Эржан Осмонов, актёр: “КЫЗ ДЕГЕН АЯБАЙ ЖАРООКЕР БОЛОТ ЭКЕН, ЖҮРӨГҮМ ЭЛЖИРЕП КЕТЕТ”

Бул аптадагы башкы каарманыбыз – белгилүү театр жана кино актёру, заманбап көптөгөн фильмдердин жылдызы Эржан Осмонов. Маекте ал жашоосундагы эң ыйык аялзаттары тууралуу кеп кылып берди.

“Апамдын көк чыбыгы эсибизге келтирип койчу”

– Бул дүйнөдө аялзаты эң маанилүү ролду ойнойт, алар жашообуздун маңызы. Аял дүйнөнүн туткасы деп билем. Менин жашоомдогу эң башкы орунда турган аялзаты – мени жарык дүйнөгө алып келген байлыгым апам. Баарыбызды эрезеге жеткирип, мыкты тарбия берди, апамдын арты менен ушундай даражага жеттик. Апам “баланы көп эркелетпеш керек, кийинки жашоосуна залакасы тийип калышы мүмкүн” деп калат. Ошол себептенби, апабыз көп эркелеткен жок, жакшы көрчү, ошол эле учурда катуу кармачу. Эркек бала болгондон кийин тентек болосуң, тияк-биякка ээнбаштанып басып кетесиң дегендей. Атам бизди урган жок, апама “тетиги экөө кутуруп баратат” деп көрсөтүп койчу. Апам ошондо көк чыбыкты алып чыгып туруп эле эсибизге келтирип койчу. Буга таарынбайт деле болчубуз. “Атаныкы ок, апаныкы бок” дейт эмеспи. Ал күндөр эң сонун учур экен. Апабыз эртеден кечке жумушта болор эле, биз үйдө чоң апабыз менен калчубуз. Ал киши 4-классымда каза болуп калды. Нуржан деген байкем экөөбүз үйдө кыздардын, сыртта балдардын жумушун жасап, карындаштарыбызды да карачубуз. Апамдын тарбиясы да, бирөөбүз кир жуусак, экинчибиз чайкайбыз, бирөөбүз идиш жуусак, экинчибиз үйдү жыйначубуз.

Бир жолу тишим ооруп, апам тээ айылдын этегине тиш доктурга көтөрүп барды. Эмкананын ичине киргенде доктурду көрүп эле айланып качтым. Апам кармай албай артымдан кубалап келатат, мен жеткирбей качып келатам, жолдон башка кишилер да алдымдан тосуп кармаганга аракет кылышты, алардан да буйтап өтүп үйгө келдим. Анан үйдү айланып качып жүрөм. Акыры апам жетип кармап аябай сабаган. Элестет, тээ көчөнүн этегине чейин көтөрүп барса, кайра үйгө чейин качып келсем (күлүп). Баратканда “бутум да ооруп жатат” деп көтөртүп алган элем.

Апам учурда 56 жашта. Азыркыга чейин анын көзүнчө тентектик кыла албайбыз. Ич ара ызылдашып калганда, казан-аяк кагышканда кадимкидей эле уруп коёт. Апамдын бир туугандарында тартип өтө катуу, “ата-энебиз бекем кармачу” деп калат. Алардын арасында эң жоошу апам. Жоошу жанагынча (күлүп). Тамаша, апа.

“Карындашым экөөбүз кучакташып алып ыйладык”

– Эки карындашым бар, экөө тең бой жетишти. Алар турмушка чыкканда ыйлайм го. Чынын айтайын, материалдык жактан жардам бербесем да, моралдык жактан колдойм. Аларды аябай жакшы көрөм. Улуусу учурда Москвада. Өткөндө жумуштар менен Москвага барып бир ай жүрдүм. Келатканда карындашым экөөбүз кучакташып алып ыйладык (көзү жашылданып)... Бир туугандык сезим баары бир күчтүү болот экен. Алыста жүрсө сагынат экенсиң. Мен айылдан Бишкекке жаңы келген кезде алар кичинекей болчу, бир жылдай сагынып жүрдүм. Кичинесинде көтөрүп, эркелетип жүргөм да. Анан шаарга көнүп, алардын жанында көп боло албай калдым. Ошол боюнча көп деле эркелеткен жокмун.

Кыз киши аябай жароокер, күйүмдүү болот экен. Биз 2 кыз, 2 эркекпиз, байкем экөөбүздө өзүбүздүн үй-бүлө, бала-чакабыз бар, аларды карап жүрүп ата-энебизге чынында көп көңүл бура албай калат экенбиз. А карындаштарым тынымсыз көңүл буруп турушат. Кандай учур болсо да ата-энесине камкор, күндө видеобайланыш менен сүйлөшөт, белектерди берип турушат. Аларды карап туруп кыз кишинин аябай жароокер болоруна ынанам. Ушундай боорукер карындаштарым бар.

“Келинчегим тамактын түрүн жасайт, ошондуктан толукмун”

– Келинчегимдин аты Махабат. Театралдык окуу жайдан таанышканбыз, бир тайпада окудук. 1-курста сабакта чогуу отуруп, анан уруша берчүбүз. Кураторубуз Назым Мендебаиров эле, агай биздин урушканыбызды карап отуруп “карап тургула, экөөңөр баш кошосуңар” дечү. Мен “койчу, албайм муну” десем, ал “мен тийбейм буга” дечү. Ошентип 1-курсту бүтүп, каникулга тарадык. Уюлдук телефон мода болуп жаткан кез. Каникул учурунда тайпалаштарга чалып сүйлөшүп турчумун, Махабатка да чалчумун. Анан 2-курска келгенде эле көзүмө жакшы көрүнө баштады. Ошентип сүйлөшүп баштадык, 4 жыл сүйлөштүк. Училищеде, институтта да сырттан окуу бөлүмүндө тайпалаш болдук. Жумушта кесиптешпиз, үйгө барганда аялы-күйөөсүбүз, көчөгө чыкканда жигит-кызбыз.

Эрте баш коштук, мен 20 жашта, Махабат 18 жашта болчу. Мен ал убакта келечек жөнүндө ойлонгон деле эмесмин. “Үй алыш керек, кантип жашайбыз?” деген нерселерге баш ооруткан жокмун. Бир гана үйлөнүш керек деген максат койгом. Ата-энелерибиз “эрте үйлөнүп жатасың, бир жыл жашап анан урушуп-талашпайсыңарбы” дешти. “Мени үйлөнтүп эле койгула, калганын өзүм кылам” дедим. Ошол кезде келинчегимди бирөөлөр ала качып да кеткен, барып алып келгенбиз. Ошого да кабатыр болсом керек.

Келинчегим аябай боорукер, назик, ак көңүл, мээримдүү жан. Бүт жагынан мен үчүн төп келген келинчегим бар, Кудайга миң мерте шүгүр. Апама ак көңүлдүгү, кыймылдаганы окшош. Тамактын бардык түрүн жасайт. Ошон үчүн толукмун (күлүп). Колунан бардык иш келет, таланттуу, театрда да өз орду бар. Театрдагы көйгөйдү үйгө, үйдөгүнү жумушка алып барбайт, келинчегимдин ушул сапаты жагат. Мисалы, казан-аяк кагышат да эми, ошондой учурда үйдөн урушуп кетсек, жумушта күлүп-жайнап жүрө берет да, үйгө келгенде кайра бултуят (күлүп). Бирок ак көңүл, таарынычы бат эле жазылат.

“Кызымды эң алгач колума алганда ыйлагам”

– Кызым азыр 12ге чыкты, аны аябай жакшы көрөм, абдан жароокер, бирок "сени жакшы көрөм" деп өзүнө айтпайм. Билбейм, бардык эле аталар ушундай болуш керек, ичимден жакшы көрөм. Ал деле мени жакшы көрөрүн байкайм, ал деле айтпайт. Көп мактабай эле коёюнчу, көз тиет (күлүп).

Кызым уктап калсам үстүмө бир нерсе алып келип жаап, “ата, чай ичиңиз, ата, бут кийимиңизди тазалап койдум, ата, муну кийиңиз” деп турат. Андан кийин эки балам бар, аларга баары бир. “Аа, атам келди” деп коюшат, болду. Жатсаң үстүңдөн тебелеп өтүп кетет дегендей. Эркек баары бир эркек экен да. Кызымды карап жүрөгүм элжиреп, кубанам. “Карачы чоңоюп калды, ырас эле эрте үйлөнгөн экенмин” деп калам. Анткени жоро-жолдошторумдун кеч үйлөнүп, жаш аялмет болуп жатышканын көрөм да. Азыр биз апасы экөөбүз эки инисин кызыма таштап коюп гастролго, башка жактарга кете беребиз. Ал бүт баарын өзү кылат.

Ата статусуна ээ болгондогу сезимдер бир башкача. Кызымды төрөтканадан колума беришкенде “ушул менин кызымбы?” деп аябай толкунданганым эсимде. Жадакалса ыйлагам. Биринчи ата болуп жатсам, өзүм 21деги жапжаш бала болсом, колумда балам турса, ыйлайм да анан (күлүп). Кызымдын башка үйгө бүлө болуп кетерин ойлогум келбейт.

Мырзаларга айтам, биздин ата-бабаларыбыз энени, кыз кишини ыйык тутуп келген. Ар бир аялзатын сыйлап, урматтайлы. Энеңди кандай сыйласаң, башка аялзатын дагы ошондой сыйлашың керек. Анткени ал дагы башка бирөөнүн энеси, кызы.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан