(Башы өткөн сандарда)
– Мен сени менен эч качан ажырашпайм! Сен муну жакшы билесиң, өмүр бою ушинтип чак келбеген көйнөктөй жашасам да сени коё бербейм.
Аялы ага чечкиндүү карады. Илим эмне дээрин билбей туруп калды. Көп жылдан бери көңүл кош жашаган аялы эмнеге минтип калганын түшүнбөй турду. Эмне деш керек буга?
– Макул, кандай кааласаң ошондой жашай бер, болгону өчүп калган сезимдер ордуна келет деп үмүт кылба.
– Сен Айдай менен мындан ары жолукпайм деп сөз бер.
– Хе-хе, эмнеге мен антип сөз берет экем? Мен ал аялсыз жашай албайм. Муну сен эчен жылдан бери жакшы билесиң.
– Силер баары бир чогуу боло албайсыңар.
– Чогуу болгубуз деле келбейт, биз ушул абалыбызга шүгүр дейбиз. Сага караганда акылдуу ал, биздин балдарыбызды көбүрөөк ойлойт. Бирок жолукпайсың, тиги-бу дей албайсың. Муну айтканга акың жок, эмнеге экенин сен жакшы билесиң. Болду, мен жолдон келдим, чарчадым.
Кесе сүйлөгөн Илим өз бөлмөсүнө кирип кетти. Барчын отуруп ойлонуп калды. Ооба, жеңил ойлуу болгону менен, ал акылсыз аял эмес болчу. Күйөөсү менен Айдайдын башка бир мамилеге өткөнүн ички туюму менен сезип турду. Мурун анчалык коркунуч туудурбаган аял эми анын Илимин толугу менен багындырып алганын сезип жатты. “Жок, мен буга жол бере албайм. Илим меники! Менин балдарымдын атасы, сүйбөсө да ал мени менен гана жашашы керек” деп жатты өзүнө-өзү. Бир саамга ойлонуп турду да, шарт кийинип сыртка чыгып кетти.
Эшик коңгуроосу чырылдады. Мындай беймаалда эч ким келчү эмес эле. Көзөнөктөн карап Илимдин аялы турганын көрдү Айдай. Эмне кылса болот? Ачпай койсо да болот, бирок бул аял эмнеге келди экен? Аялдык кызыгуу жеңип кетти да, эшикти ачты.
– Саламатсызбы?
– Салам.
Аял үйгө кир дегенди күтпөй эле кирип келди. Бөлмөнү айландыра тиктеп алып, эмнегедир жактырбай мурдун чүйрүй берди. “Жөпжөнөкөй жашайт тура, тим эле примадонна, шоу-бизнестин акуласы тиги бу дешип... Мындан көрө менин үйүм жакшыраак”.
Айдай йога менен алек болуп, денесине чыпташкан спорттук кийим кийип турган эле. Кантсе да келбетине суктана тиктеп калды. Эч бир ашыкча нерсеси жок, Барби куурчактай көрүндү көзүнө. Кызганыч дүрт эте туштү.
– Сүйлөшүү керек,- деди ал Айдайга.
Бир аздан кийин эки аял бирин-бири тиктеп маңдай-тескей отурушту.
– Илим экөөңдүн мамилеңерди билбеген киши жок, анын ичинде мен да бармын. Ушуга чейин көзүмдү жумдум. Мындан аркысына жума албайм. Жарымды сени менен бөлүшүп келдим жылдар бою, үн катпадым. Бирок мындан ары унчукпай коё албайм. Барчу жердин баарына барам. Интервью берем. Элдин ичинде башыңды көтөрүп жүрө албагандай болосуң.
– Хм, бул тууралуу Илим менен сүйлөштүңүзбү? Эмне деди?
– Ал эркек, алды-аркасын ойлой албайт.
– Илим алдын артын эле эмес, эки капталын да ойлоно турган адам,- деди кесе сүйлөгөн Айдай. – Мени минтип коркутуу кеч болуп калды деп ойлойм. Бизди көрмөксөн болуп, өзүңүз кимдер менен гана көңүл ачпадыңыз. Бул да мага белгилүү.
– Мен эч нерсемди жоготпойм, сен эл көзүндөгү адамсың. Аброюңду ойлон.
Айдай ойлонуп калды.
– Ойлоном, албетте, бул менин эмгегим, бул даражага ойноп жүрүп эле жетип калган жокмун. Бирок андан мурун мен Илимди ойлоном. Ага биринчи кандай тиет, анын көңүлү ооруп калбайбы, ал бул нерседен жабыркап калбайбы деп тынчсызданам. Сиз менен айырмабыз ушунда. Мен өзүмдөн мурун Идимди ойлоном. А сиз?
– Балдарыбыз бар биздин...
– Билем, мени ансыз да ушу нерсе токтотуп келди. Бирок балдар чоңойду, ак-караны ажырата ала турган куракка жетишти.
– Акмак, сен менин күйөөмдү биротоло башын айландырып...
– Мен азыр эч нерсе кыла элекмин, бирок биздин, Илим экөөбүздүн тынчтыгыбызды буза баштасаңыз кылышым мүмкүн. Ошол үчүн ар кимге док арта бербей ушу абалыңызга шүгүр кылыңыз демекчимин.
– Болбосо?
– Болбосо Илимден такыр айрылып каласыз!
ххх
– Эмир, сен дагы кечиктиң?
– Кечириңиз...
Эмир аны карабай туруп кечирим сурады. Ою башка жакта сыяктуу, Айдай карап турду. Кээде ушундай жакшы даярданып жан дили менен аракет кылат, кээде ушинтип баарына кайдыгер болуп калат. Аздыр-көптүр мүнөзүн билип калгандай болду.
– Эмне сени тынчсыздандырып жатат?
– Эч нерсе.
Кайра сабакка алаксып кетишти. Айдай жаш шакирттерине ыраазы боло карады.
– Азаматсыңар, балдар! Ушундай даярдык менен тез эле сахнаны багындырасыңар.
– Сизге да рахмат.
Ыраазы болгон жүз менен балдар-кыздар тарап кетишти. Эмир эмнегедир ыкшоо турду ордунан.
– Эмир, баары жакшыбы?
– Жаман болсо жардам берет белеңиз?
– Балким, жардам береттирмин.
Жигиттин жүзүнөн ишенбегендей ишаратты көрдү. Бир нерсе деп айткыча эшиктен Илим кирип келди.
– Саламатсызбы?- деген Эмир сыртка чыгып кетти.
– Кандайсың, жаным,- деди Илим Айдайдын жүзүнө тынчсыздана тиктеп.
– Жакшы.
– Бир нерсе болдубу?
– Болду, аялың келип кетти беш күн мурун.
– Телефондон айткан жок элең го.
– Жүзмө-жүз сүйлөшөлү дедим.
– Барчындан башка да бир нерсе болдубу,- деди Илим. Эмирди аркасынан кейип карап калганын байкап.
– Бул бала тынчы жок. Сонун даярданып жатып эле кызыгуусу тарап кетет, же маанайы түшүп калат. Эмне болгонун билбейм.
– Сен апасы, атасы тууралуу бир нерсе билдиңби?
– Атасы бизнесмен экен, апасы оорукчан имиш. Апасын аябай жакшы көрөт.
– Сен мурунку оюңдан кайттыңбы? Балким, Эмир менин балам деген оюңдан?
– Ал тууралуу азыр сүйлөшкүм келген жок.
– Кыйнала бербей анализге жөнөтө салсаң болот, билесиң да аны?
– Илим, менин кичине болсо да үмүтүм бар, мен аны кыркып салгым келбейт. Азыр даяр эмесмин, анализге. Менде бул балага кызыктай бир тартылуу бар. Талантына шек жок, бирок колумдан эчен таланттуу балдар өттү. Алардын бирине да мындай тартылган эмесмин. Балким, аз боло да “менин балам аман эсен. Балким, ушу бала” деп ойлогон жагып жаткандыр мага... Аны кой, аялыңа эмне болгон?
– Сага кетип калат деп коркуп жатат.
Айдай каткырып койду.
– Ого бетер коркутуп койдум анда.
– Ажырашалы дедим мен, такыр жолотпой жатат. Бирок баары бир ошого барабыз.
– Жөн эле жашай берсең болбойт беле?
– Тынчтык жок, балдарды мага каршы үгүттөчү болду. Капкайдагы нерселерди айтыптыр. Кызым ыйлап, балам бултуюп мага таарынып жүрөт. "Башкасын билбейм, бирок балдарды курал кылба" дегем ага. Кызыл чийин бар го ар бирибизде. Мен үчүн кызыл чийин балдарым, ошондон ашпа дегем ага. Уккан жок. Күндө уруш-талаш. Кыскасы, сага дагы келиши мүмкүн. Сак бол, бирөөлөрдү жалдашы да ыктымал. Бандиттер менен кандай жакшы мамиледе экенин билесиң. Ошону айтып коёюн деп келдим сага.
– Илим, өзүң да сак бол.
– Мени эмне кылмак эле...
Айдай улутуна Илимдин көкүрөгүнө башын койду. Жөн эле ушундай жан дилиң менен ишенип, кучакташып турганга эмне жетсин. Илим Айдайдын чачын жыттады. Мунун баарын толук жабылбай калган эшиктин кычыгынан Эмир аңдып турганын экөө тең байкашпады...
(Уландысы кийинки санда)