Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “АДАХАН МАДУМАРОВДУН МҮНӨЗҮ ӨЗГӨРҮП КЕТТИ”

Исхак Масалиев – Жогорку Кеңештин 5 жолку чакырылышынын депутаты, рекордсмен десе да болот. “Атага тең уул боло элекмин, бирок атам экөөбүз парламентте чогуу депутат болуп калганыбызда ал киши ичинен сыймыктанып жүрдү. Себеби ата-баланын парламентке депутат болуп шайланышынын өзү эле тарых болчу” дейт Исхак мырза.

– Саламатсызбы, Исхак мырза? Көп кабаттуу үйдө турасызбы? Түркиядагы окуялардын фонунда бизде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты сизди деле ойлондурса керек?

– Саламатчылык. Түркиядагы окуялардан кийин мен да коркуп калдым. Балдарым көп кабаттуу үйдө жашашат. Совет мезгилинде Бишкектеги азыркы Абсамат Масалиев атындагы проспектинин өйдө жагында курулуш куруу мүмкүн эмес эле. Анткени андан өйдө тарапта тектоникалык жарака бар, Ысык-Ата жаракасы деп коюшат. Ошондуктан Асанбай кичи районун куруп, андан жогору чыгышкан эмес. Азыр эми ал жерге үйлөр курулуп жатат. Өткөндө бир чиновникке “эмне, ал жактагы тектоникалык жараканы жок кылдыңар беле?” десем, “жок, азыр технология өнүккөн заман, уруксат алып үй кура берсе болот” деп жооп берди. Арматура менен цементти канчалык көп, бекем койсоң деле кооптуу да.

Коррупциянын айынан үйлөрдүн сапаты төмөндөп кетти. Эгерде үй курган ишкер кайсы бир мамлекеттик кызматкерге чай пулун берсе, ошол чыгымын ишкер башка бирөөнүн эсебинен ордуна келтирем дейт. Совет мезгилинде курулуш нормативдик көрсөткүч деген болгон, үйдүн пайдубалы канча метр, цементтин калыңдыгы канча болуш керек, баары жазылып турчу.

– “Кумтөрдүн” тегерегиндеги жагдай боюнча пикириңиз кандай? Тенгиз Бөлтүрүк “калдык сактоочу жай толгону калды, 2025-жылы “Кумтөр” жабылышы мүмкүн” деди. Бийлик органдары аны коррупцияга шектеп жатышат...

– Бул жерде жаш баланын оюнун кылып жатышат. Бөлтүрүк “ишкана токтоп калышы мүмкүн” десе, булар “жок, сен уурусуң” деп чыгышты. Анын айткандары негиздүү болсо карашсын, текшеришсин. Ал жерде жөнөкөй калдык эмес, цианид сакталат. Ал каймак сыяктуу болуп катып калат да, зыяндуулугу абдан күчтүү. Ал эми Бөлтүрүктүн кылмышка шектелиши башка маселе, аны тергөө иликтесин. Бул киши “Кумтөргө” жетекчи болуп дайындаларда парламентте “ой, бул болбойт, кош жарандыгы бар экен” десек, бир жигит болбой “жок, өзүм жооп берем” деп айтпады беле? Сот чечмейинче, аны мынча жеп коюптур деп айта албайбыз.

– Убагында Мамлекеттик салык инспекциясын жетектеп турган киши катары айтсаңыз, азыркы салык саясаты эмнеге элде нааразычылыктарды жаратууда?

– Чынында, өкмөткө туура баа бериш керек, аракети жакшы. Салык төлөбөй жүргөндөрдү төлөтүп, кирешеге жараша салык төлөтүү аракети туура эле. Бир жолу өкмөт жетекчиси “Масалиев салык кызматында турганда
60 миллиард эле чогулткан, биз 150 миллиард чогулттук”
деп жатат. Азаматтар! Бирок менин тушумда доллардын курсу 30-35 сом болчу, азыр 87 сом. Ошондо 60 миллиард сомду долларга айлантканда 2 миллиард долларга жакын болот, булардын мактанган 150 миллиард сому 2 миллиард долларга жетпей жатпайбы? Ошондо салыкты ким көп чогулткан болот? Электрондук эсеп, ККМ аппараттарын ишке киргизүү да жакшы демилге, бирок мамлекет ошону катуу көзөмөл кылып тура алса жана жарандарыбыздын курсагы ток болсо гана. Өлкө биринчи жарандарынын курсагын тойгузуп, анан салык талап кылышы керек.

– "Кемпир-Абад" боюнча камалган саясатчы, жарандык активисттердин таламын талашып жатасыз. Аларды бошотуу талаптарынан майнап чыкчудайбы?

– Кыргыздын “керегем, сага айтам, келиним, сен ук” деген жакшы сөзү бар. Бийлик ошол 25 кишини камасак, башка 250 киши коркуп калат деп жатат. Бизге каршы чыккандардын баарынын колу-бутун сындырабыз, оозун жабабыз деген аракет. Мен ошол "Кемпир-Абадды" коргоо комитетинин жыйынына катышкам, ага катышкандарды камоого эч бир негиз же шылтоо жок. 3 айдан бери сурак же бетме-бет жолуктуруу болбоптур, жөн эле кармап отурушат. Бул жигиттер (ред.: бийлик жетекчилери) өздөрү абакта отурганда аябай жакшы демократтар эле, төргө отургандан кийин таптакыр башкача сүйлөп калышты. Бийликтин табияты ушундай окшойт, көп адам сыноодон өтө албайт, сыягы. Чыныгы демократиялык жетекчи деп мен атам Абсамат Масалиевди айта алам. Ошол кезде атама каршы Топчубек Тургуналиев митинг кылып, ооздорун чаптап, чатыр тигип отурушканда атам аларга күндө жумушка келгендей кирип “ай, балдар, жүргүлө үшүйсүңөр, залга кирип сүйлөшөлүчү” десе болбой көгөрүп отурушчу. Ошондо бир киши камалып же атылдыбы? Жок, мына жетекчи деген ушундай болот. "Кемпир-Абад" боюнча кармалгандарды сотко жеткирбей чыгарыш керек. Алар моралдык жактан сынган жок, тескерисинче, күч чогултуп жатышат.

– Саясатчы катары кандай принциптериңиз бар? Аларды бузган учурлар болгонбу?

– Принциптеримди эч качан бузган эмесмин. Илгери бирөө туура эмес иш кылса, айылдын аксакалдары чогулуп “ай балам, сен туура эмес кылдың” деп айтышчу. Азыр айрымдар ошол аксакал деген атка татыктуу болбой жатышат. Аксакалдык институтту сактай албай жатабыз. Былтыр курултайда гана бир-эки аксакал жакшы кеңештерин, сындарын айтышты. Калган учурда төрдө эле отурушат. Медаль же орден берип койсо “улуу урматтуу” деп жагалданып калышат. Кыргызда адамдын отурган жерине эмес, кылган ишине карап улуу урматтуу дейт.

– Адахан Мадумаров тууралуу сурагым келип турат. Анын парламентте чиновниктерди кекетип, кээде баласынтып сүйлөгөнү сизге деле байкалабы?

– Ооба, кээде эмоцияга алдырып жиберет. Буга чейин эки парламенттик шайлоодо уткан жеринен жеңишти оозунан тартып алышкан. Албетте, адамдын мүнөзү өзгөрөт. Кээде ачууга алдырат, 10 жылда мүнөзү бир топ өзгөрүп кетти. Сын-пикирди, балким, жумшагыраак айтса башкача угулмак, бирок ал жымсалдабай тарс-тарс айтканды жактырат. Ошондуктан “силер сабатсызсыңар” дегенде эле 2-3 жигит чалкасынан кетет. Адаханда билим, тажрыйба бар. Ансыз парламенттин кызыгы кетет.

– Саясаттагы жолуңуздун узак болушуна атаңыздын кызматтык абалынын таасири, салымы канчалык болду?

– Айрымдар убагында “албетте, атаң жетекчи болсо, депутат болосуң да” дешкен. Бирок атамдын көзү өткөнүнө быйыл 18 жыл болду, андан бери канча шайлоо өттү, депутат болуп шайланып жатам. Демек, мени шайлаган белгилүү бир электорат бар. Кайсы саясатчынын баласы 5 жолу депутат болуп шайланды эле? Атага тең уул боло элекмин, бирок атам экөөбүз парламентке чогуу депутат болуп шайланганыбызда ичинен сыймыктанып жүрдү. Себеби ата-баланын парламентке депутат болуп шайланышынын өзү эле тарых болчу. Менин балдарым саясатка кызыкпайт, ушуга сүйүнөм. Атамдын ысымын пайдаланып жумуш бүтүргөн эмесмин, бирок бир жолу кызык окуя болгон. Анда депутат эмес болчумун. Ошко тез арада учушум керек болуп калып, атамдын депутаттык иш бөлмөсүнөн аэропортко чалдым. “Саламатсыңарбы, мен Исхак Масалиев, Исхак Ошко учушу керек эле, жардам бере аласыңарбы?” дедим. Алар дароо “болду, келе берсин, байке” дешти. Мен чуркап барып билет сатып алып Ошко учуп кеткем. Мен алдаган жокмун, алар Масалиев дегенди эле угуп, мени атам экен деп ойлоп алышты. Атама үнүм да абдан окшош.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1054, 17-23-февраль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан