БИР БҮРКҮМ. ОШ ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ БЕКИТИЛДИ...

  • Белгилүү дарыгер Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды.
  • Баткенде “контрабандалык жүк” деп 10 тоннага жакын жер семирткич кармалганы маалымдалды.
  • Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына аба каттамы ачылды, учактар жумасына бир жолу учат.
  • Айыл чарба министрлиги: Быйыл дыйкандарды үрөн менен камсыздоодо маселе жаралбайт.
  • Базар-Коргон районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип айылдык кеңештин депутаты кармалды.
  • Башкы прокуратура: Ош шаарында мамлекеттик мүлк ижарага мыйзамсыз берилип, казынага 2 миллион сомдой зыян келтирилген.
  • Балбак Түлөбаев, депутат: “Сабатсыз министрлер президентти уят кылып жатышат”.
  • 13-февралда Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары “үйлөрүбүздү мыйзамдаштырып бергиле” деп митингге чыгышты.
  • Ош шаарынын 2023-жылга бюджети 2 миллиард 509 миллион сом суммасында бекитилди.
  • Жарандык активист Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейин узартылды.
  • Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн жеке клиникалардын бирине жаткырылды.
  • 14-февраль – Cүйүшкөндөр күнүндө Кыргызстанда 55 түгөй баш кошкону маалымдалды.
  • 16-февралдан 19-февралга чейин тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору деп ӨКМ билдирүү таратты.
  • УКМК: Өлкөдө эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды.
  • Электр энергиясынын тарифи 1 сом болсо, азыркы 700 киловатт-сааттык лимит эки эсе көтөрүлөрү айтылды.
  • Акылбек Жапаров: “Быйыл курулушунун 50 пайызы бүтүп калган мектептерди куруп бүтүрөбүз”.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан