайын болушунча көтөрөлү деп кызуу даярданып жаткан учурубуз.

– Сахнада жүргөнүңүзгө 40 жыл болуптур. Өнөр жолунан эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Ага-ини, бир тууган таптым. Эң негизгиси – билбейм канча экенин, бирок элдин жүрөгүнөн түнөк таптым деп айтсам болот. Жоготконум болгон жок. Тапканым гана болду.

– Учурда өлкөдө сизди көп ойлондурган маселе кайсы?

– Азыр көрүп жатасыңар, кандай абал болуп жатат. Эң негизгиси, элде-жерде, мамлекетте тынчтык болсо экен деп ойлоном. Кошуналарда, бир тууган элдерде табият кырсыгы болуп кетти. Табият кырсыгынан алыс болсок, мамлекет уруш-согуштан тышкары болсо экен деп тилейм.

– Элге таанымал адамдардын бир катмары саясатта өзүн сынап көрүүнү каалайт экен? Сизде саясатка баш багуу каалоосу болду беле?

– Саясатка укмуш кызыгып, саясатчы болсом деген эмесмин. Бир кезде депутаттыкка талапкерлигимди койсомбу деген ой болгон. Бирок эми ал нерсеге кеч, эми менден саясатчы чыкпайт. Кыргызстанда көтөрө турган маселе көп, аны айтып бүтө албайсың.

– Адилеттүүлүк деген эмне, сиздин түшүнүгүңүздө?

– Турмуштабы, башкадабы, сөзсүз адилеттүүлүк болушу керек. Адилетсиз мамлекетте өнүгүү-өсүү деген болбойт. Өлкөгө байланышпаган өзүнчө турмушуң болбойт да, баары мамлекет менен тыгыз байланышта. Андыктан колдон келишинче үй-бүлөдө да, жумушта да, бардык жерде адилеттүү болушубуз зарыл.

– Эмнеге куудулдук өнөрдө аялдар аз, табиятынан эркектерде юмордук сезим, талант күчтүүбү, демек?

– Эми аялдардын табияты башка да. Өзгөчө, мусулман элинде, кыргыз элинде. Ошондуктан аялдардан көп куудулдар чыга бербейт болуш керек. Эң негизгиси – бул өнөр адамда тубаса, Кудайдан буюрган болушу керек.

– Жаш куудулдардын арасында сиздердин орунду ээлечү, купулга толчусу көп элеби?

– Чыгып эле жатышат, Кудайга шүгүр. Көптү үмүттөндүргөн балдар бар. Тигиниси кыйын, беркиси кыйын эмес дей албайм. Бардык нерсе адамдын жеке аракетинен көз каранды. Мен дайыма айтып келем, элге таанылып алыш бир паста, аны узак убакытка кармап туруш – бул азаптын азабы. Ал үчүн эмгек керек. Кылган ишибиздин баары элдин таразасында, эл мактап, эл баасын берсин.

– Жаш кезиңиздеги кыялдарыңыздын канчасына жеттиңиз, кайсы кыялыңыз аткарыла элек?

– Жаш кезде кыял көп болот адамда. Кайсынысына жетесиң, кайсынысына жетпейсиң, ар бир адамдын аракетинен көз каранды. Мен артисттиктен башканы кыялданган эмесмин. Ал кыялыма жеттим.

– "Конокту кийимине карап тосуп алып, акылына карап узатат" деген макалды чечмелеп берсеңиз...

– Мындай макалды биринчи жолу угуп жатам. Бул заманбап макал окшойт. Азыркылар кийимине карап тосуп алып, акылына жараша узатып жаткан болсо, анда билбейм. Кыргыз илгери кийимине, башкасына карабай конокту конок катары кабыл алып, конок катары узаткан. Бул заманбап модаңар го дейм.

– 23-февраль - мекенди коргоочулардын күнү деп майрамдалып жүрөт. Буга көз карашыңыз түз элеби?

– Мен да эл катары Советтик армияда кызмат өтөгөм, танктын айдоочу-механиги болгом. Бул майрам майрамдалышы керек. Мисалы, силердин 14-февраль – Сүйүү күнү, дагы ар кандай майрамдарыңар бар го, ушуларга караганда армиянын, аскерлердин күнүн белгилеш керек деп ойлойм. Бул мазмундуу майрам. Кайсы мамлекетте болбосун идеология катары мекенди коргоо чоң майрам болушу зарыл, бул мекенчил жаштарды тарбиялоого таасирин тийгизет.

– Үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Орчундуу деле жаңылык жок. Кудайга шүгүр, жашоо өз нугунда өтүп жатат. Бала-чака аман-эсен, үй-бүлө ынтымактуу.

– Жакшы. Ийгилик каалайбыз, элге күлкү тартуулап жүрө бериңиз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Гулнура
2023-02-26 22:05:00
Өмүрүңүз узуун болсун.
0
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан