КЫРГЫЗСТАНДА РАК ИЛДЕТИНЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө рак илдетинен жабыркаган балдардын саны өсүп жатат деп маалымат таратты. 2021-жылы Кыргызстанда 99 баладан рак илдети табылса, 2022-жылы 157 бала аталган дартка кабылганы аныкталган.

Ден соолукту чыңдоо боюнча улуттук борбор 15-февраль – Балдар арасындагы рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата билдирүү жасады. Аталган борбордун адистери оорунун бар экенин эрте аныктоо жана ыкчам жардам көрсөтүү рак менен ооруган балдардын жашоосун кыйла жеңилдетет деп эскертишет. Туура диагноз коюу – оорулуунун айыгышы үчүн чечүүчү мааниге ээ фактор. Анткени рактын түрүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт дешет алар. Хирургиялык ыкма, нур терапиясы же химиялык терапия колдонуу керекпи-жокпу, оорунун түрүнө жараша тандалат. Маалыматка таянсак, балдардагы рак илдети бир катар кооптуу белгилер менен коштолот. Мисалы, теринин кубарышы, сөөктөрдүн оорушу, кескин арыктап кетүү, узакка жөтөлүү жана дем алуунун кыйындашы, түнкүсүн тердөө, көрүүнүн начарлашы, көздүн тегерегиндеги теринин өзгөрүшү, чалырлыктын пайда болушу, шишиктин айынан курсактын чоңоюшу, баш оору жана башкалар. Балада ушул белгилер байкалар замат ооруканага кайрылуу керектигин эскертишет дарыгерлер.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан