СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Балбандар эл аралык мелдешке катышат

Күрөш боюнча кыргыз улуттук курама командасынын мүчөлөрү 21-25-февраль күндөрү Египеттин Александрия шаарында өтө турган күрөш түрлөрү боюнча “Ibrahim Moustafa” эл аралык мелдешине катышат. Ага төмөнкү балбандар жана машыктыруучулар барышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

Айсулуу Тыныбекова – 62 килограмм;

Мээрим Жуманазарова – 68 килограмм;

Айпери Медет кызы – 76 килограмм;

Байгазы Кенжебаев – улук машыктыруучу;

Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча:

Алмаз Сманбеков – 57 килограмм;

Бекзат Алмаз уулу – 57 килограмм;

Улукбек Жолдошбеков – 61 килограмм;

Тайырбек Жумашбек уулу – 61 килограмм;

Алибек Осмонов – 65 килограмм;

Эрназар Акматалиев – 70 килограмм;

Орозбек Токмамбетов – 70 килограмм;

Исламбек Орозбеков – 74 килограмм;

Нуртилек Карыпбаев – 86 килограмм;

Сүймөнкул Таабалды уулу – улук машыктыруучу;

Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Сүймөнкул Таабалды уулу – улук машыктыруучу;

Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу.

Грек-рим күрөшү боюнча:

Сардарбек Конушбаев – 55 килограмм;

Нурмухаммед Абдуллаев – 60 килограмм;

Сыймык Махмудов – 63 килограмм;

Раззак Бейшекеев – 67 килограмм;

Нуржигит Кеңешбек уулу – 72 килограмм;

Ырысбек Максатбек уулу – 77 килограмм;

Атабек Азисбеков – 87 килограмм;

Нурмамбет Раймалы уулу – 97 килограмм;

Роман Ким – 130 килограмм;

Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;

Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу.

Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга жайгашты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов 77 килограмм салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдирди.

Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан