Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу тууралуу: “СОТ ЧЕЧТИБИ, ДЕМЕК, АГА БАШ ИЙИШИБИЗ КЕРЕК”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 14-февраль күнү абактан чыкты. Ушул эле күнү Кой-Таштагы үйүнөн журналисттердин суроолоруна жооп берип, камактан бошотулушуна президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин “жакшы мамилеси” себеп болгонун билдирди. Сооронбай Жээнбековдон өч алуу планы жок экенин да айтып, “ага боорум ооруйт, тарыхта ага окшоп калганча түрмөдө отурганым жакшы” деди.

14-февралда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге карата мурдагы сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жөнөттү. Аталган райондук сот Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарыланышына уруксат берди. 15-февралдын таңында Атамбаев дарыланууга Испанияга учуп кеткени айтылды. Жакындары “ал сөзсүз кайтып келет” деп жатышат.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин бошотулушу тууралуу “сот чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Мен душманымдын да түрмөдө жатышын каалабайм” деди маектеринин биринде.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Атамбаевдин абактан чыгышын анын Сооронбай Жээнбеков менен мамилесине такабаш керектигин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Атамбаев болгон күчүн жумшап, толгон-токой мыйзамдын баарын бузуу менен мураскерин өзү тандап, аны элге таңуулады. Бирок анын Жээнбеков номиналдык жетекчи болот деген үмүтү акталган жок. Бул жерде кеп достукта эмес, Конституцияда. Эч ким эч кимди сатып кеткен жок. Тескерисинче, Атамбаев мамлекеттин негизин бузууга, массалык толкундоолорду уюштуруу менен жаңы эле шайланган Жээнбековду ээрден оодарууга аракет жасады. Мындай учурда мыйзамдуу мамлекет башчы эмне кылышы керек эле?- деп суроо салат Байсалов.

Чиновник Атамбаевдин эң башкы кылмышы – мамлекетке жана мыйзамга баш ийбегени болду дейт.

Атамбаев тергөөгө келүүгө милдеттүү болчу. Бирок ал өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койду. Куралчан каршылык көрсөтүүнүн натыйжасында адам өмүрү кыйылды. Спецназдын жоокери Үсөн Ниязбеков каза таап, генерал Самат Курманкулов майып болуп калды. Бул тууралуу унутпашыбыз керек. Эч ким өзүн мамлекеттен жана мыйзамдан жогору коё албайт. Эгер биз тергөөгө чакырууларды тоготпой баштасак, эртең Сомалиден айырмабыз деле калбайт, өлкөнү талаа командирлери башкарып калат. Мыйзам деген мыйзам. Мамлекет ар бирибизди мыйзамга баш ийдирүүгө укуктуу эле эмес, милдеттүү дагы,- деди Байсалов.

Атамбаевдин түрмөдөн чыгып Кой-Таштагы үйүнө барганы коомчулукта “анын үйү мамлекеттин карамагына өтпөдү беле?” деген суроо жаратты. Адвокат Замир Жоошев анын үйү юридикалык жактан гана мамлекетке алынып, иш жүзүндө Атамбаевдин жакындары жашап келгенин, алар үйдү бошотуудан баш тартканын, кыскасы, мамлекетке үй толук өтүп бүтө электигин билдирип,Батукаев боюнча өкүм жокко чыгарылды, үй ээсине автоматтык түрдө кайтарылды” деди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан