ПАРЛАМЕНТ МИНИСТРЛЕРДИН ЖАЗГА ДАЯРДЫГЫН ТАЛКУУЛАДЫ

16-февралда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жазга даярдыгын талкуулады. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “негизинен жазга даярбыз” деп убада берип жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыздын айыл чарба азыктарын экспорттоого эл өзү тоскоолдук кылып жатат дейт.

– Балыктын икралары сырттан, контрабандалык жол менен ташылууда. Икралар оорулуу болуп, аларды дарылаш үчүн антибиотиктерди берип жатышат. Ушинте берсек кайдан товарыбыз сыртка чыгат? Арзаныраак деп кызыгып, тиешелүү стандарттарды сактабай жатканыбыз үчүн да Орусия чек арасын жаап жатат. Алар деле “нормаларды сактасаңар чек арадан тоскоолдуксуз өткөрөбүз” дешүүдө. Электрондук каттоого алалы десек ишкерлер каршы чыгып жатышат, өзүбүздөн да кетип жатат,- дейт Жапаров.

Айта кетсек, буга чейин Орусия тарап Кыргызстандын Ветеринардык кызматына кайрылып Орусияга жөнөтүлүп жаткан форель балыгына жана анык икраларына сертификат берүүнү токтотууну суранган.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков мындай эскертүү өлкөдөгү 9 балык чарбасына тийиштүү экенин билдирди.

– Балык чарбалары жыл сайын көбөйүүдө. 2021-жылы өлкөдө 194 балык чарбасы болсо, 2022-жылы 292ге жетти. Быйыл январь айында Орусия тараптан кат келген, алар 3 ферманын азыктарынан антибиотик тапканын билдиришти. Андан кийин да 6 чарба боюнча ушундай маселе жаралды,- деди министр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан